Мени чакыр, кучагыңа чакырчы.
Эңсиреген жүрөгүнө батырчы.
Батпаса да, жүрөгүнө мүнөзүм,
Сени сүйгөн жүрөгүмдү жашырчы.
Мейли чакыр азабына чакырчы.
Мөлтүрөгөн көздөрүнө батырчы.
Карегиндин карагатты болоюн,
Сен да мени, мендей болуп сагынчы.
Мени үндө арзууларга үндөчү.
Жалыннына күйгүз өрттөчү.
Кызганамын билсен сени башкача,
Суранамын башка менен жүрбөчү