БАЙ МЕНЕН КЕДЕЙ
Бай адам менен кедей адамдын айырмасын көпчүлүгүбүз акчасына карап айырмалайбыз. Бирок, мындай ыкма дайым эле туура боло бербейт. Анткени, акчасы жок адамдын сөзүн угуп, планын билип, ой-жүгүртүүсүн түшүнгөн соң акчалуу адамга айланаарын түшүнсөк болот. Жана, тескерисинче, акчалуу адамды ушундай эле анализдеп, жакында жакыр болоорун дагы билип алууга болот.
Анда бай менен кедейдин айырмасы эмнеде? Айырмасы өтө көп.
Ой жүгүртүүсү:
Бай: Мен каалаган ийгилигиме жете алам.
Кедей: Менден көп нерсе деле көз каранды эмес. Мен барсам көп нерсе деле чечилбейт.
Жумушунун максаты:
Байлар баюуу үчүн жумуш кылат.
Кедейлер жакыр калбаш үчүн жумуш кылат.
Позициясы:
Байлардын позициясы – утуу.
Кедейлердин позициясы – утулуп калбоо.
Жашоодогу позициясы:
Байлар мүмкүнчүлүктөрдү издейт.
Кедейлер тоскоолдуктарга көңүлүн бурат.
Байлыкка мамилеси:
Байлар өз күчү менен байлыкка жеткен жана ийгиликтүү адамдар менен суктанышат.
Кедейлер байлык менен ийгиликти ойлогондо чочулайт.
Проблемаларга мамилеси:
Байлар өздөрүн проблемадан жогору тутушат.
Кедейлер проблемасын чоңойтуп айтышат.
Акчаны:
Байлар эмгегинин жыйынтыгы үчүн алууну каалашат.
Кедейлер иштеген убактысы үчүн алууну каалашат.
Тандоо келгенде:
Байлар экөөнө тең көңүл бурушат.
Кедейлер же муну же тигини тандашат.
Тобокелчиликке мамилеси:
Байлар коркпостон тобокелчиликке барышат.
Кедейлер коркунучтан туруп калышат.
Билим алууга мамилеси:
Байлар ар бир көз ирмемде үйрөнүүгө жана өсүүгө аракет кылышат.
Кедейлер көп нерсени билемин деп ойлошот.
Демек, бай деп акчалуу адамдарды гана айтууга болбойт экен. Ой жүгүртүүсү, түшүнүгү, ой-сезимдери бай жана аракети, далалаты бар адамдарды чыныгы бай десек туура болоор.