Sputnik Кыргызстан — негизги жаңылыктар


Channel's geo and language: Kyrgyzstan, Russian


Ыкчам жана актуалдуу жаңылыктар.
https://www.sputnik.kg
Комментарий калтыруу эрежелери: https://clck.ru/SsTod

Related channels  |  Similar channels

Channel's geo and language
Kyrgyzstan, Russian
Statistics
Posts filter


Окуучулар таштанды челектен таап алган ымыркай кыз чарчап калганын Саламаттык сактоо министрлиги билдирди

Окуя 29-январда болгон. Наристе Шаардык балдар клиникалык тез жардам ооруканасына оор абалда алып келинген.

@Sputnik_Kyrgyzstan_KG


Россияны Освенцимдин бошотулушуна байланыштуу иш-чараларга чакырбай коюу — акылга сыйгыс нерсе. Бул тууралуу Владимир Путин "Москва. Кремль. Путин" программасынын автору Павел Зарубинге "Россия 1" телеканалында маек берип жатып айтты.

Анда Путин Зеленскийдин иш-чарага катышканын сындаган.

"Холокосттогу жүз миңдеген еврейлердин, орустардын жана ошол эле поляктардын кырылышына күнөөлүү Бандераны улуттук баатыр кылып тандап алган адамдарды чакыруу... бул, албетте, абдан таң калычтуу, бирок бул бүгүнкү күндүн чындыгы", — деген РФ президенти.

Холокостто курман болгондорду эскерүүнүн эл аралык күнү 27-январда белгиленип келет. 1945-жылы бул күнү Кызыл армия 14 млн адам каза болгон Освенцим лагерин бошоткон. Кийин анын ордуна музей түзүлгөн.

2025-жылы музей Россия элчилигинин өкүлдөрүн лагердин советтик аскерлер тарабынан бошотулушунун 80 жылдыгына арналган иш-чарага чакырган эмес. Москва бул чечимди Экинчи дүйнөлүк согуштун тарыхын бурмалоо боюнча антироссиялык кампаниянын бир бөлүгү деп атады.

@Sputnik_Kyrgyzstan_KG


Кыргызстанда криптобиржанын уставдык капиталынын көлөмүн 10 млрд сомго көтөрүү каралууда

Учурдагы норма менен алганда 100 млн сом жетиштүү. Экономика министрлиги аны жүз эсе көбөйтүү зарылдыгын төмөнкүчө түшүндүрдү:

◾Криптобиржалардын туруктуу иштешине, кардар алдындагы милдеттерин учурунда аткарууга шарт түзүлөт

◾Киберчабуул жана техникалык үзгүлтүктөрдөн улам келтирилген зыяндын ордун жабууга резерв түзүлөт

◾Колдонуучулар жана инвесторлор тарабынан криптобиржага ишеним жогорулайт

Өткөн жылдын аягында өлкөдө биринчи криптобиржа катталган. Ага уставдык капитал катары 100 млн сомду негиздөөчүсү Финансы министрлиги салган.

@Sputnik_Kyrgyzstan_KG


Владимир Зеленский АКШ президенти Дональд Трампка жолуккандан кийин Россия менен сүйлөшүүлөрдү баштоо ниетин билдирди

"Трамп менен сүйлөшкөндөн кийин россиялыктар менен талкуунун кайсы бир форматына өтүү керек. Мен АКШ, Украина жана россиялыктар болуп сүйлөшүүгө отуруубузду каалайт элем", — деген Зеленский AP агенттигине берген маегинде.

Киев режиминин башчысы Киев Ак үй менен байланышта экенин, бирок сүйлөшүүлөр жалпы мүнөздө өтүп жатканын билдирип, конкреттүү макулдашууларды иштеп чыгуу үчүн жакын арада жолугушуулар өтөрүнө ишеним арткан.

@Sputnik_Kyrgyzstan_KG


Трамп Канада, Мексика жана Кытайга бажы салыгын киргизди

Жарлыкка ылайык, Мексика менен Канаданын импорттук товарларына 25%, Кытайдын товарларына 10%дык бажы салыгы киргизилген.

Аткезчиликке айыпталган өлкөлөр жооп кайтарышты. Биринчилерден болуп Канада АКШдан импорттолгон товарларга 25%дык бажы салыгын киргизгенин жар салды. Ал эми Кытай Трамптын жарлыгына нааразычылыгын билдирип, Пекин Дүйнөлүк соода уюмуна даттанарын, тиешелүү жооп кайтарарын айтты. Мексиканын президенти Клаудия Шейнбаум өз кезегинде "тарифтик жана тарифтик эмес" чараларды колдонорун белгиледи.

