Global Obon


Channel's geo and language: Kyrgyzstan, Kyrgyz
Category: Education


ЭСКЕРТҮҮ‼️
Музыкалар жасалма интеллект жардамы менен которулат
Музыканын тили — маанисинде 🎼
🌎 Дүйнөлүк хит ырлардын кыргызча котормосу
бизге кошул! ✅
📩 Сунуштар, суроолор жана кызматташуу үчүн:
WhatsApp: https://wa.me/996501643555

Related channels  |  Similar channels

Channel's geo and language
Kyrgyzstan, Kyrgyz
Category
Education
Statistics
Posts filter




Video is unavailable for watching
Show in Telegram
George Michael — Careless Whisper 🎷(Кыргызча котормосу🇰🇬

«Жакын адамымды алдабашым керек эле...
Мага берилген мүмкүнчүлүктү текке кетирдим.
Мен эми эч качан бийлебейм,
Сени менен бийлегендей...»

💔 Бул ыр — бир эле катанын айынан талкаланган чоң сүйүүнүн арманы.

#GlobalObon #CarelessWhisper #Кыргызча


Forward from: @MPiarBot
Video is unavailable for watching
Show in Telegram
СҮЙҮКТҮҮ КЫРГЫЗСТАНЫБЫЗДЫН 7 ОБЛАСТЫНЫН КАЙСЫ ЖЕРИНЕН БОЛОСУЗ❔😍🥰🇰🇬




Video is unavailable for watching
Show in Telegram
Anne-Marie & Marshmello — FRIENDS (Кыргызча котормосу) 🎧

«I'm done being polite» — «Сыйың менен болгонуң бүттү!»

«Haven't I made it clear?» — «Так-кесе эле айтпадымбы?»

Кээде достукту сактап калуу үчүн "жок" деп айтканды билүү керек.

Дүйнөлүк хиттин эң таамай котормосу биздин каналда!


Баарын жаңы барактан баштайбыз... 📔✨

Достор, байкаганыңыздай, каналда чоң өзгөрүүлөр болду. Биз эски контентти артка таштап, жаңы жана уникалдуу долбоорду баштоону чечтик

🌍 Эми бул жерде: Дүйнөлүк музыканын борбору болот. Сиз сүйгөн англис, түрк, орус жана башка тилдердеги хиттердин эң так, эң кооз кыргызча котормолорун жарыялайбыз

Музыканы угуу башка, ал эми анын ар бир сөзүн түшүнүү — таптакыр башка сезим. Биз менен калыңыз, жаңылануу азыр башталат! 🔥


Дарыгердин телефонуна күтүүсүздөн коңгуроо келди :

-Алоо! Сизди угуп жатам.

-Өтүнүч сизден,тез ооруканага келиңиз! Бир оорукчан бала өлүм алдында жатат.Тезинен операция жасоо керек.

-Бара жатам,-деди да машинага отуруп,ооруканага жол тартты.

Аны эшик алдынан өлүм оозунда жаткан баланын атасы кабагын чытып тосуп алды:

-Неге кечигип жүрөсүз?! Балам өлөйүн деп жатат! Эгерде менин баламдын ордунда сиздин балаңыз болуп калса сиз да ушинтип жүрөсүзбү?

-Суук кабарды угаарым менен ушул жакка жөнөдүм,сиз
кабатырланбаңыз-деди да операция жасоочу бөлмөгө кирип кетти.

Операция убакыты узакка созулду.Операция аякталган соң хирург дарыгер бөлмөдөн чыгып, оорулуу баланын атасынын жанынан үнсүз өтүп кетти. Анын артынан дарыгердин жардамчысы чыкты да:

-Кайгырбаңыз,атасы! Сиздин балаңыз аман калды! Балаңыз буйруса өмүр сүрө турган болду-деп жакшы кабарды жеткизди.Баланын атасы аябай катуу кубанды,бирок хирург дарыгер тууралуу мындай деди:

- Бул хирург эмне мынча катаал адам. Эң кур дегенде жакшы кабарды да айтып койбойт...

-Жок сиз адашасыз! Ал өтө жакшы адам. Анын баласы... жол апаатынан каза тапты....
Бүгүн жерге берилет. Ал ошол нерсенин баарын таштап, сиздин балаңызга операция жасоо үчүн дароо жетип келген болчу...

