🇰🇬Bishkektikter


Channel's geo and language: Kyrgyzstan, Russian


🇰🇬Бишкектиктер үчүн атайын Telegram каналы!
🌎 Жаңылыктар биздин каналда!
📽 видео жаңылыктар болсо бизге жөнөтүңүз, каналга чыгарабыз 👉
📽Окуяга жана Окуяга күбө болдуңуз беле бизге жөнөт 👀 @eldik_bloger
👨🏻‍💻Админ:

Related channels  |  Similar channels

Channel's geo and language
Kyrgyzstan, Russian
Statistics
Posts filter


Video is unavailable for watching
Show in Telegram
📌Бишкекте жол ортосуна унаасын токтотуп кеткен айдоочуга айып пул салынды. Бул туурасында ЖКККББнын басма сөз кызматы билдирди.


Video is unavailable for watching
Show in Telegram
Бишкекте автобустун айдоочусу аялдамадагы адамды урган деп кармалды

16-февралда Октябрь райондук милициясына арыз түшкөн. Жабырлануучунун айтымында, коомдук транспорттун айдоочусу 7-апрель — Анкара көчөлөрүнүн кесилишинде денесине эч себепсиз залал келтирген.

"Бейбаштык" менен иш козголуп, 40 жаштагы киши кармалды. Анын ушул сыяктуу бир нече кылмыш жасагандыгы аныкталгандыгы айтылат.


Video is unavailable for watching
Show in Telegram
‼️ Кыргызстанда масштабдуу “Рульда” рейди башталды, ал айдын аягына чейин уланат.

✔️ 14-февралдан бери буга чейин жол эрежесин одоно бузган 6802 айдоочу аныкталган. Алардын 186сы мас абалында унаа айдаса, 1072си катуу ылдамдыкта айдаган. Миңден ашык унаа айып жайга киргизилген.

✔️Патрулдук милиция кызматкерлери башка айдоочуларга жолтоо болуп, жол кырсыгына себепкер болгон, жарыш уюштуруп, автобейбаштык кылгандарды издеп жатышат.

✔️ Эгерде мыйзам бузууларга күбө болсоңуз, анда Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча мамлекеттик инспекцияга WhatsApp аркылуу билдирсеңиз болот: (0777) 10-21-02.


‼️ Лазат Нуркожоева спортчу Амантур Исмаиловго турмушка чыкканы коомчулукта тарап жатат.

✔️ Президенттин карындашы Лазат Нуркожоева Азия оюндарынын коло байге ээси, грек-рим күрөшү боюнча балбан Амантур Исмаиловго турмушка чыкканын ММКлар жазып чыгышты.

✔️ Маалым болгондой, бир күн мурун Бишкектеги ресторандардын биринде “кыз узатуу” болгон. Тойдун өзү 21-февралында болорун ММКлар жазышкан.


Video is unavailable for watching
Show in Telegram
Картошканын баасына эмне таасир этти?


Video is unavailable for watching
Show in Telegram
🇨🇳Коңшу Кытайда өтүп жаткан кышкы Азия оюндарында хоккей боюнча Түркмөнстандын курамасы Гонконгго жеңилип калгандан кийин атаандаштарына кол салышты.


Video is unavailable for watching
Show in Telegram
❗❗Вице-мэр Бишкекте ыш боюнча абал жакшырганын айтат

✔️Бүгүн 13-февралда «Биринчи радионун» эфиринде Бишкек шаарынын мэринин отун-энергетика комплекси боюнча орун басары Талайбек Байгазиев ыш маселеси боюнча талкууга катышты.

✔️Ал ыш боюнча абал жылдагыга караганда бир топ жакшырганы визуалдуу түрдө көрүнүп жатат деп эсептейт.


Депутат өлкөдө дайынсыз жоголгондордун саны көбөйгөнүнө байлыныштуу өкмөттөн “Издейм сени” телеберүүсүн жандандыруу суранды

“2024-жылдын ноябрында Бишкектин Ленин районунда 1981-жылы туулган Тилек Аманбаев деген киши дайынсыз жоголгон экен. Азыр 80ге чыккан апасы шаарда издеп жүрөт. Ошого жакшылап жардам берип койсок... Мурун УТРКда “Издейм сени” деген телеберүү бар эмес беле, ушуну кайра жандандырсак. Бүгүнкү күндө жоголгондор көп болуп жатат”, — деди Таалайбек Сарыбашев.


