Дилимдеги 🫀


Channel's geo and language: Kyrgyzstan, Kyrgyz
Category: Quotes


Ар бир gилgен чыккан сөзgөр 🖋, виgеолор 🎬 gилиңизgерgен орун алаm gеген ниеmmемин 🕊
Instagram: @Dilimdegi
What's App: + 996 755 94 46 33

Related channels  |  Similar channels

Channel's geo and language
Kyrgyzstan, Kyrgyz
Category
Quotes
Statistics
Posts filter


Video is unavailable for watching
Show in Telegram
Эжем оорусун жеңүүсүнө жардам берип коюңуздар 🫂❗

Ассаламу алейкум, урматтуу мекендештер жана мусулман бир туугандар, окурмандар!

Сиздерге жардам сурап кайрылып жатабыз. Видеодо көрүп турган апамдын бир тууганы Гүлбарчын эжем оор "цирроз печень" дартына кабылды. Учурда анын өмүрүн сактап калуу үчүн Индияда операция жасатуу зарыл болуп турат.

Бул операциянын жалпы баасы 33 000 доллар деп айтылды, бирок донор маселеси дагы чечилүүдө. Эжебиз жалгыз бой эне, анын жалгыз уулу 9-класста окуйт. Уулунун жашы 18ге толо элек болгондуктан, донор болууга жарабай жатат. Биз, жакындары, каражат чогултуп жатабыз, бирок бул чоң сумманы тез арада топтоо абдан кыйын болуп жатат.


Мүмкүнчүлүгүңүзгө жараша, 20, 50 же 100 сомдон болсо да кошкон салымыңыз баа жеткис жардам болот. Кайдыгер карабастан, жок дегенде ушул кайрылууну досторуңузга, группаларга жана социалдык тармактарда бөлүшүп, дуба кылып коюңуздар.


❗Цирроз печени❗

— Ассаламу алейкум мекендерим, мусулман бир туугандар. Видеодогу менин апамдын бир тууганы. Алланы сыноосу экен "цирроз печень" оорусуна кабылып калды.

— Учурда ага Индияда операция жасатуу керек болгонуна байланыштуу сиздерден жардам сурап кайрылып турабыз. Операциясына жалпысынан 33 000 доллар деп айтышты. Бирок донор маселеси да каралып жатат.

— Эжем жалгыз бой эне, 9-класста жалгыз уулу бар. Уулу 18 жашка чыкпагандыктан донор боло албайт экен. Биз жакын бир туугандары да каражат чогултуп жатабыз. Тез аранын ичинде болгондугуна байланыштуу сиздерден да жардам сурап чыктык.

— Эч ким оорубасын, эч кимдин башына түшпөсүн. Көп түкүрсө көл болот. Мүмкүнчүлүгүңүздөргө, шартыңыздарга карап 20-50-100 сомдон болсо да жардам берүүңүздөрдү суранабыз.

Кайдыгер карабайсыздар деп ишенебиз 🤲. Ар бир колдоо Гүлбарчын эжемдин өмүрүн сактоодо чоң жардам болот. Алла Таала сиздерди да колдосун! Жок дегенде, ушул видеону баракчаларыңыздарга, what's app группаларга жиберип коюңуздар 🫂

‼️РЕКВИЗИТЫ‼️

📲 Мбанк:
🔴 +996 556 569 618
🔴 4177 4901 8356 8866
(Өзү) Гулбарчын Юлдошева

📲 Рск банк:
🔴 +996 556 569 618
🔴 9417 0885 1379 5701
(Өзү) Гулбарчын Юлдошева

📲 Сбербанк:
🔴 +7977 600 23 81
(Бир тууган байкеси) Атабек Саидахматович
https://www.instagram.com/reel/DEUrU58NU19/?igsh=Ynl4MjEwZnVqa29o


Сен ойноп-күлүп жүргөнүңдө, кайгынын, муңдун аралаш жашоонун таттуусуна алданып, түбөлүктүү сапарды унутуп жатасыңбы? Балким, ушул тапта сенин кепиниң тигилип жаткандыр...

