https://islamqa.info/ar/131662 ما هي الصدقة الجارية؟ وما الذي يصل الميت من أعمال الحي؟ - الإسلام سؤال وجواب
❤️ САДАКА ЖАРИЯ ДЕГЕН ЭМНЕ? ТИРҮҮЛӨРДҮН КАЙСЫ АМАЛЫ ӨЛҮКТӨРГӨ ЖЕТЕТ?
❔ СУРОО: 131662
Китепчелерди же Кураандын бир бөлүкчөсүн камтыган китептерди өлгөндөрдүн атынан берүү Шариатта дуруспу? Өлгөн адамга сообу жетеби? Эгер мүмкүн болсо, ошол китепчелерге өлгөн адамдын атын жазып коюу болобу? Эң жакшы садака жария кайсы (мисал менен)?
💡 ЖООП:
Аллахка алкыш-мактоолор болсун!
1⃣Биринчиден:
Садака жария - көп убакытка кала берүүчү, мисалы, мечит куруу же кудук казуу сыяктуу садака. Ал эми көпкө калбай турган садака, мисалы, кедей-кембагалдарга акчалай же тамак-аш менен жардам берүү - бул нерсеге сооп алганы менен, садака жария боло албайт, анткени ал көп убакыт калбайт.
2⃣ Экинчиден:
Аалымдар "Кээ бир амалдардын сообун өлгөндөргө багыштаса аларга жетеби?" деген маселеде эки кайчы пикир айтышкан.
🔘Биринчи сөз:
Бардык солих амалдарды өлгөндөргө багыштаса болот. Мисалы: Кураан окуу, орозо, намаз ж.б.ибадаттар.
🔘Экинчи сөз:
Шариатта жетүүсүнө далил келген амалдардан башка, өлүктөргө эч кайсы амал жетпейт. Ушул сөз салмактуу. Өлүктөргө сообу жете турган амалдардан: Ажылык, умра, назр же кафаарат себептүү парз орозолору, карызын төлөө, дуба кылуу, мал-мүлк менен садака кылуу сыяктуу. Бул жөнүндө ушул суроодон (9014) кенен маалымат алсаңар болот.
3⃣Үчүнчүдөн:
Китепчелерди же Кураандын бир бөлүкчөсү жазылган китептерди таратуунун сообу өлгөн адамга жетет. Анткени ал акча менен болгон садака.
Бирок ал китепчеге өлгөн адамдын атын жазууга эч кандай муктаждык жок. Бул нерсеге түрткү болгон нерсе - эл көрсүн же эл уксун, адамдар "Баланчанын балдары" деп эскерип жүрүүсү үчүн болуп калуусу мүмкүн.
4⃣Төртүнчүдөн:
Эң жакшы садака жария: Пайгамбар ﷺ ачык айткан, инсанга сообу өлгөндөн кийин да кете берүүчү садака. Башка бардык садакалар же пайдасы андан да көп болгон садакалар ушуга салыштырылат.
Анастан (андан Аллах ыраазы болсун) Пайгамбар ﷺ айтты:
{ سبعٌ يجري للعبد أجرُهن وهو في قبره بعد موته : مَن علَّم علماً أو أجرى نهراً أو حفر بئراً أو غرس نخلاً أو بنى مسجداً أو ورَّث مصحفاً أو ترك ولداً يستغفر له بعد موته }
📖(шейх Альбани хасан хадис деп айткан сахих ат-таргиб 959).
Эң сонун садака жариялар:
🔘Мечит куруу.
🔘Шариат илимин таратуу. Ал Кураан китебин, Шариат китептерди, сабактардын үн жазууларын, компьютердин дисктерин таратуу же илим талап кылып жүргөн адамдарга садака кылуу.
🔘Муктаж адамдарга суу жеткирүү. Бул кудук казып берүү же түтүктөрдү орнотуу аркылуу суу менен камсыздоо аркылуу болот.
