ОКУРМАНЫММ📖📚


Channel's geo and language: Kyrgyzstan, Kyrgyz
Category: Religion


Ассаламу алейкум аманбызбы, окурманым.
Сиздер:Диний, мотивациялык, руханий, китептерди.
Аудио жана пдф форматын табасыз.

Related channels  |  Similar channels

Channel's geo and language
Kyrgyzstan, Kyrgyz
Category
Religion
Statistics
Posts filter


«ОУ»

Оу дейт элек "Ата" деген кызыбызга,
Оу дейт элек "Апа" деген уулубузга.
Обу жоктор айынан сөздөр дагы,
Өөн учурай баштады коомубузда.

Оу дейт элек агабыз, инибизге.
Оу дейт элек карындаш, эжебизге.
Оу дедирип сөгүп-сакмай тренд болду,
Ою бузук, сөзү бузук жиндилерге.

Оу дегениң уксаң достор, инилердин,
Оу дегениң уксаң байке, эжелердин.
"Оу деген оозуңа оомат оосун
Оюңуз орундалсын оомин" дегин!

©Солто акын.


Video is unavailable for watching
Show in Telegram


Video is unavailable for watching
Show in Telegram


Жакшы үй-бүлө курамын десең — эки шарты бар,
Ылайык жар табуу жана ылайык жар болуу.


Эхх,улуу аалым Имам Шаафийдин ушул сөзүн уккандан кийин,Китеп окубай телефонду маанисиз колдонгон күндөрүмө өкүнүп кеттим.Азыр да кеч эмес.Күнүнө китепти жана Куранды ачып окуп жүрүүнү адатка айландыралы жакшыларым.😢


«бір сағат білімнің дәмін татпаған кісі өмір бойы надандықтың қорлығына тап болады.»

©️ имам Шафиғи (рахимахулла)


Жаман адамдан айырмаланып душманыңа дуба кыл,
акылсыздан айырмаланып жамандыкка жакшылык менен жооп бер.
Сени капа кылган акмак адамды кечирип сал!
Сен душманыңа кылган жазааң кечирим болсун


Адам бул жашоодо — бактын көлөкөсүндө өргүп өткөн жолоочу сыяктуу.Бул өмүр кыска эле.Бат эле өтүп кетет.


Сулуулук бир көз ирмем үчүн гана, ал эми акылга бардыгы арбалат!

Акылыңды толтура бер!🦋


Ичиңдеги сезимдерди катуу үн менен жеткире албайсың.
Бирок кээде катуу үн менен айтсаң да түшүнбөгөндөр кездешет...


Өзөндүн көркү тал болот,
Өрүштүн көркү мал болот.
Аялдын көркү эр болот,
Аргымак көркү жал болот.

Үйдүн көркү кыз болот,
Аштын көркү туз болот.
Тирүүнүн көркү сый болот,
Өлүүнүн көркү ый болот.

——Арстанбек Буйлаш уулу.


Video is unavailable for watching
Show in Telegram
Ин шаа Аллах 😍🤲🏻




Отбасынын Кыргызчасы—Үй-бүлө.


Аллах деп сокпосо жүрөк- жүрөк эмес.
Ихласы жок кылынган амал- амал эмес!
Бул жашоого түбөлүккө түркүк болуп эч ким калган эмес.
"Рахат" деп жалганга алданып калгандар көп!


Мен мурда айтчу элем: "Бир күнү баары өзгөрөт, жашоом оңолот"- деп .
Бирок бир күнү : "баардык нерсенин өзгөрүшүнүн бир гана жолу бар экенин түшүндүм – мен өзүм өзгөрүшүм керек экенин.

- Джим Рон


Сүрөт сүйлөсүн...... 🥺💔🥺🥺🥺




Адамдын жүрүм-турумун билгиң келсе, анын өзүнөн жогоруларга эмес, ылдыйдагыларга жасаган мамилесине кара.



20 last posts shown.