Анын сабырдуулугун айтсаңыз...


ЭГЕР СИЗДЕ КЫЯЛДАНУУ БАР БОЛСО,
АНДА ӨЗ ЖОЛУҢУЗ МЕНЕН КЕТЕ БЕРИҢИЗ
Гвинеялык бир жигит Египеттеги суннит мусулмандары үчүн эң мыкты Аль-Азхард Ислам Университетинде билим алууну кыялданчу. Бирок анын учак менен жеткенге акчасы жок болчу. Ошентип, жигит жети мамлекет аркылуу велосипед менен саякатка чыкты.
Сапар кооптуу болду. Жолдо ал көптөгөн боорукер адамдарга жолугуп, алар анын кылмыштуу топторго жолукпоосуна жана согуштук аймактарга туш келбей өтүүсүнө жардам беришти.
Төрт айдан кийин Мамаду аттуу жигит Каирге келип, көп өтпөй Аль-Азхар университетинен стипендия алды. Ал айтты: «Эгерде кыялданууң болсо, ага таян жана өжөр бол. Кудай сага жардам берет».


КУТКАРЫП КАЛУУ ҮЧҮН ДАГЫ БИР МҮМКҮНЧҮЛҮК

Устат Ли Хунчжи — Фалунь Дафа (Фалуньгун) рухий жактан өркүндөтүүчү практикасынын негиздөөчүсү, 30 жылдан бери биринчи жолу бардык адамдарга кайрылды. Өзүнүн кайрылуусун түшүндүрүп жатып, Ли Хунчжи бардык тирүү жандыктарды сактап калууга дагы бир мүмкүнчүлүк берилип жатканын белгиледи.
Дүйнө жүзүндө башаламандык жана табигый кырсыктар болуп жатат. Күн сайын кырдаал татаалдашып баратат. Ли Хунчжи куткаруунун кандай мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө айтып жатат? 100 миллион жолдоочулардын руханий насаатчысы катары, ал аларды адил жолго түшүүгө үйрөтөт.
Фалуньгундун принциптери — Чындык, Боорукердик, Сабырдуулук. Алар Ааламдын принциптери жана бардык диндерде камтылган. Устаттын бардык окуулары Чындык-Боорукердик-Сабырдуулукка негизделген. Гениалдуулук жөнөкөй, деп айтышат акылмандар. Кудайга ишенүү, жакшы адам болуу, башкаларга боорукер болуу, жардам берүү жана боорукердик менен мамиле кылуу, кыйынчылыкка тайманбастык менен туруштук берүү, ата-бабаларыбыздын салт-санаасын сактоо, жаратылышты, айланабыздагы бардык нерселерди сүйүү – бул куткаруунун негизги мүмкүнчүлүктөрү.
Ли Хунчжинин кайрылуусу 108 сүйлөмдөн турат, алардын ар бири Асман сыры. Алар сенин мүмкүнчүлүгүң.
«Адамзат эмне үчүн жашайт» деген макала бардыгына жеткиликтүү жана бир нече сайттарда, анын ичинде TheEpochTimes жана NTD TV сайттарында жайгаштырылган.


Акыркы убактарда мындай ой келе баштады, туурабы же туура эмеспи чогуу талкуулайлычы.

1990-2000-жылдары АМАН КАЛУУ (выживание) үчүн жашадык. Себеби Союздан жаңы эле ажырап эч нерсе жок болчу, жадагалса нанга кезекке турган учурлар болгон.

2000-2010-жылдары НОРМАЛДАШУУ башталды. Кимдин эмнеге шыгы болсо ошонун үстүндө иштей баштады. Россияга мигрант болуп кеткени болду, шустрыйлары ишкер болду. Саясат менен жан багам деп келечекти саясатта көргөндөр болду. Себеби саясат кирешелүү "кесип" болчу. Башкача айтканда кайсы кесиптен көп киреше түшсө ошол жака ыктай башташты.