❗️Бишкекте бир катар айып пулдар көтөрүлүшү мүмкүн

Мэрия коомдук талкууга койгон мыйзам долбоорунда төмөнкүдөй нормалар көрсөтүлгөн:

▪️айлананы көрктөндүрүү эрежелерин бузгандарга — 5,5 миң сом, юридикалык жактарга 17 миң сом (мурда 3 миң/13 миң болчу)

▪️белгиленбеген жерлерге таштанды таштагандарга — 7,5 миң сом, юридикалык жактарга 23 миң сом (5,5 миң/ 17 миң)

▪️өндүрүш, өнөр жай жана медициналык калдыктарды белгиленбеген жерге таштагандарга — 10 миң сом, юридикалык жактарга 28 миң сом (7,5 миң/23 миң)

▪️таштанды өрттөгөндөргө — 12,5 миң сом, юридикалык жактарга 35 миң сом (7,5 миң/23 миң)

▪️жолду, темир жол өтмөгүн же жол белгилерин бузгандарга — 10 миң сом, юридикалык жактарга 28 миң сом (5,5 миң/17 миң)

▪️жол эрежесине коркунуч жараткандай жолдун булганышына себеп болгондорго —12,5 миң сом, юридикалык жактарга 35 миң сом (7,5 миң/23 миң)

▪️жолдо уруксатсыз оңдоо иштерин жүргүзгөндөргө —15 миң сом, юридикалык жактарга 45 миң сом (12,5 миң/35 миң)

▪️жол жээктеринде соода түйүн, тамактануучу жай, жол белги сыяктуу мыйзамсыз объектилерди орноткондорго — 5,5 миң сом, юридикалык жактарга 17 миң сом (3 миң/13 миң)

▪️жолго караштуу жерди айдоо, көк майсанга унаа койгон, тигилген бак-дарактарды зыянга учураткан, саркынды сууларын арыктарга агызгандарга — 10 миң сом, юридикалык жактарга 28 миң сом (5,5 миң/17 миң)

▪️белгиленбеген жерде соода кылгандарга — 5,5 миң сом, юридикалык жактарга 17 миң сом (3 миң/13 миң)


☃️Бүгүн, 13-февралда Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында кар жаашы күтүлөт. Бул туурасында Кыргызгидрометтин маалыматында көрсөтүлөт.

Ага ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө күндүз +1 ... +6;

Талас жергесинде күндүз 0 ... +5;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында күндүз +1 ... +6;

Ысык-Көлдө күндүз -1 ... +4;

Нарын дубанында күндүз 0 ... -5;

Бишкекте күндүз +2 ... +4 градус болот.


Video is unavailable for watching
Show in Telegram
Орусияда карталары бөгөттөлгөн мигранттардын саны көбөйдү. Мамлекет алардын көйгөйлөрүн чечүү үчүн кандай жардам көрсөтө алат?


Video is unavailable for watching
Show in Telegram
📌Массалык башаламандыкты уюштурууга шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.


Video is unavailable for watching
Show in Telegram
📌Сигма деген каймана ат менен таанымал кыргызстандык блогер Арген Керимов унаасы менен жарышка түшкөндүгү үчүн айыпка жыгылды.

Анын унаасы менен жарышка түшкөн видеосу социалдык тармактарга тараган. Өз кезегинде Милициянын кайгуул кызматы жарышка түшкөн унаалардын бирине "Автоээнбаштык" боюнча айып салынып, унаа айып короого киргенин билдирди.


Video is unavailable for watching
Show in Telegram
🇰🇬 Кыргызстандын футзал боюнча кыз-келиндер командасы Тажикстан курамасын жеңди

Душанбеде өтүп жаткан мелдеш Борбор Азия футбол ассоциациясынын (CAFA) чемпионатынын алкагында болуп, 3:0 менен эсебинде жыйынтыкталды.