🔘Балдарды жакшы тарбиялоо.
Ким мечит курууга же илим таратууга кадыр болбосо, колунан келгенине үлүшүн кошуп коюу керек.
Өзүбүзгө жана жалпы мусулман адамдарга, өлүмдөн мурда жакшы амал кылып калууга шашылуусун насаат кылат элек. Кылган жакшылыгы башкаларга да пайдасын берип, өлгөндөн кийин да сообу бара турган болсун. Демек өлгөндөн кийин ушул жакшы амалдардын сообу жетип барат деген убада орундалат. Мусулман киши өлөөрдөн мурда анын атынан бирөө өтөй албай калбоосу үчүн, мойнунан ажылык, орозо сыяктуу парз амалдарды түшүрүп коюусу керек. Эгер үзүрсүз калтырса, күнөөкөр болот, ал эми үзүрлүү болсо, сообунан кур калат.
Ошондой эле мусулман адам балдарын Шариатка ылайык солих кылып тарбиялоого аракет кылуусу керек.
{ فعن أبي هريرة رضي الله عنه قال : قال رسول الله صلى الله عليه وسلم : (إن الرجل لترفع درجته في الجنة فيقول : أنَّى لي هذا ؟ فيقال : باستغفار ولدك لك }
📖(Ибну Маажа, 3660. шейх Албани "Силсилату ас-сохиха 1598" хасан деген).

«Жети нерсенин сообу пенде өлүп, кабырда жатканда да жетип турат. Ким илим үйрөтсө, же арык жүргүзсө, же кудук казса, курма дарак эксе, же мечит салса, же Кураан китеп басып чыгарса, же артынан перзент калтырып, ал өлгөндөн кийин анын күнөөсүн кечирилүүсүн сурап, дуба кылса».
📖(шейх Альбани хасан хадис деп айткан сахих ат-таргиб 959).
Эң сонун садака жариялар:
🔘Мечит куруу.
🔘Шариат илимин таратуу. Ал Кураан китебин, Шариат китептерди, сабактардын үн жазууларын, компьютердин дисктерин таратуу же илим талап кылып жүргөн адамдарга садака кылуу.
🔘Муктаж адамдарга суу жеткирүү. Бул кудук казып берүү же түтүктөрдү орнотуу аркылуу суу менен камсыздоо аркылуу болот.
🔘Балдарды жакшы тарбиялоо.
Ким мечит курууга же илим таратууга кадыр болбосо, колунан келгенине үлүшүн кошуп коюу керек.
Өзүбүзгө жана жалпы мусулман адамдарга, өлүмдөн мурда жакшы амал кылып калууга шашылуусун насаат кылат элек. Кылган жакшылыгы башкаларга да пайдасын берип, өлгөндөн кийин да сообу бара турган болсун. Демек өлгөндөн кийин ушул жакшы амалдардын сообу жетип барат деген убада орундалат. Мусулман киши өлөөрдөн мурда анын атынан бирөө өтөй албай калбоосу үчүн, мойнунан ажылык, орозо сыяктуу парз амалдарды түшүрүп коюусу керек. Эгер үзүрсүз калтырса, күнөөкөр болот, ал эми үзүрлүү болсо, сообунан кур калат.
Ошондой эле мусулман адам балдарын Шариатка ылайык солих кылып тарбиялоого аракет кылуусу керек.
{ فعن أبي هريرة رضي الله عنه قال : قال رسول الله صلى الله عليه وسلم : (إن الرجل لترفع درجته في الجنة فيقول : أنَّى لي هذا ؟ فيقال : باستغفار ولدك لك }
Абу Хурайра (андан Аллах ыраазы болсун) айтат: *Пайгамбар ﷺ айтты: «Чындыгында бир кишинин бейиште даражасы көтөрүлүп, анан ал айтат: "Бул кандайча?" Ага: "Сага балаңдын истигфары (кечирим сураганы) себептүү", - деп айтылат».