Ширин тиги тушту кара деп ымдады. Бурулсам эле аны менен тиктеше калаарым шексиз... Курсагы челектей болгон тиги киши кекиртегин кыра кыйкырып, алкынып-булкунуп микрофонду көпкө ээледи. Тажаганыбыздан шатырата кол чапсак да, кырмызы галстукчан бул “коногубуз”, узундан-узун ырын окуп… бүтүрүп жиберди. Кудай жалгап, биздин ырчы жигитибизге да кезек келди.
— Баарыңыздарды бийге чакырам! – деди Улар.
Орто толуп, четтегилер суюла түштүк. Кырк жылдыгын белгилеген бүтүрүүчүлөр, тим эле бири калбай бийге чыгышпадыбы.
— Ээ, булардын тытынгандарын көр...
— Айтпа, зарналары кайнайт го.
— Силер бийлебейсиңерби?
Чолпонай эжекем топ-топ болуп ар-ар жерде турган мугалимдерге кошулбай биз менен.
— Эжеке, мындай топтун ичинде тикеге секирип эле бийлебесең, жан жакка кыймылдап болбойт.
Бакыттын сөзүнө эжекебиз бырс эте күлүп алды. Көрдүм... ал бийлеп жатыптыр. Классташы Жанаргүл менен экен. Бирөө байкап калбаса деп, дароо көзүмдү тарттым.
— Жанаргүлдүн кубанычы чексиз го! Тиги ага сүйүүсүн билдирген турбайбы…
Канзада экөөбүздүн каректерибиз тиреше түштү.
— Калп! Калп! – деп шаштырган ички үнүмдү уу ичкендей жутуп жибердим…
— Койчу, ай! Койчу, Канзада!..
Шириндин тепкедей мурду түрүлө түштү.
Канзаданын калган кеби үзүл-кесил кулагымда чуулдап, денем коргошундай куюлуп баратты…
Үйгө капалуу кайттым. Эмнегедир, анын биринчи каты эсиме келди. Ак барактагы төрт сап ырдын ар бир тамгасы кирпигимде илинүү. Ээн жер болсо, бакырып-бакырып ыйламакмын... Анан да, “Сабактарыңды жакшы окугун, Чынара” деген Чолпонай эжекемдин үч жыл алдың айтканы кулагыма жаңыра түштү. Кат алганым үчүн кепке калып, күнөөлүү болбодум беле, ошондо. “Сабактан кийин мага жолук” деген эжекемдин маңдайында, эмне дейм деп калтырап турганымчы... Канча турдум билбейм, бирок, ошол учур бүтүн ааламдын бар салмагы менин мойнумда турганы чын болчу. Жүрөгүмдүн чымырканган жалгыз жообун айта аламбы дегем... Эжекем ак кагазына эмненидир чиймелеп жаза берген... жаза берген... Апама катпы дейм. Анан, анан... мени эми эстегендей, карегин каткан кирпиктерин көтөрбөй: — Сабактарыңды жакшы окугун, Чынара... Бар, бар бара бер, – деп койбоду беле. Кулактары тикчийе күтүп турган досторума кеселдей сүйрөлүп чыкканмын. Анткени, аңгыраган кенен каанада көздөрүндө мөлт-мөлт жаш кылгырып эжекем жалгыз калбадыбы... Эжекем эмнени жазды эле?.. Ак барактан башка да эжекемдин дардын угаар бирөө барбы? – деп жибергем. А азырчы?! Азыр мен да сиз сыяктуу мелт-калт болуп толуп турам!.. Эми эмне кеңеш бересиз, эжеке?! Айтыңызчы, туура жоопту сиз гана билесиз! Бул жашоодо... ыйлатпаган сүйүү болобу, деги?!
— Чика, дарбазаңдагылар кимдер?..
Анаранын божурап сүйлөп келатканын эми байкап, ойумдан ойгоно түштүм.
— Кошуналар болсо керек…
— Ичегилерим жабышып калды, батыраак үйгө жетпесем болбойт.
Анара кете берди. Тигилерге карайм: — Кимдер?.. Эмнеге биздин үйдүн тушунда турушат? Ве-велосипеддери барбы?.. Ой!.. Ой!.. Мүмкүн башкадыр? Ай-иий! Эмнеге келди десең? Тү-тү, эмне деп эле жатам!..
Жок шамалды жиреп, тигилердин жанына жетип келдим. Бетим от. Тегиз жерден мүдүрүлүп, жол боюна чыгара салынган Адыл акенин короосуна да жабышып кала жаздадым. Түздөлдү-үм…
— Майрамың менен,Чынара.
Досу колун сунду. Байкатпастан суу болгон алаканымды капталыма сиңире сүртүп үлгүрдүм…
— Келгиле…
— Ысып-күйүп кетипсиң го...
— Ооба… ооба…
Азыр, азыр эле… жалбырттап кетпедимби… дейм ичимен. Ал, жаркырап турду. Жеңи кыска апакай көйнөгүнүн төш чөнтөгүнө сары гүл тагып алыптыр. Менин сары гүлүм го!.. Гүл жарашкан көйнөк. Гүл жарашкан жигит… туурасы!.. Күттүрүп жатат… ал дале мени куттүрүп турат… Жылмайганы саламдашканга өтчү беле?!
— Майрамың менен, Чынара!..
Өх-х!..
Андан бери көп жыл өттү. Бирок, ошол күндү дале бүгүнкүдөй эстей берем. Кара-Дөбөнун жайнаган гүлдөрүнөн, бат соолучу сары гүлдү неге тандадың экен…
#Матисаков_мектеби
____________________
👉
"Кыргыз поэзиясы"🙏
Каналга колдоо көрсөтүү🎀
Ардак такта