Абу Сулаймон Ад-Доронийдин бул сөздөрү көңүлдү селт эттирип, чыныгы акыйкатка ой жүгүртүүгө чакырат. Биз күнүмдүк түйшүктөр, кумарлар менен жашоонун баарын түгөтөбүз деп ойлоп, өлүмдү эң акыркы орунга жылдырып коёбуз. Бирок ал жакын, өтө жакын.

Өлүм ар бирибизге жетет. Аны эстеп, жүрөктү тазалоо – бул дүйнөдөн ак көңүл, адилеттүү жана сооптуу иш менен кетүүнүн бирден-бир жолу. Өзүңдү бүгүнөн тартып, түбөлүк жашоо үчүн даярда. Анткени эртең кеч болуп калышы мүмкүн.


Менин эч кандай пландарым жок десем, калп айткан болом. Бирок мен айрымдар сыяктуу бир сызыкта жашагым келбейт. Ар бир күнү жаңы тажрыйба, жаңы жерлер жана жаңы сыноолор менен жашоону сезгим келет. Буга чейин сиздерге максат, пландарымды ачыктап айтып келген болсом, сиздерди жакын көргөнүм ардактуу окурмандарым. Пландарыбызды алдыда көрөсуздөр Ин ша Аллах.

Мен жакшы көргөн адамдарым дайыма дилимде, ал эми бардык башка иштер бул өткөөл дүйнөдө убактылуу гана нерселер.


— Өткөн жылда мага жолуктуруп таныштырган, достоштурган, санаалаш, пикирлеш, ага, ини, байке кылган жалпы-жалпысына ыраазымын. Чын дилимден, Аллах ыраазычылыгы үчүн жакшы көрөм. Өткөн жылдын ийгиликтери мен үчүн мына ушул инсандар деп эсептеймин. Себеби, ар бири өзүнчө бир аалам.

— Ал инсандар, бул күндөлүгүмдү окуйт. Ал жөнүндө жатканымды да сезишет. Окуп жатып жүзүнө жылмаюуу түшүп, өтө эле баа бериптир го Алимырза деген сөздү ичинен өткөрөт. Жок, ашырып да айтпадым, жашырып да айтпадым досторум. Чынында кичипейил, жүрөгүндө кири жок, ыхласы ак инсандар. Бар болуңуздар, достугубуз, мамилебиз кыяматтык болсун...

Сөзүмдүн соңунда, 2025-жылдын башында бир эжекемдин айткан сөзү менен жыйынтыктайын.

(үзүндү сөзү)

"Эмне болбосун Аллага тапшыр! Мен кылам, жасаймын деп Алланын астына туруп алба! Ага чын дилиң менен ишенип, намазыңды, ибадатыңды толук кандуу аткарып тур! Ал билет, Ал баарын өз изине салат! Сен ушундай амалыңдан токтобо, Аллах сенин ордуңа жасап коёт. Ал кудуреттүү"...


Мен каалайт элем, 2025-жылда баарыбызда мына ушундай ишеним, ыхлас, амал, тобокелдик болуусун.

Урматым менен Алимырза Назаров


Аллахым 2024 жыл үчүн Өзүңө чексиз шүгүрлөр айтам 🤲

— Бул дүйнөдөгү ар бир нерсенин башталышы жана аягы бар болгондой эле, 2024 жыл соңуна чыкты. Көпчүлүк жылдын жыйынтыгын чыгарып, жетишкендиктерин санап, жетише албаган максаттарына жаңы жылда жетүүнү тилек кылышат.

Мен үчүн эч качан, эч бир максат же дүйнөлүк буюмдар жана ийгиликтер маанилүү болгон эмес. Менде баалоо бирдиги бир аз башкача – мен дайыма эң жогорку баалуулукту адамдарга бергенди туура көргөм.


– 2025 болуп өзгөргөн жыл кандай болору бир гана Жаратканга маалым, бирок кандай болбосун, шүгүр кылууну унутпай турууну, жаман иштер болбоосун, шерменде кылып койбоосун, Жаратканымдан суранам.






