Куран жана Хадис🕋 ️


Channel's geo and language: Kyrgyzstan, Kyrgyz
Category: Religion



Channel's geo and language
Kyrgyzstan, Kyrgyz
Category
Religion
Statistics
Posts filter


Аль-бакара сүрөсү
216-айат
كُتِبَ عَلَيْكُمُ الْقِتَالُ وَهُوَ كُرْهٌ لَكُمْ ۖ وَعَسَىٰ أَنْ تَكْرَهُوا شَيْئًا وَهُوَ خَيْرٌ لَكُمْ ۖ وَعَسَىٰ أَنْ تُحِبُّوا شَيْئًا وَهُوَ شَرٌّ لَكُمْ ۗ وَاللَّهُ يَعْلَمُ وَأَنْتُمْ لَا تَعْلَمُونَ
(Эй, момундар!) Силерге жагымсыз болсо да, согуш парз кылынды. (Бирок) силерге жагымсыз нерсе, (балким) силер үчүн жакшыдыр. (Ал эми) силерге жагымдуу нерсе, (балким) силер үчүн жамандыр. Аллах билет. Силер билбейсиңер.


Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте, Аллахтын Элчиси(саллаллаху алейхи уа саллам) айтты: «Тилге жеңил, таразада оор Аллахка сүйкүмдүү болгон эки сөз бар».
„субхаан аллохи ва бихамдих,субхаан аллохил ьазиим”
„Аллах таала аруу жана ага мактоолор болсун”
Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи ва саллам):Ким ушул зикирди күнүнө эрте менен(күн чыга электен мурда) жана кечинде(асырдан кийин күн батканга чейин) 100 жолудан айтса кыямат күнү ал алып келгендей соопту эчким алып келе албайт бир гана ошол сыяктуу же болбосо андан көп айткан адам гана.
Башка бир хадисте
Абу Хурайра, радыяллаху анху, Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты: «Кимде-ким күнүнө жүз жолу (субхаан аллохи ва бихамдих,субхаан аллохил ьазиим)деп айтса анын күнөөлөрү деңиздин көбүгүндөй көп болсо да, кечирилет»(имам бухарий)


«Биз жерди төшөп койдук. Тоолорду казык кылдык. Силерди жуп кылып жараттык. Уйкуңарды эс алуу үчүн жасадык. Түндү жамынчы кылдык. Тиричилик үчүн күндүздү жараттык. Силердин үстүңөргө жети кабат бекем асманды куруп койдук. Жаркыраган чырак (күндү) жасадык. Булуттардан нөшөрлөгөн жаан жаадырдык. Дан өсүмдүктөрүн чыгаруубуз үчүн. Чырмалышкан дарактарды да (өстүрүү үчүн)».


(Ан-Набаа:6-16)


Биз Исраил урпактарына Китепте[6] айан кылдык: “Силер жер үстүндө эки ирет бузуку иш кылдыңар жана абдан текеберлендиңер”.
Качан кылынган убадалардын биринчиси келгенде, Биз силерге зор күчкө ээ болгон[7] пенделерибизди жөнөттүк, алар силердин турак-жайларыңарга аралап кирип барды. Убада ушинтип орундалды.
Андан соң Биз силерге алардын үстүнөн бийлик бердик, анан да байлык, бала-чакаларды берип, силердин саныңарды көбөйттүк.
Силер жакшылык кылсаңар өзүңөр үчүн, жамандык кылсаңар да өзүңөр үчүн. Экинчи жолу убада кылынган мезгил жеткенде, беттериңерди бузуп[8]{Кайгыга салып.}, биринчи киргендей эле мечитке[9]{Ирусалим шаарындагы ыйык үйгө – Байт-Ал Мукаддас.} кирип, баарысын таш-талкан кылуу үчүн[10]{Душмандардын аскерлери жиберилген.} (жибердик).
Силердин Эгеңер мүмкүн силерге мээрим кылаар. А эгер кайрадан эле мурункуга кайрылсаңар, анда Биз дагы кайтабыз[11]{Азапка салабыз.}. Биз тозокту каапырлар үчүн камак жай кылдык.

Исра 4-8


Көңүл бөлгүлө! Дин – Аллахка гана таандык. Аллахдан башканы кудай туткандар: «Бизди Аллахка жакындаштырсын деп гана аларга сыйынабыз», (дешет).Алардын ортолорунда талашкан нерселер тууралуу Аллах албетте Өз өкүмүн чыгарат. Чындыгында, жалган айтуучуну, каапырлык кылганды Аллах туура жолго салбайт.(Зумар-3)


Ассаламу алайкум, туугандар, насип кылып бүгүн өзүмдүн тиркемемди плей маркетке жүктөдүм, көчүрүп алып колдонуңуздар. Азырынча бир канча кемчиликтери болушу мүмкүн, жолдун башындабыз, кыла турган иштерибиз көп. Колдонуп көрүп ой пикириңиздерди калтырыңыздар. Сиздер менен биргеликте алдыга жылабыз, буюрса.






Адамдардын эң алсызы дубада алсыз болуусу. Адамдардын эң сараңы - салам бербегени.(хадис)






Бакубат жана күчтүү момун алсыз момунга караганда жакшыраак жана Алла Таалага жагымдуураак. («Муслим» китаабул-кадри, Баабул-иймаани бил-кадри вал-азъаани лаху… 6774-хадис)


Ассаламу алейкум уа рохматуллохи уа барокатух
🌹🌹🌹


Наадан жоомарт Аллага сүйкүмдүүрөөк, сараң ибаадат кылуучудан.

(Тирмизий)


«Бардык иш – аракеттер адамдын ниетинен болот жана ар кимге ниетине жараша берилет. Ошондуктан кимдин хижраты Алла жана анын Элчиси үчүн болсо ал адам Алла жана анын Элчиси үчүн хижрат кылды (деп эсептелинет). Ал эми ким бул дүйнөнүн пайдасы үчүн же үйлөнүү үчүн хижрат кылса ал хижрат эмне үчүн болгон болсо ошол үчүн болду (деп эсептелинет)».
#Хадис










ОРОЗО АЙТ🤍
#жума

20 last posts shown.

1 523

subscribers
Channel statistics