2010-2040-жылдары материалдык байлык топтоп "БАЮУ" жылдары башталды. Жаңы үй алгандар, машина алгандар, айылдагы эски үйүн оңдогондор, жакшы табит менен кийингендер, дүйнө жүзүндө жана өлкө ичинде саякаттагандар. Кыскасы ар ким өз жолун таба баштады. Элдин жашоо деңгээли көтөрүлө баштады. Бирок бул процесс аяктай элек, дагы бир топ жыл уланат.

2040-жылдан баштап өзү-көзү байлыкка тойгон эл үчүн РУХАНИЙ, МАДАНИЙ, ДИНИЙ ЖАНА ИЛИМИЙ ЖАКТАН ИЗДЕНҮҮ жылдары башталат. Баарын татып көргөн эл чындап издене баштайт. Материалдык байлык жетишпестигин көрөт. Ошондо ЭЛ үчүн эмес ӨЗҮ үчүн жашаганды үйрөнөт. Башкача айтканда ИЧКИ ДҮЙНӨСҮН сугара баштайт. Мамлекет жана коом мына ошондо гана толук кандуу ӨНҮГӨТ деп ойлойм. Болбосо азыр 570 айдаган билимсиз байлар, көчөгө мусор ыргыткан маданиятсыз профессорлор, эмнеге налог төлөшүм керек деген түшүнүгү жок маданият адамдары толуп кеткен. Булардын жоюлушуна бираз убакыт керек болот.

деп салдым :)
Силер кандай ойлойсуңар?

Автор:Сүйүн Откеев


Акча таап, абийрин саткандар бар.
Акча таап, ата-энесин каккандар бар.
Акча таап, күнөөгө баткандар бар.
Акча таап, мекенин саткандар бар.
Акча таап, ыйманын саткандар бар.
Акча таап, ырахатын көрбөй, гөр-кабырда азапталып жаткандар бар.


Video is unavailable for watching
Show in Telegram


КАЙГЫЛУУ КЛОУНДУН ОКУЯСЫ

Күндөрдүн биринде психиатрдын клиникасына маанайы чөгүнкү ыйлаган абалда бир адам келип сүйлөй баштады:

– Менин материалдык абалым жакшы, акчам бар. Ден соолугум деле жакшы. Бирок менде бир көйгөй бар.

- Ал кандай болгон көйгөй?

– Маанайымды эч эле көтөрө албайм. Ар дайым капаланып депрессияда жүрөм. Мен да чындап күлгөндү каалайм, кээде күлүп көңүл ачкым келет. Ошон үчүн сага келип отурам.

-Досум, чынын айтсам, муну мен да билбейм. Бирок мен сага бир сунуш айта алам. Мындан 10 күн мурун бул көчөгө цирк келген болчу. Клоуну да бар эле. Ал күн аябай соонун өттү, өзгөчө ошол клоунду көрүп алып, боорумду тырмап, ыкшып жерге жыгылганча күлүп, аябай эле жыргадым. Сенин да ошол циркке барып, өзгөчө жанагы клоунду көрүүңдү сунуштайм.

Муну укан кишинин жылдызы жерге түшүп, кабагы ачылбай түнөргөн абалда мындай деди:

– Тиги клоун... бул менмин...


БЕШ НЕРСЕДЕ УЯЛБА:

🍒Кедей досуңдаң,
🍒Кедей турмушуңдан.
🍒Карыган ата-энеңден.
🍒Кемтиктен (кошо жаралган).
🍒Кара жумушуңдан(эгер адал болсо)

БЕШ НЕРСЕДЕ МАКТАНБА:

🍎Кедейдин алдында байлыгыңды.
🍎Жетимдин алдында ата-энеңди.
🍎Жесирдин алдында турмушуңду.
🍎Баласыздын алдында балаңды.
🍎Оорулуунун алдында ден-соолугуңду.

БЕШ НЕРСЕДЕ УЯЛ:

🍓Ток отуруп кошунаңдын ачкалыгынан.
🍓Денин соо туруп жумушсуздугуңдан.
🍓Катаңды биле туруп улантуудан.
🍓"Ач жүрүп чоң сүйлөгөндөн."
🍓Милдетиңдин чаласынан.

БЕШ НЕРСЕДЕ КЕЧИРИМДҮҮ БОЛ:

🥝Катасын билип ийилгенге.
🥝Бир тууганга.
🥝Үй-бүлөөдө.
🥝Душманыңа.
🥝Сүйүүдө.

