Бишкек кыз Куран курсунун окуучулар арасында, Пайгамбарыбыз (с.а.в)га арнап ыр жазуу жарышында 1-орунду алган окуучубуздун ыр-саптары:
ПАЙГАМБАРЫМА КАЙРЫЛУУ
Жан дүйнөмдүн сырын бүгүн катпаймын,
Катсам эгер жер жүзүнө батпаймын.
Жараланган жүрөгүмдү бүтөгөн,
Аллахымдын аты менен баштаймын.
Жолго чыгып, терезеден көз албай,
Башым кармап өзүмдү да тана албай,
Ойго кетип, акылымдан айрылып,
Бара жаттым жооп эшигин кага албай.
Бар экенин сезбей калдым көздөрүмдүн,
Жаштар акты токтобостон из калтырып.
Оорусун көтөрө албай жүрөгүмдүн,
Куладым акыретке жол салдырып.
Жардам күтүп эриндерим кургады,
Бул дүйнөнүн ырахаты да калбады.
Жараларым чоңойгонун сезип туруп,
Айлана да үмүт колун сунбады.
Ошол замат көз уялды жарыктан,
Бир нур келип шыпаа болду кайыптан.
Көөдөнүмдө бактысыздык жок болуп,
Тазаланды суу аккандай арыктан.
Сезип турдум жаным жайга барганын,
Үмүт себеп кайра артка кайтканым,
Унутулгус даражада түшүндүм,
Пайгамбардын нуру бизде калганын.
Жаным жибип, дан өскөндөй тирилдим.
Ал нур себеп, жаш көчөттөй тигилдим.
Айткым келет Сага баарын Жол башчым,
Үммөтүңдү угушуңду сезиндим.
Пайгамарым! Оо, сүйүктүү Сүйгөнүм,
Көргүм келди, бир жылмайып күгөнүң.
Кооз көздөрүң биз тарапка бурулуп,
Үммөтүңдүн көрчү кандай жүргөнүн.
Мусулманбыз жарым жарты, толук эмес.
Согуп турган жүрөгүбүз жумшак эмес.
Зынаны да коркпой жасап калдык бүгүн,
Жан ачыткан ыйманыбыз бекем эмес.
Сен көрсөткөн жолуң менен жүрө албадык,
Муктаждарга жардамыбыз бере албадык.
Өлтүрүлүп койнундагы өз жанынан,
Айбан кылбас зомбулукту жоё албадык.
Аял заттын көрөр күнү кордукпу?
Же барк билбес, мыкаачы жан болдукпу?
Эркек-аял өз ордубуз биле албай,
Айтчы, Башчым! Же тозокко толдукпу?
Жок, Сүйүктүүм, кайгырбачы суранам,
Сүйүнүчтүү ыр саптарда курагам.
Сени менен сүйлөштүм деп мына бүгүн,
Жаратымдан айыгып мен кубанам.
Сени ойлосо көздөн чыккан жаштар бар.
Көрбөй туруп, сүйөм деген сөздөр бар.
Салам айтып курганча эриндер,
Сагынычтан ыйлап чыккан түндөр бар.
Сүннөтүңө бекем болуп ар дайым,
Сени издеп бара жаткан жолдор бар.
Түн уйкусун кечип коюп, асмасман карап,
Сен үчүн жайылган көп колдор бар.
Өзүң үчүн нур китептер жазылды.
Бийик добуш салаваттар айтылды.
-Үммөтүм - деп ыйлаган сөздөрүңө,
Татыктуу болууларын кыял кылды.
Оо, Мырзам! Кубанчы! Кайгырбачы!
Бизди ойлоп көп санаага малынбачы!
Шапаатыңды үмүт кылып турган кезде,
Акыретте бизди жалгыз калтырбачы!
Момундардын урматысың, бийик турган.
Жаркын нуруң ааламдарга чачып турган.
Таазим кылам таштап кеткен эмгегиңе,
Ар бир жандын жашоосун оңдой турган.
Айтпасам да көп сөзүмдү балдан таттуу.
Жүрөгүм бар, үй сымал көп кабаттуу.
