Бойкот кыл!


Channel's geo and language: Kyrgyzstan, Kyrgyz
Category: Other


Бул каналдан бойкот кылышыбыз керек болгон компаниялардын тизмесин жана алардын товарлары тууралуу маалымат ала аласыз.
Каналдын шилтемесин бөлүшүңүз:
https://t.me/boykot_kyl

Related channels  |  Similar channels

Channel's geo and language
Kyrgyzstan, Kyrgyz
Category
Other
Statistics
Posts filter




Эң белгилүү бойкот товарларды жана аларга альтернативаларды камтыган жаңыртылган буклет. Көчүрүп чыгарып алсаңыздар болот.

Палестина жана Ливандагы кордук көрүп жаткан мусулман бир туугандарыбызга Израиль жана аны колдогон компаниялардын бойкот товарларын албай, жардам берүүгө аракет кылалы.

Ордуна Кыргызстандын жана коңшу өлкөлөрдүн альтернатива боло ала турган товарларын сатып алып, экономисына салым кошо аласыз.




Бул бренддер СӨЗСҮЗ БОЙКОТ КЫЛЫНЫШЫ КЕРЕК!

Себеби, ар бири түздөн-түз Палестинанын жерин мыйзамсыз, күч колдонуу менен тартып алган канкор И$раилдин өз бренддери.

Бизге И$раилден тамак-аш, кийим келбеши мүмкүн, бирок анын өндүргөн косметикалык бренддери Кыргызстанда кеңири таралып, колдонулуп жатат.

Башка бойкот компаниялардын киришесинин кайсы-бир бөлүгү гана И$раилге кетсе, бул бренддерге берген акчабыздын 100% сионисттердин чөнтөгүнө түшөт.

Буларды ажыратуу оңой эле. Артында Made in İsrael (Израилде жасалган) же Dead Sea Cosmetics (Косметика Мёртвого моря - Өлүк деңиздин минералдарынан алынган) деген жазуулар болот.

Сатып албаңыз! Колдонбоңуз!
Башкаларга бул маалыматты жеткириңиз!


KİKO Milano косметикалары эмне үчүн бойкот?

LVMH тарабынан колдоого алынган L Catterton компаниясы 1,5 миллиард долларлык келишим менен KIKO Milano акцияларынын көпчүлүк бөлүгүн сатып алууга макулдашкан. Кабар 2024-жылдын 26-апрелинде чыккан.

📌L Catterton - 2016-жылдын январында Catterton жеке капиталдык фирмасы, дүйнөдөгү №1 люкс гиганты LVMH жана Бернард Арнонун Groupe Arnault үй-бүлөлүк холдинги тарабынан түзүлгөн. L Catterton керектөө буюмдарына адистешкен жана учурда болжол менен 34 миллиард долларлык активдерди башкарат.

Бул кабар L Catterton компаниясынын расмий сайтында https://www.lcatterton.com чыккан.

Далил:
https://www.lcatterton.com/Press.html#!/LC-kiko


H&M кийим бренди эмне үчүн бойкот?

Биз көп убакыт бою бул бренд тууралуу эч нерсе айткан эмеспиз. Бирок Палестиналык улуттук бойкот комитети BDS кыймылы 2010-ж. эле кайдыгер эмес адамдарды H&M'ди бойкот кылууга чакырган макала жарыялаптыр.

2010-ж. H&M Кудус (Иерусалим) шаарындагы "Malha Mall" соода борборунда экинчи филиалын ачкан. Малха 1948-ж. Накба учурунда кырылган палестиналык айыл болчу.

BDS H&M тууралуу макаласында Израилде филиал ачуу менен компаниялар БУУнун адам укуктары тууралуу келишимдерин кантип бузуп жатканын көрсөтүп беришкен.

Ошондуктан И$раилде филиалы болгон бардык бренддерди колдон келишинче бойкот кылууга чакырабыз!

Далил:
https://bdsmovement.net/news/hm-whitewashing-israels-colonization-jerusalem-bds-national-committee-calls-boycotting-hm


Forward from: Палестина ВИДЕО/Сүрөт
Video is unavailable for watching
Show in Telegram


Video is unavailable for watching
Show in Telegram
Фашисттерге жардам берген Адидас, эми бүгүнкү фашисттер болгон, жада калса, заалымдыгы алардан да ашып түшкөн сионисттик И$раилди колдоп жатат!

Ооба, баарыбыздын аталарыбыз каза болгон Улуу Ата мекендик согушта душман немецтерди да колдогон сиз кийип жүргөн Адидас...

Эми болсо 10 айдан бери 40 миңден ашуун адам шейит кеткен Газадагы геноцидке да жардам берип жатат...

Ушуну билип да, дагы деле Адидастын кроссовкаларын кийүүгө ыраазысызбы?...

