«Дордой» ФК | FC Dordoi Bishkek


Channel's geo and language: Kyrgyzstan, Russian
Category: Sport


Official Telegram channel of FC "Dordoi" (Bishkek, Kyrgyz Republic) 🇰🇬⭐️
Join us:
▶️ Fb/Twitter/Instagram - @FCDordoi
▶️ YouTube 🎥 Dordoi TV 📺

Related channels  |  Similar channels

Channel's geo and language
Kyrgyzstan, Russian
Category
Sport
Statistics
Posts filter


КОШ КЕЛДИҢЕР ЖИГИТТЕР 💛💙

8️⃣ Владислав КОБЫЛЯНСКИЙ 🇺🇦
9️⃣ Эрназ АБИЛОВ 🇰🇬
1️⃣1️⃣ Кадырбек ШААРБЕКОВ 🇰🇬
2️⃣4️⃣ Вениамин ШУМЕЙКО 🇰🇬
4️⃣4️⃣ Камолиддин ТАШИЕВ 🇰🇬
7️⃣1️⃣ Мирлан БЕКБЕРДИНОВ 🇰🇬
7️⃣3️⃣ Лука ДЖОРДЖЕВИЧ 🇷🇸
7️⃣7️⃣ Папи ЛО НДОЙЕ 🇮🇹
9️⃣1️⃣ Алекса МРДЖА 🇧🇦


NEW KIT 2️⃣0️⃣2️⃣5️⃣🔥

📱 @FCDordoi


🅽🅴🆆 🅺🅸🆃 2⃣0⃣2⃣5⃣🔥

🆕 Сиздерге 2025-жылкы сезонго жаңы оюн формаларынын комплекттерин тартуулайбыз.

Эки комплект тең клубдун салттуу түстөрүндө жасалган. Үйдөгү оюндар үчүн форма толугу менен көк түстө 🔵, ал эми коноктогу оюндар үчүн форма толугу менен сары түстө 🟡. Дарбазачылардын формасы үчүн боз жана кызыл түстөр тандалган.

Футболкалардын реплика версиясы ФК «Дордойдун» үйдөгү оюндарында сатууга чыгат. Бул тууралуу кошумча маалымат берилет.


--

🆕 Представляем вам комплекты новой игровой формы на сезон 2025.

Оба комплекта выполнены в традиционных клубных цветах. Домашний полностью в синем 🔵, а гостевой полностью в желтом 🟡. В качестве цветов для вратарской формы выбраны серый и красный.

Реплика-версия футболок будет доступна для покупки на домашних матчах ФК "Дордой". О чем будет сообщено дополнительно. Следите за публикациями в наших социальных сетях.


🔗 https://linktw.in/QVffPe




Ыйык Рамазан айы кут болсун 🤲🌙


Forward from: Kyrgyz Football Union
КЫРГЫЗ ФУТБОЛУ ЖОГОТУУГА УЧУРАДЫ

Кыргыз футбол биримдиги, СССРдин спорт чебери, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген машыктыруучусу, кыргыз футболунун ардагери Мусаев Юсуп Иминович 89-жаш курагында дүйнөдөн кайткандыгы тууралуу терең кайгыруу менен кабарлайт.

Юсуп Иминович жашоосун толугу менен футболго арнаган. Ал 1957–1969-жылдары легендарлуу Фрунзенин «Алга» командасында ойноо менен Кыргызстандын футбол тарыхында өчпөс из калтырды. Ал «Алгада» жалпы 10 жылдан ашык чабуулда ойногон. Тажрыйбалуу күйөрмандар Мусаевдин укмуштуудай ылдамдыгын жана мыкты голдорун азыр деле эстешет. 60-жылдары «Алга» өз дивизионунда эң күчтүү болгон жана СССРдин Жогорку лигасына өтүүгө аз гана жетпей калган. Ал ийгиликтин жаратуучулардын бири Юсуп Мусаев болгон.

150дөн ашык гол киргизип, ХХ кылымдагы Кыргызстандын эң мыкты футболчусу деп табылган. Анын футболдук карьерасы оюнчулук менен гана чектелбестен, машыктыруучулук жаатында да улантылып, «Алга» командасын жетектеп, Олимпиадалык резерв мектебинде машыктыруучу болуп эмгектенген.

Эмгеги жогору бааланып, Кыргыз Республикасынын «Данк» медалы менен, ФИФАнын Президентинин грамотасы менен сыйланып, Кыргыз Республикасынын дене тарбия жана спорттун эмгек сиңирген ишмери наамына ээ болгон.

Юсуп Иминовичтин элеси кыргыз футболунун тарыхында түбөлүк сакталат. Анын футболго болгон берилгендиги жана спорттун өнүгүшүнө кошкон салымы эч качан унутулбайт! Юсуп Иминовочтин үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.

Маркумду жерге берүү зыйнаты бүгүн, 28-февралда өтөт. Жаназа намазы 7-Апрель мечитинде саат
13:00 чамасында окулуп, маркум Орок айылындагы көрүстөнгө коюлат.

#kfu_kg


📌 2025 @kyrgyzpremierleague‘нын алгачкы оюнубузда «ОшМУ» командасын тосуп алабыз.

📍Оюн Кыргыз футбол биримдигин оюн талаасында орун алат.

📱 @FCDordoi



8 last posts shown.