Урматтуу жетекчилер жана жумушчулар!
Кол астыңарда ишчилер же жумуштагы шеригиңер намаз окуп алайын десе тоскоол болбогула.
Балким, "Намазың кабыл болсун! Шашпай окуп ал"- деп шарт түзүп Эгер өзү (жетекчилер) намаз окуй албай жүрсө да, жок дегенде башкаларга тоскоол болбойун деген сезим болушу керек.
Намаз окуганга жай даярдап, жакшы жай намаз сатып алып келип коюу бул жакшы нерсе.
Намазга сурана берет деп жаман көрбөңүз! 10-15 мүнөттүн ичинде ишиңиз артка кетип калбайт. Намазга суранса, аны жаман көрүшүңүз же тоскоол болушуңуз, эки эсе Жаратканга тоң моюндук. Ал пенде мусулмандык милдетин аткарып жатат. Жараткандын сурагы акыйкат. "Байкуш пендемди эмнеге мага ибадатын тостуң?!" деген суроо берилсе ой кайран күн.
Өзүбүз намаз окубай күнөө кылганыбыз аз келгенсип, башкаларды да ибадатына тоскоолдук жаратсак кандай гана жаман көрүнүш...?!
Өзүңүз намаз окуңуз жана бөлөктөргө намаз окусуна себеп болуңуз.
Маселенин экинчи жагы ишчилер, намазды шылтоо кылып келишим түзүлгөн ишинде шалаакылык кылууга шарият уруксат бербейт. Ошондуктан намазын окуп кайра тезинен иш ордуна кайтышы шартка ылайык.
Иште парз, бекемделген сүннөтүн аткарса да, нафил ибадаттарын үйүнөн аткарат.
https://t.me/hanafiajordan
Салиха аял.😍👑