🧕Сен Асылсың🧕 Айымдар каналы


Channel's geo and language: Kyrgyzstan, Kyrgyz
Category: Psychology


Мусулман айымдардын жашоодогу
Жаман эмес-жакшыны
Караңгы эмес -жарыктыкты,
Чөгүүнү эмес- өнүгүүнү каалаган айымдар үчүн 🥰
Байланыш үчүн:https://t.me/Mashhura_0611
Аялзатына

Related channels  |  Similar channels

Channel's geo and language
Kyrgyzstan, Kyrgyz
Category
Psychology
Statistics
Posts filter


🌧️Алгачкы кар менен кошо жааган үмүт..

Мына бүгүн алгачкы жааган кардын биринчи күнү. Баткен жергесинде көп жылдан бери кар жаабай эле кыштан чыгып кетебиз. Быйыл эл катары эле кар тоңдурган суугу менен жаап кирип келди. Негизи көбүнчө тереземден сыртка, асманга, жаратылышка карап, Жараткандан жараткан кооздуктарына тафакур кылып, ойго салганды жакшы көрөм. Айланага көз чаптырсам эмнегедир баары үнсүз, тынч. Куураган дарактар, сумсайып, жалбырактары саргайып, түшүп куурашы, жашоонун кандайдыр бир бөлүгү аяктаганынан кабар бергендей. Ушул күнгө чейинки басып өткөргөн жолумда эмнелерди кылдым, эмне менен алек болдум көз алдыма тартылып, шурудай тизмектелип элестелди. Бул жылы менин көп жылдан бери күрөшүп келген жашоодогу сыноолорго Жараткандын мага күтпөгөн унутулгус жакшылыгы, сыйы болду, канча шүгүр айтсам да аздык кылат. Оо, Раббым! .. дедим, Сага чексиз шүгүрлөр болсун, менин жакшы деп билген пландарым, каалоомдон, Сенин планың, каалооң эң жакшы, алгачкы жааган кар менен кошо жааган үмүтүмдүн келечегинин жарыгын мындан да жакшысын бересиң деп ишенемин, үмүт кылам!

Кичинемде, кар жаап турган асманды карасам үлбүрөгөн кар бүртүкчөлөрү биринин артынан бири жаап, жүзүмө түшкөндө, бала кыялга оролгон таза аруу тилектерим менен көөпкө карап, өйдөгө карап учаар элем. Бала кезимде кыялкеч кыштарда жашаган болсом, а азыр үмүттүү кыштарды өткөрүүдөмүн. Жааган аппак кар кулагыма үнсүз шыбыроосу менен ар бир кыштын тоңдурган суугу болгон менен артынан жылуулугу менен үмүтсүз жандыктарга жыңы жашоонун багытына жол көрсөткөн жазы бар. Ар бир караңгы түндүн эртеңки жакшылыкка үмүт берген таңы бар.

فَإِنَّ مَعَ الْعُسْرِ يُسْرًا

"Акыйкатта, кыйынчылык артынан жеңилдик келет "

إِنَّ مَعَ الْعُسْرِ يُسْرًا

"Аныгында, кыйындыкты улай жеңилдик келет." - деген Курандагы: Шарх сүрөсүнүн: 5-6 аяттарын) мага эскертип турганын айткансыды. Жашоонун жаңы барактарын ачып, үмүт берген бул кыштын эң биринчи кары эле. Апаппак кар өлкөбүздү, жан дүйнөбүздүн кара тактарын тазалап, жууп кетсин...

Бүгүн жааган алгачкы карда мен ушуну ниет кылып, дуба кылдым...

👤Автор: Насиба Абдуллаева.

https://whatsapp.com/channel/0029VaQYm319MF8wbonIs907





http://t.me/SenAsylsyn


9-сабак кабыл алыңыздар.

Жакшылап көрүп чыгып практика кылып, пикир калтырыңыздар сизде кандай болгонун


https://youtu.be/-2IJ_qGJmfc

Баланын эмне үчүн окубай жатканын түшүнүүдө Маслоунун муктаждыктар иерархиясы жардам берет. Бул ыкма баланын негизги муктаждыктарын аныктоого мүмкүндүк берет.