Сүрөтүңдү караган сайын, армандарым жамгырдай төгүлөт. Анан "Өзүңдү кара", "Сен жакшыраак адамдарга татыктуусуң" дегенсип мени соороткондой болосун. Ачык айтам, бул сөздөрүң бир саамга да жардам бербейт, соорото албайт. Мен сага жамгыр астында калгандагыдай жүзүмдү суулап берем. Кургай албайм. Жаным от алып күйөт. Менден Мажнун, сенден Лейла чыкпады...

Кош бол. Келбей жатып кеткеним, жанымда болбой туруп, бардай сезгеним...

Жүрөк оорум, жүрөксүзүм, өчпөгөн изим...

(07.17.19) 2024 редакцияланды


Video is unavailable for watching
Show in Telegram
"Мени сүйбө"

Билесин, сага зыян гана келтирем. Көнүп кетем, байланып калам. Анан түйүнгө айланам. Андай кылба, мени сүйбө. Муну өзүңө да, мага да ыраа көрбө. Жыпарың да, сүйүүң да өзүңдө калсын, балким, жакшысы ушудадыр.

Сен да кетесиң, мен болсо уйкусуз калып, бөлмөлөргө камалып, кайгы саптарын жаза баштайм. Бир канча маанисиз сөздөр. Көчөгө чыкса жүзүңдү издейм. Сен күтүүсүз пайда болуп, себепсиз кайып болуп кетесиң, а мен ошол абалымда калып кетем.


Китеп кайрадан басылып чыкты 🥰. Бардык дүкөндөрдө сатууда бар 🤗






Жүрөгүм, суранам бизди сарсанаа кылба.

Ортобузга аралыктарды койбо. Басып өтүп, кайра келем да сүйөм аны. Билесиңби, мен өжөрмүн. Колумдан келет. “Сүйбө” десең, ого бетер катуу сүйөм. Кээ бир учурда ушундай кез болот, дем алуудан да чарчап кетесин го, мен да ушундай болуп турам… Түшүнгөнүңдөй, сүйүлүүгө муктажмын. Кээде айлана-чөйрөмдөгү адамдарды карайм. Алардын бакытын көрүп, ойго батам. Алар кол кармашып сейилдөөдөн чарчашпай, мен болсо сүйүүдөн. Ал жанымда болбосо да, мен аны сүйүүгө шашамын…

Мен ага муктажмын, ал болсо мага азап... Мага даба болушу керек эле, тилеке каршы терең жара болду…

(23.05.16)

2024 ж редакцияланды


Билсең, көздөрүңө койгон боёгуңдун түсү жакчу. Ар бир жолу сени көргөнүмдө, мен тарапка кайрылып күлүмсүрөп караганың көз алдымда. Ошол учурларда, сезимдерди эң кооз түрдө жашап өттүм. Эң кооз айрылууну да мен башымдан өткөрдүм. Себеби мен баштабай туруп чекит койдум.

Мен сени жолуктурган күндөн тартып "биз" деген сөздү колдонуп келем. Биз?Ооба, биз. Бул сөз менин жанымды кыйнаган сөздөрдүн бири. Билесиңби, мага эң катуу азап берген нерсе эмне болду? Ушунчалык жакын болуп туруп, ортобузга аралыктарды коюп алгандыгым. Бир сөз таштап сезимдеримди билдирүүгө мүмкүнчүлүгүм боло туруп, сенин да мага болгон жылуулугуңду биле туруп, ортобузга дубалдарды курганыбыз акылсыздык болду.


Мен ага муктажмын, ал болсо мага азап...

Каталарыңды, жанымды өрттөгөнүңдү менсинбегендей айтылган сөздөрүңдү, баалап-барктабаганыңды... Түшүнгөнүңдөй, мага канчалык зыян келтирсең да, мен сени сүйгөнүмдө ошолордун баарын сезимдериме коштум.



16 last posts shown.