🤲🏻ЖАҢЫ ЖЫЛГА ТИЛЕК БАЙЛАП ЭМЕС, ӨЗҮҢӨРГӨ, ЖАРАТКАНГА ИШЕҢГИЛЕ!
⠀
Жыл жыйынтыгы бир жылга биздин өмүрүбүздүн азайышы.Умар (андан Аллах ыраазы болсун): "Эң акылдуу адам өзүнөн эсеп - кысап алган " - деп айткан. Ар ким өзүнө " Бул жылы өзүм үчүн, башкалар үчүн, акыретим үчүн, Аллах үчүн эмне кылдым " деп суроо берсин. Изилдөөлөргө караганда убакыт сегиз саатка кыскарыптыр. Бул дегени өмүрүбүздүн сегиз саатын жоготтук. Бир көрүшкөн адамым менен кечээ эле көрүшкөндөй тез өттү дейсиз... Жылдар айга, айлар жумага, жумалар күнгө, күндөр саатка, сааттар минуттай тез өтүп жатты, шаштырган, шашылган эле адамдар... "Убакыт жок, бошобой калдым, анан, эртең " деп кээ бирөөсүн күттүрүп, дагы башкасын жоготуп, мамилелер сууп, аралыктар алыстап, жашообуздан береке кеткен замандын деңизинде кемебиздин ылдамдыгынан кайда кетип жатканыбызда да өзүбүз билбейбиз..
⠀
Бирок, бул жыл мен үчүн жемиштүү жыл болду. Жараткан " Эртең дебе" китебимдин ырыскысын кенен ачып берип, бир тараптан айланам жарык жүздүү, таза ойлуу, ийгилик эшиктерине ачкыч болгон жакшы инсандарга толду, жаңы кадамдар, жаңы достор. Бир тараптан пайдасын көрүп, туура жолго түшкөндөр, дуба - тилектер менин жылдап күрөшүп келген сыноомдун сыйы болду алхамдулиллах!
⠀
Айтарым, жаңы жылга тилек байлап эмес, өзүңөргө, Жаратканга ишенгиле. Бир күн болсо да, Жаратканга жаккан иштердин артынан чуркагыла. Жаңы жылда болгону сандар гана өзгөрөт. Уабакыттын тез өтүшү эмес, өмүрүбүздүн азайышы ойлондурсун. Эгер биз өзүбүздү өзгөртбөсөк жылдардын, айлардын, күндөрдүн өтүшүнөн эч кандай пайда жок..
⠀
Жаңы жашоону, жаңы ийгиликке жетүүнүн сааты, күнү жок, ал сенин өзүңө көз каранды. Ошондуктан жашоонун кандай соккусу болбосун, колуңду таштап, артка караба. Жашоо канчалык сизди сындырбасын, сыноо дүйнөнүн сырларын ачып, жакшылыктын эшиктерин ачып берет. Бул менин жашоо тажырыйбамдан өттү. Башыма келген сыноолор канчалык мен үчүн караңгылыгы ачылбаган жамгырлуу күндө жашадым дегеним менен, Жараткандын ырахмат жамгырындай жааган нематы менен суугарылдым. Мен үчүн бул эң кубана турган сыйлык, жүрөгүмдө бейиштин үмүтү, тозоктун коркусу жашайт. Жаратканга шүгүрлөр болсун.
⠀
Жашоо тайманбас, эр жүрөк, көк, аракетчил адамдарды жакшы көрөт. Өмүр - көз жаш төгүү, таарынып, кек сактоо, өзгөрлөрдүн бакытына суктануу, ийгиликти күтүү, жашоонун өзүнөн - өзү өзгөрүшүн күтүү үчүн кыскалык кылат.
⠀
Тирүү адамда көп мүмкүнчүлүк болот. Кыска өмүрдүн кыска жолунда, кыска көз ирмемдерде жакындарыңызды барлыгыңыз менен баалап, бааланып, сыйлап, сыйланып, сүйүп, сүйүлүп, сүйүнтүп, сүйдүрүп, кучактап, кучакталып мээримдин өчпөгөн жылуулугу менен жан дүйнөлөрдү жылытып, бир күн болсо да бир кылым жашагандай жүрөктөргө жакшы сөздүн үрөнүн себиңиз.
⠀
Демек, бул кыска өмүрдү сый менен өткөр.Бүгүнкү адам эртең топурак. Бир үйдө канча жан болсоң, бири-бириңе коноксуң.Сыйлашсаң тирүүңдө сыйлаш, өлгөндөн кийин ыйлаганда не...?
⠀
Акыркы сөзүм, мына - мына эшигибизди каккылап, биз күтүп, биз сагынып, биз майрамдай турган момундардын олжосу болгон касиеттүү Рамазан айынын үрөнүн чачкан Ражаб айы кирип калды. Акыретибиздин үрөнүн жакшы эгип, шаабан айында жакшы суугарып, Рамазанда түшүмүн жакшы жыйнап алууну Жараткандан сурап, дуба кылалы!
⠀
اللّهُمّ بلّغنا رمضان
⠀
"Аллахумма баллигнаа рамадаан ".
⠀
Мааниси: "Оо, Аллах! Бизди Рамазан айына жеткир! "..
⠀
🧕Автор: Насиба Абдуллаева.
https://t.me/formulakg