1. Физиологиялык муктаждыктар 🥪💤👕
Эң биринчи — тамак-аш, уйку, кийим сыяктуу муктаждыктар канааттандырылышы керек. Бала ач же уйкусуз болсо, анын окууга көңүл буруусу кыйын болот.

2. Коопсуздук муктаждыктары 🏡❤️
Балдардын жакшы маанайда, коопсуз чөйрөдө жашоосу маанилүү. Эгер үйдө стресстүү же кооптуу абал болсо, бала окууга кызыгуусун жоготушу мүмкүн.

3. Сүйүү жана таануу муктаждыктары 🤗👨‍👩‍👧
Бала колдоо жана көңүл бурууга муктаж. Эгер балдарга жетиштүү көңүл бурулбай же аларды колдоо жетишсиз болсо, алардын өзүнө болгон ишеними азайып, окууга болгон кызыгуусу төмөндөшү мүмкүн.

4. Өзүн-өзү сыйлоо муктаждыгы 🌟🙌
Жетишкендиктерди баалоо жана өзүнө ишенүү сезими. Эгер бала мугалимдеринен жана ата-энесинен жетишкендиктери үчүн мактоо жана колдоо албаса, ал өзүн төмөн баалап, окууда пассивдүү болушу мүмкүн.

5. Өзүн-өзү таанып билүү муктаждыгы 🎓📚
Бул деңгээлде окууну табигый түрдө каалоо пайда болот. Бала өзү үйрөнүү жана изилдөөгө кызыгат, бирок бул акыркы муктаждык, анткени мурунку муктаждыктар канааттандырылбаса, бала окууга көңүл бурбайт.

Балдарыңыздын окууга кызыгуусу жок болсо, алардын базалык муктаждыктарын текшерип чыгыңыз.


https://youtu.be/Z7oiUGCtzuM

1. Терс сапаттарды түшүндүрүү жана жоюу 😕
Балдарга терс сапаттарды түшүндүрүп, аларды жоюунун үстүндө иштөөгө үйрөтүү маанилүү 🧠. Бул үчүн, күнүмдүк турмуштун мисалдарын колдонуп, терс сапаттардын натыйжаларын түшүндүрүү керек 📖. Балдарга туура эмес жүрүм-турумду белгилеп, аны оңдоо жолдорун көрсөтүү алардын жеке өнүгүүсүнө жардам берет 🌟. Ар бир терс сапатты анализдеп, анын себептерин жана чечүү жолдорун биргеликте издөө зарыл 🛠️.
2. Кинолорду чогуу көрүү 🎬
Кинолорду чогуу көрүү жакшы ыкма болушу мүмкүн 🍿. Балдар менен бирге убакыт өткөрүү, кино каармандарынын оң жана терс сапаттары тууралуу баарлашуу 🗣️ сиздердин мамилеңиздерди бекемдейт 💖 жана алардын туура баалуулуктарды өздөштүрүшүнө өбөлгө түзөт 🌱. Бул аркылуу балдар турмуштук кырдаалдарда туура чечимдерди кабыл алууну үйрөнүшөт 🧩. Кинонун аягында каармандардын жакшы жана терс сапаттарын талкуулап 📚, балдарга өздөрүнүн жүрүм-турумун аң-сезимдүү баалоо адатын калыптандырууга жардам берүү маанилүү 🎓.