Трамп буга чейин Канада АКШдагы ири баңгизат аткезчилиги үчүн жооптуу экенин, наркозат ошондой эле Мексика аркылуу да келип жатканын, аны Кытай өндүрөрүн айткан.

@Sputnik_Kyrgyzstan_KG


Милиция кызматкерлерине акча таштап коюп, пара алдың деп коркуткан чет элдик кишилер кармалды

Окуя кечээ Военно-Антоновка айылында болгон. Чүй облустук ЖКККББнын эки кызматкери кызмат учурунда Mercedes-Benz унаасын токтотуп текшере келгенде айдоочунун күбөлүгү жок чыккан. Унаада чет элдик эки киши болгону айтылат.

“Транспортту эвакуациялап жатканда чет элдик эки киши милициянын сержантынын чөнтөгүнө 6 миң сом сала коюп, видеого тартып алышкан. Андан кийин видеону соцтармакка жарыялайм деп 2500 доллар талап кыла башташкан”, — деп билдирди Чүй облустук милиция.

Жыйынтыгында милиционерлерди коркуткан 41 жана 35 жаштагы кишилер убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

@Sputnik_Kyrgyzstan_KG


Video is unavailable for watching
Show in Telegram
Бишкектик окуучулар Ынтымак ордо районунда унаа жарыштырышкан

Мурдараак Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Болот Ибрагимов соцтармакка өспүрүмдөр чогулуп алып, “Ынтымак” паркынын жанында унаа жарыштырууга камынып жатышканын чагылдырган видео жүктөгөн. Ибрагимов бул боюнча Кайгуул кызматынын нөөмөт бөлүмүнө кабарлап, бирок эч кандай аракеттер көрүлбөгөнүн билдирген.

Шаардык Кайгуул кызматы бул автоээнбаштык боюнча 15-16 жаштагы мектеп окуучулуры ата-энелери менен чогуу милиция бөлүмүнө жеткирилгенин кабарлады. Ошондой эле автоунаалар айып короого токтотулуп, 70 миң сом айым салынганын кошумчалашты.

@Sputnik_Kyrgyzstan_KG


Садыр Жапаров Кытайга мамлекеттик сапар менен барат

Президенттик администрация өлкө башчынын сапары 4-февралдан 7-февралга чейин уланарын билдирди. Буга чейин "Синьхуа" маалымат агенттиги Жапаров аталган өлкөгө КЭР төрагасы Си Цзиньпиндин чакыруусу менен барарын жазган.

Алдыдагы сапардын чоо-жайы азырынча айтыла элек.

@Sputnik_Kyrgyzstan_KG


Ички иштер органдарынын жетекчилеринин сүрөттөрүн колдонуп, соцтармакка фейк маалымат менен жарнама тараткан киши кармалды

Жарнамада ИИМдин кибер бөлүмү брокерлерден жабыр тарткандарга бир нече күндүн ичинде акчасын кайтарып берүүгө жардам берери айтылган.

Кечээ бул кылмышка шектелген эки өлкөнүн жараны болуп эсептелген 40 жаштагы киши колго түшкөн. Анын үйүнөн роутерлер, банк карталары, 90дон ашык сим-карта, сим-бокс табылганы айтылды.

@Sputnik_Kyrgyzstan_KG


Кыргызстанда мал экспорттоого убактылуу тыюу салынды

Айыл чарба министрлигине караштуу Ветеринардык кызмат тыюу 31-январдан баштап киргизилгенин билдирди.

Ага ылайык, азырынча чет өлкөлөргө ири мүйүздүү мал, майда мал жана жылкы экспорттоого болбойт. Веткызмат тыюу алынганда маалымат берилерин кошумчалады.

Мекеме буга байланыштуу суроолор болсо 0312 66 04 06 номерине кайрылууну эскертти.

@Sputnik_Kyrgyzstan_KG


Video is unavailable for watching
Show in Telegram
Сокулукта газ баллондорду салып бара жаткан жүк ташуучу унаа өрттөндү

ӨКМ өрт жакын турган кафеге да өтүп, анын 230 чарчы метри күйгөнүн маалымдады.

Таңкы саат 04:37де өрттү өчүрүүгө эки топ тартылып, өрт чектөөгө алынды.

Кырсыктан жабыркагандар жок. Министрлик азырынча өрттүн себебин айта элек.

UPD: Өрт саат 9:37де толугу менен өчүрүлдү.