Ашыктыгым толгон анын баарына,
Сүйчү, Мырзам мени да андан катуу.
✍️ Закиралиева Кумар
ПАЙГАМБАРЫМА КАЙРЫЛУУ
Жан дүйнөмдүн сырын бүгүн катпаймын,
Катсам эгер жер жүзүнө батпаймын.
Жараланган жүрөгүмдү бүтөгөн,
Аллахымдын аты менен баштаймын.
Жолго чыгып, терезеден көз албай,
Башым кармап өзүмдү да тана албай,
Ойго кетип, акылымдан айрылып,
Бара жаттым жооп эшигин кага албай.
Бар экенин сезбей калдым көздөрүмдүн,
Жаштар акты токтобостон из калтырып.
Оорусун көтөрө албай жүрөгүмдүн,
Куладым акыретке жол салдырып.
Жардам күтүп эриндерим кургады,
Бул дүйнөнүн ырахаты да калбады.
Жараларым чоңойгонун сезип туруп,
Айлана да үмүт колун сунбады.
Ошол замат көз уялды жарыктан,
Бир нур келип шыпаа болду кайыптан.
Көөдөнүмдө бактысыздык жок болуп,
Тазаланды суу аккандай арыктан.
Сезип турдум жаным жайга барганын,
Үмүт себеп кайра артка кайтканым,
Унутулгус даражада түшүндүм,
Пайгамбардын нуру бизде калганын.
Жаным жибип, дан өскөндөй тирилдим.
Ал нур себеп, жаш көчөттөй тигилдим.
Айткым келет Сага баарын Жол башчым,
Үммөтүңдү угушуңду сезиндим.
Пайгамарым! Оо, сүйүктүү Сүйгөнүм,
Көргүм келди, бир жылмайып күгөнүң.
Кооз көздөрүң биз тарапка бурулуп,
Үммөтүңдүн көрчү кандай жүргөнүн.
Мусулманбыз жарым жарты, толук эмес.
Согуп турган жүрөгүбүз жумшак эмес.
Зынаны да коркпой жасап калдык бүгүн,
Жан ачыткан ыйманыбыз бекем эмес.
Сен көрсөткөн жолуң менен жүрө албадык,
Муктаждарга жардамыбыз бере албадык.
Өлтүрүлүп койнундагы өз жанынан,
Айбан кылбас зомбулукту жоё албадык.
Аял заттын көрөр күнү кордукпу?
Же барк билбес, мыкаачы жан болдукпу?
Эркек-аял өз ордубуз биле албай,
Айтчы, Башчым! Же тозокко толдукпу?
Жок, Сүйүктүүм, кайгырбачы суранам,
Сүйүнүчтүү ыр саптарда курагам.
Сени менен сүйлөштүм деп мына бүгүн,
Жаратымдан айыгып мен кубанам.
Сени ойлосо көздөн чыккан жаштар бар.
Көрбөй туруп, сүйөм деген сөздөр бар.
Салам айтып курганча эриндер,
Сагынычтан ыйлап чыккан түндөр бар.
Сүннөтүңө бекем болуп ар дайым,
Сени издеп бара жаткан жолдор бар.
Түн уйкусун кечип коюп, асмасман карап,
Сен үчүн жайылган көп колдор бар.
Өзүң үчүн нур китептер жазылды.
Бийик добуш салаваттар айтылды.
-Үммөтүм - деп ыйлаган сөздөрүңө,
Татыктуу болууларын кыял кылды.
Оо, Мырзам! Кубанчы! Кайгырбачы!
Бизди ойлоп көп санаага малынбачы!
Шапаатыңды үмүт кылып турган кезде,
Акыретте бизди жалгыз калтырбачы!
Момундардын урматысың, бийик турган.
Жаркын нуруң ааламдарга чачып турган.
Таазим кылам таштап кеткен эмгегиңе,
Ар бир жандын жашоосун оңдой турган.
Айтпасам да көп сөзүмдү балдан таттуу.
Жүрөгүм бар, үй сымал көп кабаттуу.
Ашыктыгым толгон анын баарына,
Сүйчү, Мырзам мени да андан катуу.
✍️ Закиралиева Кумар