Сегизинчи сабакты кабыл алыңыздар.

http://t.me/SenAsylsyn


https://youtu.be/ZMZgKk1JQsw

🪣 Түбү тешик идишке качан суу толтура алабыз? 🤔
📱 Ошондой эле телефондо кечке ойногон баланын мээсине бир нерсе кантип киргизе алабыз? 📱
🛑 Ата-энелер! Балдарыңыздарга тапанчаны октоп туруп карматып жатасыздар. Зыянын күтпөсөк деле көрүп жатабыз.
🧠 Эгер ошончолук эле бергиңиздер келсе:
👀 Чогуу көрүңүздөр.
❓ Түшүнүгүн сураңыздар.
✍️ Кагазга жаздыртыңыздар.
📺 Төмөнкү мультфильмдерди сунуштайм:
🧔‍♂️ Платон Капитонович
🔧 Фиксики
🚫 Калгандарын көрсөтпөңүздөр! Бала – бул аманат, Аллахтын алдында жооп бересиздер!



http://t.me/SenAsylsyn


Ишеничтүү жана өз ишин мыкты билген Умра башчы. Байланышып, маалымат алып Аллахтын үйүнө биз менен бирге барыңыз.


Алтынчы сабакты кабыл алыңыздар


https://youtu.be/-Uzf16YbKSs

Балдардын жакшы окуусу үчүн туура тамактануу керек. Эгер кандай тамактарды берүүнү билбесеңиз, алгач зыяндуу азыктардан баш тартыңыз: кириешки, чипсы, жевачка, конфет, шоколад, чупа-чупс, йогурт, гамбургер, сендвич, кола, Фанта жана башка. 🍫🍟🍭

Элестетиңизчи, бензин менен жүрө турган машинеге таштанды салып айдайсызбы? 🚗🛢️ Ошондой болсо, эмне үчүн балдарыңызга туура эмес тамактарды бересиз? Балдар өздөрү алып жесе да, бул үчүн сиз жооптуусуз, анткени алар сиздин балдарыңыз! 👶❤️


http://t.me/SenAsylsyn


Озунуз Бир тапшырма аткаралбасаныз, баланыздан кантип талап кыласыз? Ата-эне окумайынча бала окубайт


Уй тапшырмаларды жонотунуздор, баланыз учун Бир тапшырма аткаралбасаныз, анда озунузду алдабайле коюнуз


Бешинчи сабакты кабыл алыңыздар 🥰🤗


https://youtu.be/6eTuZNEN1k8

📚 Кыз себине 40 китеп берели – бул билимге болгон чоң белек жана келечекке из калтыруучу мурас! ✨

🗣️ Оозубузду тарбиялайлы – жылуу сөз, жагымдуу мамиле, жакшы тарбия ар бир адамга көрк кошот! 💬🌷

🎓 Сарбонна университетинен 33 Нобел лауреаты чыккан, ал эми бүткүл Борбордук Азиядан бир дагы жок экен. Бул чоң ойго салат, туурабы? 🤔 Окурман эл болуп, билимге умтулуп, дүйнөгө салымыбызды кошолу! 📖💡 Бизден да Нобел сыйлыгынын ээси чыксын! 🏆✨

http://t.me/SenAsylsyn


http://t.me/SenAsylsyn



Төртүнчү сабакты кабыл алып коюңуздар 🤗




https://youtu.be/XiAr14H0-YQ?si=y2Uo0LRLdJ92pBcq

Балдарыбыз эң кеминде каалаган нерсеге же темага 37 суроо бергенди билсин. ❓🧠 Суроо берген окуучу ой жүгүртө алат. 💭💡

Балдарыбызга максат коюп, ага жеткенди үйрөтөлү. 🎯📈

🌱 "Суроо берүү - билимдин башаты!"

http://t.me/SenAsylsyn


🍓 *Балдан ширин окуя*🍓🍃🍃🍃🍃🍃🍃🍃🍃🍃

*"Пайгамбарыбыз с.а.в сахабалары менен жихаттан келе жатып пайгамбар с.а.вдын уйуно келип токтоп калышат! Дастаркон жайылып ар турдуу даамдар коюлат,алтынга окшош кооз идиште БАЛДА койулат. Ал балдын бетине кыл тушуп калган эле. Аны коргон Али р.а соз баштайт"-*

*-Кайсы нерсе ушул идиштен кооз, балданда таттуу, кылдан ичке,бул эмне?-сурайт...*