Видео: @fokusplusnet @gundem_gazze


Video is unavailable for watching
Show in Telegram


ÜLKER эмне үчүн Түркияда бойкот кылынып жатат?

Посттогу себеп сиз үчүн бойкот кылууга канаттандыраарлык болбошу мүмкүн.

Бирок. Боордош Түркия эли өзүнүн компаниясын ӨЗҮ БОЙКОТ кылып жатканда, биз аларга каршы альтернатива катары санообуз туура эмес деп эсептейбиз.

Ошентсе да, тандоо өзүңүздө. Биздин ишибиз - жеткирүү.


Starbucks кофелери эмне үчүн бойкот?

Кыргызстанда али жок болсо да, бир күнү ачылбайт деп эч ким кепилдик бере албайт, тилекке каршы.

Жана Россиядагы, Европадагы жана башка чет өлкөлөрдөгү мекендештерибизди Старбакс кофейняларына БОЙКОТ КЫЛУУГА чакырабыз!

#бойкоткыл


Киндер, Рафаэлло, Нутелла - БОЙКОТ. Себебин посттон окуңуз!

📤Постту бөлүшүңүз! Башкалар да билсин!








❌ Бул кийим, бут кийим бренддерин БОЙКОТ кылыңыз!

✅ Кыргызстандан чыгарылган кийимдерди алыңыз! Жергиликтүү өндүрүштү колдоңуз!🇰🇬


❌Бойкот кыл! Өз өндүрүшүбүздү танда!✅

❌Coca Cola, Fanta, Sprite, Rich, Piko, Fuse Tea - Coca Cola компаниясы таандык суусундуктар. Coca-Cola компаниясы оккупацияланган Палестинада курулган Израилдин мыйзамсыз Атарот конушунда фабрика иштетет.

❌Pepsi, 7up, Lipton, Mirinda, Piala - Казахстандагы PepsiCoнун өнөктөшү болгон RG Brands компаниясы чыгараган суусундуктар. PepsiCo Израилдин Палестинаны оккупациялоосунан пайдаланган SodaStream жана Sabra компанияларынын 50% кирешесине ээлик кылат.

✅Альтернатива

✅Шоро, Алайку, Келечек, ЭкоСуу, Let’s Go компаниялары - Кыргызстандын өндүрүшү🇰🇬

✅Maxi Чай - Казакстандын өндүрүшү🇰🇿

‼️Бойкот сууларды ичпесеңиз өлбөйсүз! Бирок сатып алсаңыз, башкалардын өлүмүнө себепчи болосуз!


Альтернатива✅

✅ Нукура айым - Кыргызстандан чыгарылган ГОСТ сертификациядан өткөн кам көрүүчү каражаттар, (шампунь) бар🇰🇬

✅ Restorex, Bioblas - Түрк бренддеринин шампундары. Бойкот эмес.

✅Зелёная аптека, Synergetic - Россиялык бренддер. Бойкот эмес

✅Ecolatier - Белоруссиялык бренд. Бойкот эмес.


❌Бойкот кыл! ✅Альтернативалар бар!

Себеп:

❌Clear - Unilever конгломератына карайт. 2012-2022-жылдар аралыгында И$раилге 1 миллиард шекель (250 млн евро - 23 миллиард (23 000 000 000) сом) инвестиция жасаган;

❌Pantene, Head & Shoulders, Wella - P&G таандык. Procter& Gambleдин Израилдин Тель-Авив шаарында илимий-изилдөө борбору жайгашкан. 2001-жылы Израилде 1-филиалы ачылса, азыркы учурда статистика боюнча 98% израилдик бул компаниянын товарын колдонот.
ЛГБТ+ коомун колдоп, медиада атайын видео-реклама тарттырган биринчи компания.

❌Syoss, Schwarzkopf - И$раилдин компанияларына инвестиция жасаган Henkel компаниясына таандык

❌L’Oréal, Garnier, Elseve, CeraVe, İpek - И$раиль мыйзамсыз басып алып, элин кырган айылга завод курган жана анын компанияларына инвестиция жасаган L’Oréal компаниясына карайт.

❌ Le Petit Marseillais - Johnson's& Johnson's компаниясына таандык. Анын Израилдин Палестинадан тартып алган аймактарында 4 бренди иштейт, 1000ге жакын жумушчусу бар. Базар экономикасына салым кошот.


Амазонду БОЙКОТ КЫЛ!

Акыркы убакта интернет аркылуу Амазон сайты менен бизнес кылуу жарнамалары көп чыгууда.

А бирок бул Амазон сайты П@лестинада күнөөсүз 25 миңден ашуун адамды кырган И$раилди колдоорун билет белеңиз?

Кененирээк посттон окуңуз⬆️

Амазон сайтына БОЙКОТ!

@palestine.kg
@palestine.kg
@palestine.kg

#israel

20 last posts shown.