Дос-душман деген ким билесиңерби?
Адамдан табигатын изилдеген жазуучулардын китептерин окуганды, катышкан подкасттарын укканды аябай жакшы көрөм. Отуруп окуганга убактың жокто, пайдалуу подкастты басып, оокат кылып жүрүп уккан аябай жагымдуу го.
Анан кечээ жумушта көп ойлондурбаган бир баяндаманы анализдеп жатып, белгилүү Америкалык жазуучу, китептери чоң сынга, уруш-талаш чордонунда калган Роберт Грин катышкан подкастты угуп, досуң сымал көрүнүп, а чынында жүрөгүнүн түпкүрүндө сени көрө албаган, сени менен атаандашкан чала дос, тагыраагы дос-душман тууралуу берген аныктамасы ушунчалык жакты…
Дос-душман же англисчеси frenemy түшүнүгүн Роберт мырза, “сени менен атаандашып, же сени, жасаган эмгектериңди көрө албай жаткан сезимдери ашып-ташып кетип, сени менен таанышып, сени менен тез арада достошуп, жан дүйнөңө кирип туруп анан сени жаралайт, анан ал жарадан чоң жабыркайсың, адамдар менен достошкондо, өзгөчө, жан-талашып, сени менен шашып мамиле кургусу келген адамдардан абайлаш керек, жыйынтыгы сен үчүн жаман болот” дейт…
Анан дагы “адамдын аң-сезим түпкүрү ушунчалык күчтүү, сени көрө албай, мээси, денеси кайнап, сени менен атаандашып, сага жакындагысы келип жатканын өзү да көп учурда байкабайт, ал атайылап, билип келгенден да коркунучтуу” дейт жазуучу…
Достон жолум жок, эмнеге ким менен таанышып мамиле куруп баштасам эле бир аздан кийин атаандашым, жасап жаткан ишимди көрө албай, көтөрө албай өйдөлөнүр калышат деп көп изилдеп жаткам.
Ал тургай психологго көрүнүп, өзүмдү эми кайрадан жараткым келет, достон жолум жок, мындан ары таанышкан адамдар менен кандай мамиле куруум керек, кайдан, кандай ката кетирдим деп сураганымда психологум өткөн жумада “сенин аракетчилдигиң, өзүңө ишенгениң, оюңду эч кимден коркпой айта алганың, койгон максаттарыңа жетип, күндө өсүп, өнүгүп жатканың айланаңдагы көп адамдардын кыжырына тиет, алар өзүнүн жашоосун карап, эмнеге мен андай кыла албайм, эмнеге мен жылбай элем деген сезимдерди жаратып, сени жек көрүүсүнө алып келет” деген сымал көзөмөлүн айтканда ойлонуп калгам…
Анан жогоруда эскерген подкастты угуп, атың чыгып баштаганда, өзгөчө баары азыркыдай соц. тармактарда жайылган дүйнөдө бул нерсенин азайбай көбөйө турганын божомолдоп, адамдар менен канчалык жакын мамиле курам десең деле баары бир адамдын пенделик напсиси болгондон кийин, бирде болбосо бирде эмгегиңди көрө албай, өзүн башкара алган бийиктик деңгээлге жете албай калат окшойт деп ойлоп калдым…
Адамсың да, кээде сезимдериңдин курманы боло каласың, анан тирүүлүктүн маңызы ошол болсо керек, кечээ жасаган катаңды бүгүн кайталабайын, оңолоюн, адам болоюн деп өзүңдү талбай күндө тарбиялайсың…
Анан жан дүйнөңө ар кимди эле киргизбей, кылдат мамиле кылып, сүйлөшө турчу адамдарды иргеп, этият болуп, өзүңдү коргоп каласың.
Ошол болгону…