Posts filter


Баарынан да жүрөктүн тынчтыгы. Ал жүрөктү кээде бир гана адамдын бир гана сөзү тынчтандырып коёт...


Жалкоолук денеге рахат берип, жан дүйнөгө жаракат берген дарт...


*Кечээги күн, артта калды санаттай.*
*Эртеңки күн, ачылбай барактай.*

*Күн батканын көрбөй калды бирөөлөр.*
*Кээ бирөөгө калат, экен таң атпай.*

*Жашоо деген бүгүн экен туугандар.*
*Жашайлычы жүрөктөрдү оорутпай.*


Адам деген сыр.
Чечилишин күтүп жатабыз.
Адам – табышмак.
Белгисиз, бирок билгиси келет.
Адам издөөчү.
Көбүнчө ал эмне издеп жатканын билбейт.
Адам каалаган адам.
Кээде билип туруп туура эмес нерсени каалайт. Адам – күтүүчү.
Келбей турганын билсе да сезиминде жашаган адам.
Адам бөтөн жер.
Мекенин сагынган адам.
Адам – бул үлгү.
Сүйүү менен жаралган.
Адам өзүн тааныбаганда таш боор.
Адам затына жеткенде ырайым болот.
Адам адам.
Ал Жаратканга таянганда…


Жакшы адам болуу ото оор 🖤


Жаман адам болуу ото оной💔


Биз билбейбиз,өмүр качан аяктайт,
Балким эртең күндөгүдөй таң атпайт.
Бул жашоонун убактылуу экенин,
Ичтен сезип,тообо кылган адашпайт...


Сенин жолуңду басып көрбөгөн адамга...

Кантип мени «түшүн» - деп айтасың.?

Админка🎀


Орозо айыңыз куттуу болсун! Жараткан Аллах бардык тилектерди кабыл кылып, үйүңүзгө береке, жүрөгүңүзгө тынчтык, ден соолугуңузга күч-кубат берсин. Рамазан айында ыймандуулук, сабырдуулук жана жакшылыктар коштоп жүрсүн. Орозоңуз кабыл болсун 🥰🤗


Кош келдиң, Рамазан!🕊

Арыздашуу кетип биздин арадан,
Чын бакытка тунса экен ар адам.
Жараткандын жакшылыгын ыроолоп,
Келди мына керемет Рамазан!» 🫀✨


Абухурайра (радыяллаху анху) баяндайт. Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) мындай деген: «Кимде-ким Рамазан айында чын Дилинен ишенип жана сообун Алладан гана күтүп орозосун тутса, анын өткөн күнөөлөрү кечирилет». [Бухари, Саум 6; Муслим, Сиям 203]

БЕЙИШТИН 8 ЭШИГИ
1. АЛ - ЖИХАД. Алла жолунда жихад кылгандар үчүн.
2. АТ - ТАВБА. Кунөөдөн тооба кылуучулар үчүн.
3. АС - СОЛАТ. Намаз окуучулар үчүн.
4. АР - РАЯАН. Орозо кармоочулар үчүн.
5. Ас - Садака. Кайыр - Садака берүүчүлөр үчүн.
6. АЛ - ВААЛИД. Ата - энесине жакшы мамиле жасагандар үчүн.
7. АЛ - ФАРХ. Жаш балдарга кубаныч тартуулагандар үчүн.
8. АЗ - ЗУХА. Зуха намазын калтырбай окугандар үчүн.

БЕЙИШТИН 8 эшигинен кирүү барыбызга насип кылсын
ИН ШАА АЛЛАХ


Бугунку 23 февраль Ата мекенди коргоо куну мн куттуктайм 💙😇


Дүйнөдө элдер эки топко бөлүнөт:китеп окугандар жана китеп окугандарды уккандар.


✨Омур аябай кыска✨
-Ыймандуу бол....
-Тез кечир...
-Чын суй...
-Жасалмасыз жылмай ...


Таарынуу же араздашуу үчүн шылтоо издебей, сүйүктүү болуу жана сүйүш үчүн чара издегиле.

—— Мавлана Жалалиддин Румий


Кудайды кыйналган күндө гана эске албай, кубанычка, шаттыкка бөлөнгөн кезде да унутпаңыз.😊


Бүткүл дүйнө сага калса да сен бул дүйнөдө калбайсың ...


Бир инсандын бир канча нерсеси бол!
- Үй бүлөөсү бол,
- Досу бол,
- Кубанычы бол,
- Сүйүктүүсү бол,
- Дарты бол,
- Бакыты бол.🕊️🤍
Бирок эч качан)
- Өкүнүчү болбо...❤️‍🩹


Кичинекей элем.
Атама:‹‹даракка чыгам, жардам бериңиз!›› дедим.

Атам:‹‹Бирөө чыгарып койгон жерден түшө албайсың, жыгыласың››-деди.

Бул сөздү өмүр боюу унуткан жокмун...❤️‍🩹💫🕊


Убакыт өтпөй турчу нерсе эмес, жетпей турчу нерсе...🩶


Акыркы жолу болоорун билбейсиң, кээ бир нерселер акыркы жолу болуп калат, эч ким түшүнө албайт… Акыркы жолу өтүүчү жол… Акыркы жолу көрүлгөн жүз… Үн акыркы жолу угулат… Акыркы жолу кимдир бирөөнү сүйөт... Демек ар бир нерсени өз убагында баалап, ар бир күн акыркы күнүбүз болгондой жашайлы…

20 last posts shown.