Видео: Shtraf.kg
@Sputnik_Kyrgyzstan_KG


Ошто Эсеп палатасынын башкы инспектору 5 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалды

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин маалыматына караганда, 6-декабрдан бери Эсеп палатасынын инспекторлору калаа мэриясынын бөлүмдөрүн текшерип келген.

Текшерүүчү топтун жетекчиси Т.А. муниципалдык түзүмдөрдүн бириндеги текшерүүнү негизсиз создуктурган. Ал оң чечим чыгаруу үчүн акча талап кылганы айтылды.

Кармалган адам УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

@Sputnik_Kyrgyzstan_KG


Азык-түлүктүн бааларын көзөмөлдөө боюнча атайын штабдар түзүлөт

Алардын курамына мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү кирет.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев өлкөдө азык-түлүк кору жетиштүү экенин, ошондуктан себепсиз бааларды көтөргөндөргө катуу чара көрүлөрүн эскертти.

@Sputnik_Kyrgyzstan_KG


Кыргызстандын картошкасын тонналап алган Өзбекстан импорттон баш тартууну ниет кылууда

Бейшемби күнү Шавкат Мирзиёев катышкан жыйында картошканын жогорку түшүмдүү сортторун өстүрүүгө өтүү талкууланган.

“2027-жылдан тарта картошкага болгон муктаждык ички ресурстардын эсебинен жабылат”, — деп билдирген Өзбекстандын маалымат кызматы.

Өткөн жылдын 11 айында Кыргызстандан 68,2 миң тонна картошка экспорттолсо, анын 57,8 миңин Өзбекстан сатып алган.


@Sputnik_Kyrgyzstan_KG


Караколдогу тирөөчү кулаган асма жолдун иши токтотулду

Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүк билдиргендей, ал оңдолуп, коопсуз деп эсептелгенде гана иштетилет.

Учурда лыжа базадагы үч асма жолдун экөө мурдагыдай эле иштеп жатат.

@Sputnik_Kyrgyzstan_KG


Караколдогу лыжа базада асма жолдун тирөөчү кулап түштү

Видеонун автору белгилегендей, бактыга жараша, тирөөч асма жол менен бара жаткан эки жаш бала өткөндөн кийин кулаган.

Лыжа базанын администрациясы, бардык кардарлар асма жолдон түшүрүлгөнүн жана жабыркагандар жок экенин маалымдады.

Милиция окуянын чоо-жайын тактап жатканын билдирди.

@Sputnik_Kyrgyzstan_KG


Трамп Брюссель Вашингтонго "начар мамиле" кылгандыктан, Евробиримдиктин товарларына бажы төлөмүн киргизе турганын айтып коркутту.

Буга чейин АКШ президенти соода дефицити жүздөгөн миллиард долларга жеткенин айтып, европалыктардан Американын энергетикалык ресурстарын ири көлөмдө сатып алууну талап кылган.

@Sputnik_Kyrgyzstan_KG


Түркиядан автобустардын акыркы партиясы келди

Бишкек мэриясы билдиргендей, жалпы 85 Isuzu үлгүсүндөгү 12 метрлик, газ менен жүрүүчү автобус алып келинди. Алар 85 жүргүнчүгө эсептелип, боюнда барларга жана улгайгандарга орундар, пандустар бар.

Ошондой эле автобустар кондиционер, видеокөзөмөл жана телефон кубаттагычтар менен жабдылган.

@Sputnik_Kyrgyzstan_KG


Чүйдө жер мафиясынын мүчөлөрү майыптарды коркутуп, жерлерди фиктивдүү каттаткан

УКМК билдиргендей, Садовое айылында жер тилкелерин сатуу боюнча коррупциялык схема уюштургандар муктаждардын кезегин жылдырып, жер комиссиясынын отурумдарынын протоколдорун өзгөртүп, тиешелүү адистердин мөөрлөрүн жасалмалашкан.

Кылмышка шектелип Садовое айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы, Миң-Булак айылдык кеңешинин төрагасы жана прокуратуранын мурдагы кызматкери кармалып, камакка алынды.

@Sputnik_Kyrgyzstan_KG


АКШда дагы бир учак кырсыгы катталды. Филадельфияда медициналык учак кулады.

Самолет аба майдандан көтөрүлгөндөн кийин эле кырсыктаган. Ичинде алты адам (оорулуу бала да бар) болгон. Бир нече үй өрттөнүп, газ түтүгү жабыркап, өрттүн күчөшүн шарттаган.

Кырсыктын себеби азырынча белгисиз. Жүргүнчүлөр менен жашоочулардын абалы тууралуу да айтыла элек.

@Sputnik_Kyrgyzstan_KG

20 last posts shown.