⌕
КАДЫР ТҮНДҮ КАНДАЙ ТОСОБУЗ? 𓍯 Абу Хурайра, радыяллаху анху, риваят кылган хадисте Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты: «Кимде-ким ыйман келтирип жана сооп үмүт кылып Кадыр түндү тоссо, анда анын өткөн күнөөлөрү кечирилет».
〔Бухари, Муслим〕
Түндү ибадаттын бардык түрлөрү менен тосуу керек. Себеби ушул түнү бир жылдык тагдыр чечилет.
– Намаз окуу, анын ичинен таравихке катышуу ..
– Зикир чалуу ..
– Алладан кечирим суроо, тобо кылуу ..
– Куран окуу
– Көп-көп дуба кылып тилек айтуу.
➣ КАДЫР ТҮНДӨ ОКУЛУУЧУ НАФИЛ НАМАЗ.
❀ Кадыр кечеси төрт рекет намаз окулат.Биринчи рекеттинде фатиха сүрөөсүнөн кийин үч жолу Кадыр сүрөөсү экинчи рекетте фатиха сүрөөсүнөн кийин үч жолу ихлас сүрөсү окулат.Үчүнчү жана төртүнчү рекеттер ушул сыяктуу болот.Намаздан кийин бир жолу төмөнкү Такбир, Ташрик окулат.
Окулушу:⇘
"Аллоху Акбар, Аллоху Акбар Лаа иллааха иллаллоху валлоху акбар. Аллоху акбар ва лиллаахи хамд"
Мааниси: ⇘
"Аллах улуу, Аллах улуу Андан башка ибадат кылууга татыктуу Зат жок .Аллах улуу, Аллах улуу, мактоо Ага гана таандык "деп окулат.
𖤣 Андан кийин 100 жолу Кадыр сүрөөсү окулат.↺
Окуулушу: ⇘
"Бисимиллаахир Рахмаанир Рахиим "
"Инна анзалнааху фии лайлатил кадыр .Ва ма адроока ма лайлатул кодр .Лайлатул кодри хайрум мин алфи шахир.Таназзалул малааикату вар рууху фийха би изни роббихим мин кулли амир.Салаамун хия катта матлаъил фажир"
Жана жүз жолу Инширох сүрөөсү окулат:
Окулушу:⇘
"Бисимиллаахир Рахмаанир Рахиим"
"Алам нашрох лака содрок.Ва ва зоънаа ъанка визрок. Аллазии ъанкозо зохрок, Ва рофаънаа лака зикрок.Фа инна ма ъал усри юсроо.Инна маъал усри юсро .Фа изаа фарагта фансоб.Ва илла роббика фаргоб"
⚘ КАДЫР ТҮНДӨ ОКУЛУУЧУ ДУБА
عَنْ عَبْدِ اللَّهِ بْنِ بُرَيْدَةَ، عَنْ عَائِشَةَ، أَنَّهَا قَالَتْ: يَا رَسُولَ اللَّهِ، أَرَأَيْتَ إِنْ وَافَقْتُ لَيْلَةَ الْقَدْرِ مَا أَدْعُو؟ قَالَ: " تَقُولِينَ: اللَّهُمَّ إِنَّكَ عَفُوٌّ تُحِبُّ الْعَفْوَ فَاعْفُ عَنِّي
『••✎••』
" Айша энебиз айтат, мен:
"Оо, Алланын элчиси! Эгерде мен Кадыр түнгө туш келип калсам, эмне деп дуба кылайын? - деп сурадым.
✦ Пайгамбарыбыз (соллаллоху алайхи вассалам): "Аллохумма иннака ъафуввун, тухиббул ъафва, фаъфу ъаннии" - "Оо, жараткан Алла! Сен кечирим ээсисин, кечиргенди жакшы көрөсүн, менин күнөөлөрүмдү кечиргин" - деп дуба кыл деди.
ᨏИбну Аббас (радиаллаху анху) риваят кылган хадисте Пайгамбарыбыз (салаллаху алейхи ва саллям) айтты :Кимде ким Рамазандагы Кадыр түндө төрт реккет намаз окуса фатиха сүрөөсүн бир жолу, Такаасур сүрөөсүн 1 жолу, ихлас сүрөөсүн үч жолу Аллах анын өлүмүн жанын жеңил кылат жана ыйманы менен алат, кабыр азабынан кутултат.Аллах Таала ага берет 4 түркүк нурдан болгон, ар бир түркүктө 1000 ден касыр сарайлары бар.
𓋜" Берекелуу орозо айы" китебинен
https://t.me/Akyretke_daiardyk