ЖАШООНУН ЖЕТИ КЕРЕМЕТИ
Бир күнү мектепте «Жашоонун жети керемети» деген темадагы сабак өтүлөт. Тапшырмада ар бир окуучу өз алдыларынча жашоонун жети кереметин жазыш керек болот, ар ким өз көз карашында гана. Мугалим окуучулардын жазгандарын топтоп жүрүп, бир кыз жазып бүтө элек экенин көрүп, андан "жардам берейинби сага?" - деп сурайт.
Кыз: "Ооба, жардам бериңизчи. Мен кайсыларды тандасам туура болорун билбей жатам. Жашоодо кереметтер аябай көп экен", - дейт.
"Кана, кайсыларды тандадың, жазганыңды окучу, анан биз сага жардам берели. Кыз бир аз кыңылдап өз алдынча бир нерселерди окумуш болду да:
«Мен үчүн жашоонун кереметтери...» деп жазгандарын окуп берди. Мугалим аябай таң берип, мээрим толгон көздөрү менен карап турду. Баракта жазылган кереметтердин баштапкы жетөө төмөндөгүлөр эле:
1. Көрүү,
2. Угуу,
3. Кыймылдоо,
4. Дене,
5. Жүрөк,
6. Күлүү,
7. Сүйүү кереметтери.
~ "Жашоонун өзөгүн өзгөрткөн 100 окуя" китебинен