*1.-Абу бакир р.а жооп берет*.
*-Аллахтын пенделерине берген белеги намаз бул идиштенда кооз*.
*Ошол пенделердин окуган намазы балданда таттуу.*
*Бирок ошол намаздын мустахаб суннотторуно омур бою бекем болуу кылдан ичке.-дейт*

*2.-Умар р.а жооп берет*

*-Эшиктен кирген мусафыр мейманды кадырлаган уй ээсинин адеби нурдуудур бул идиштен.*
*Бирок меймандын конулун карап суйлош балданда таттуу*.
*Меймандын колунан кармап ишин кылуу ичкедир бул кылданда.-дейт.*

*3.-усман р.а жооп берет*

*-Кураан окуган адам нурдуу бул идиштен.*
*Аалымдардын мажлисинде отуруу балданда таттуу.*
*Курандын манызын чагып туура тафсирлоо кылданда ичке.-дейт*

*4..-Али р.а озуда жооп берет*.

*-Мусулмандарды коргоп жихатка чыгуу бул идиштенда кооздур*
*Кафырлар менен урушуп канга боёлуу балданда таттуудур.*
*Озуно олжо албастан, Бироонордун акысын жебестен белеке беруу кылданда ичкедир*

*5.-Фатима р.а айтат:*
*-Куйоосуно жакшы мамиле кылган аял бул идиштенда нурдуу.*
*Жамандыктан баш тартып жакшылык кылуу балданда таттуу*.
*Куйоосунун ыразычылыгын ойлош кылданда ичке.-дейт.*

*6.-Пайгамбарыбыз с.а.в айтат:*
*-Уммотумдун журогу нурдуудур бул идиштен*
*Аллахтын созуно менин суннотумо бекем болуу балданда таттуу.*
*Бирок омур бою бекем болуу кылданда ичке.-дейт.*

*7.-Ошол убакта пайгамбар с.а.вга ЖАБРАИЛ периште корунуп мындай дейт*:
*-Алахтын вахииси менин хабиибимдин набуваты нурлуу бул идиштен*
*Жаннаттагы "КАУСАР" суусу ото таттуу бул балдан.*
*СИРООТ копуроосу ото ичке бул кылдан.-дейт!*

*Ошондо пайгамбар с.а.в алакан жайып дуа кылды-"ЭЭ АЛЛАХЫМ УШУЛ БАЛДЫН ОКУЯСЫ УККАН ЖЕ ОКУГАН УММОТТОРУМО БАРДЫК ПАЙГАМБАРЛАРДЫН СООБУН КААЛАЙМ."-Деди*.

*АЛЛАХТАН ЖООП КЕЛДИ:*
*-"КИМ БУЛ БАЛДЫН ОКУЯСЫН ОКУСА,УКСА,БАШКАЛАРГА ОКУТСА БААРДЫК ПАЙГАМБАРЛАРДЫН СООБУН БЕРЕМ!!!*

🍃🌸🌸🌸🌸🌸🍓🍓🍓"
*Өзүңүз окуп башкаларга да жеткириңиз*


📢 Ата-энелер мектебинин 3-сабагын баштайбыз!
https://youtu.be/Bd5oHSf7EHI?si=aJEsksE2j-bTTyiq

🧘‍♀️ Эң алгач, тарбиялык гимнастика жасайбыз:
✅ Мен бүгүндөн баштап, балдарымдын кемчиликтерин көрбөйм.
✅ Мен бүгүндөн баштап, балдарымды жамандабайм жана жемелебейм.
✅ Башкалардын балдарына салыштырбайм.
✅ Өзүмдү-өзүм тарбиялайм.
✅ Жылуу гана мамиле кылам.
✅ Балдарымдын жакшы сапаттарын гана издейм.

💪 Күндөлүк көнүгүүлөр менен моралдык-психологиялык климатты жакшы жагына өзгөртөбүз!

📚 Кругозор темасына арналган китептердин авторлору — Гапыр Мадаминов жана Батыров агай
📖 Кругозор түшүнүгү: Ар бир адам 20 багытта өнүгүшү керек! Биздин максат — балдарды ар тараптуу өнүктүрүү, алардын мүмкүнчүлүктөрүн ар тараптан кеңейтүү.