Биринчи турда Кыргызстан курамасы түркмөн кыздары менен тең чыккан. Натыйжада кыргыз спортчулары турнирдик таблицада 4 упай менен 1-орунга чыкты.


❗️Бүгүндөн тарта 1-мартка чейин Бишкекте калкты кабарлоо тутумдарын текшерүү жүргүзүлөт. Бул убакта шаарда сиреналар жана үн күчөткүч тутумдары иштейт.

ӨКМ бул текшерүү гана экенин эскертип, дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырат.


‼️MCN coin'ге акчасын алдаткан 900гө жакын кишиге 1 млн 700 миң доллар кайтарылды

MCN coin криптоактивине акчасын алдатканын айтып арызданган 898 адамга 1 млн 700 миң доллардан ашык каражат кайтарып берилди. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Кылмыш иликтөө башкы башкармалагынын кызматкери Данияр Закиров 10-февралда “Биринчи радионун” эфиринде айтты. Ал MCN coin'ге каражат салып кайра ала албай калган адамдар дагы деле арыз берип, алар териштирилип жатканын кошумчалады.

“Ички иштер министрлиги бул боюнча 2024-жылы 12-сентябрда Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин ("Алдамчылык") 3-бөлүгү менен иш козгогон. Азыр тергөө иштери жүрүп жатат. Материалдар Бишкек шаарынын эки райондук милициясында каралууда”,
- деди ал.


💸Кыргызстанда орточо айлык акы 37 миң 360 сом деп эсептелди

Улуттук статистика комитетинин эсебинде 2024-жылы Кыргызстанда бир кызматкердин орточо айлык акысы 37 миң 361 сом деп эсептелди. Бул 2023-жылга салыштырмалуу 12,7% жогору.

Кыргызстанда орточо айлыктын көрсөткүчү боюнча коомчулукта ар кандай талаш-тартыш болуп келет. Айрымдар орточо эмгек маяна 37 миң сомго жетпей турганын айтышат.


‼️ 11-февралда Бишкектин бир бөлүгүнд суу болбойт.

✔️ Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

✔️ Саат 10:00дөн 20:00гө чейин турак жайларга, мектептерге, мектепке чейинки балдар мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өндүрүштүк объектилерге ичүүчү сууну берүү токтотулат.

✔️ Өчүрүү аймагына төмөнкү көчөлөр кирет:

✔️ Скрябин - Абай - Радищев - Байтик Баатыр - Медеров - Абай - Тыныстанов - Медеров - Скрябин - Малдыбаева - Медеров - Байтик Баатыр.

✔️ Маалымдалгандай, өчүрүү шаардык суу түтүктөрүн оңдоо жана калыбына келтирүү иштерине байланыштуу.


"Картабыз бөгөттөлүп, айлабыз түгөндү". Орусияда 7000 мигрант "кара тизмеге" түштү

Орусиядагы мигранттар банк карталары күтүлбөгөн жерден жабылып калганын, ушул тапта айласы куруп турганын айтууда. Алардын айрымдарынын тиешелүү документтери толук болсо дагы, банк картасы ачылбай калган. Орусияда мыйзам бузган мигранттарга каршы катаалдашкан эрежелер күчүнө кирди.

Кененирээк макаладан окуңуз: https://smarturl.click/M1gao


Бишкекте аялдар аймактагылардан 2-3 эсе аз төрөшөт

Статкомдун соңку (2023-жылга карата) маалыматына ылайык, өлкө боюнча төрөт коэффициенти 2,71ди түзөт. Башкача айтканда, 100 келинге 271 төрөт туура келет.

Эң жогорку көрсөткүч Баткен облусунда (3,63). Андан ары 3,3 коэффициенти менен Жалал-Абад, Нарын, Ош жана Талас облустары жайгашкан.

Эң төмөнкү көрсөткүч Бишкектин келиндеринде (1,13). Ал эми Ош шаарындагы аялдарга 2,3 төрөт туура келет.

20 last posts shown.