🌍 20 багыттар:

Адам, жаратылыш, биздин дүйнө, илим-билим, компьютер-техника
Маданият, искусство, саясат, турмуш, экология
Келечек, тарых, укук, адабият, өндүрүш
Экономика, бизнес, үй-бүлө, космос, дин
📌 Германияда IT тармагында ийгиликке жетишкен Айзада жөнүндөгү мисал: “Убагында ата-энем мага окууга шарт түзүп берген. Өзүмдү өнүктүрүүгө басым жасадым”

👨‍👩‍👧‍👦 Адамдын деңгээли канчалык болсо, балдары да ошол деңгээлде тарбия алат!

📘 Үй тапшырма:

Тарбия дөңгөлөгүн улантабыз;

Гапыр агайдын "Ой өрүшү / Кругозор" китебин окуңуздар;
Балдарыңызга 300 китеп алып берем деп максат коюнуздар.
Илим-билим, техника, маданият ж.б. сыяктуу багыттар боюнча китептерди окуп, өз билимиңиздерди да кеңейтиңиздер.
📞 Кошумча маалымат үчүн:
Улан Оторбаев
📱 @annur__kg
📞 0700 14 24 02


http://t.me/SenAsylsyn


Үй тапшырма:

https://youtube.com/playlist?list=PLLVBW9sHQHUH0qF38R7SGjteTyrzpi6yk&si=2YmvzZPfJ8Cq6IbN

1)Ушул сабактарды конспектилоо;
2) балдарга дасторкон үстүндө бир темасын айтып берүү;
3) балдарга окуу учун үйдүн бир бурчун даярдап берүү.

Ушуларды аткарып сүрөткө тартып жөнөтүңүз жана пикириңизди жазыныздар.

http://t.me/SenAsylsyn
Дасторкон четиндеги университет
Г.Мадаминов агайыбыздын китептерине саякат. Өсөр эл өзүн сыйлайт. Өз агасын агалай албаган, Башка бирөөгө сагалайт.


🌸 Энелер мектебинин 2-сабагын баштайбыз!

https://youtu.be/B-i37t6FBoI?si=HvJEyFZujYrW2Har

1️⃣ Биринчи кезекте – өзүн тарбиялоо
2️⃣ Балдардын кемчиликтерине көңүл бурбоо
3️⃣ Катуу сөздөр айтпоодон сактануу
4️⃣ Өз жоопкерчилигин кабыл алуу
5️⃣ Өзүңдү тарбиялоону улантуу
6️⃣ Балдарга мээрим гана берүү
7️⃣ Балдардан жакшы сапаттарды издөө

🌟 Энелер мектеби: Балдарды тарбиялоонун негизги принциптери 🌟

1️⃣ Үй-бүлөлүк атмосфера
Жакшы маанай, ата-эненин мээрими жана сый-урмат балдардын өнүгүүсүнө чоң таасир тийгизет.

2️⃣ Дасторкон – баарлашуу аянтчасы
Бирге тамактанып, маанилүү темалар тууралуу баарлашуу үй-бүлөлүк байланышты чыңдайт жана балдардын кызыгуусун арттырат.

3️⃣ Жусуп Баласагындын акыл-насааттарын колдонуу
Жусуп Баласагындын таалим-тарбияга багытталган акыл-насааттары балдарды адептүү, билимдүү, жана максаттуу болууга шыктандырат.

4️⃣ Китептер – акыл казынасы
Үйдө китеп окуу маданиятын бекемдеп, балдарды билимге кызыктыруу алардын өз алдынчалыгын жана максаттуулугун өнүктүрөт.

💫 Үй-бүлөдө билимге жана жакшы сапаттарга жол ача турган шарттарды түзөлү!

💖 Бүгүн балдарыбызга мээрим менен, сүйүү менен мамиле жасайлы!

http://t.me/SenAsylsyn


Отчетту ушул жактагы чатка жөнөтө бериңиздер.🥰🤗

20 last posts shown.