БЕШ НЕРСЕҢДИ ЖОГОТПО:

🍇Ыйманды(сабырыңды).
🍇Убакытты.
🍇Абийирди.
🍇Ата-эне, бир тууган арасында мамилеңди.
🍇 Даражада - өзүңдү.

БЕШ НЕРСЕДЕ КЫЯНАТ КЫЛУУДАН САК БОЛ:

🍊Аманатка.
🍊Достукка.
🍊Чындыкка.
🍊Бирөөнүн акысына.
🍊Көңүлгө.

БЕШ НЕРСЕДЕ АЯНБА:

🍋Садакада.
🍋Адилеттүүлүктө.
🍋Тарбияда.
🍋Илимде.
🍋Жакшылыкта.

БЕШ НЕРСЕДЕН КАЧ:

🍏Жалгандан.
🍏Ушактан.
🍏Кыянаттан.
🍏Жалкоолуктан.
🍏Арамдан.


Video is unavailable for watching
Show in Telegram
Даниялык келин (Кыргызча Ислам Фильм)

#кызыктуукино

БИЛИМ МЕДИА


Дүйнө жүзүндө 197 көз карандысыз мамлекет бар, анын ичинен 193 мамлекет Бириккен Улуттар Уюмуна мүчө, 2 мамлекет байкоочу катары мүчөлүк кылат. Дүйнө мамлекеттери тууралуу түркүн кызыктар бар, алардын айрымдары менен төмөндөгү маалыматтар топтомунан тааныша аласыз.

Канаданын аймагында дүйнө жүзүндөгү көлдөрдүн 60%ы жайгашкан. Бул өлкөдөгү 3 миллион көл анын аймагынын 9%ын ээлейт.

Ливиянын кээ бир аймактарынын 99%ы чөлдөр менен капталган, ал жерлерде ондогон жылдар бою бир тамчы да жаан жаабайт.

Гуамда жаратылыш кумдары жок болгондуктан жолду асфальттоо үчүн кораллдарды жна мунайды колдонушат.

Францияда башка аймактарын кошо эсепке алганда 12 сааттык, Россияда 9, АКШда 11 сааттык алкак бар.

Науруну ашыкча салмактагы адамдардын өлкөсү деп аташат. Анын калкынын 95%ын толук адамдар түзөт.

АКШда Жер шарынын калкынын 5%ы жашаса, андагы түрмөлөрдө дүйнө жүзүндөгү камактагылардын 25%ы — 2,2 миллион адам олтурушат. Экинчи орунда Россия (1,5 миллион адам), үчүнчү орунда Кытай (870 миң адам) турат.

Сингапур дүйнө жүзүндөгү ири шаар-мамлекет болуп эсептелинет.

Папуа-Жаңы Гвинеянын жашоочулары ар түрдүү 820 тилде сүйлөшөт. Расмий англис тилин калктын 2%ы гана колдонот.

Фолкленд аралында (Улуу Британия) 3 миң адам жашайт жана 500 миң кой бар.

Катарда башка өлкөнүн жарандары үчүн жарандык алуу мүмкүн эмес, жарандык алуу үчүн араб болуп төрөлүүдөн башка жол жок.

Нью-Йорктогу Эркиндиктин Статуясын АКШлыктар эмес, француздар курган. Бирок ал эстеликти алгач АКШга эмес, Мисирдин Порт Саид шаарына куруу пландаштырылгандыгын баары биле бербейт.

Эне болуу үчүн эң ыңгайлуу мамлекет – Финляндия. Эларалык уюмдун изилдөөсүнө ылайык, аны аныктоо үчүн 5 көрсөткүч каралган. Ага ылайык, үчилтикке Финляндия, Норвегия жана Швеция кирди. Кыргызстан болсо, бул рейтингде 178 өлкөнүн ичинен 108-орунга илинди. Ал эми эң ыңгайсыз мамлекет деп Сомали деп табылды.

Сингапурда сагыз чайноого тыюу салынган. Сагыз чайнагандар административдик жазага тартылат. Сингапур- эң өнүккөн жана эң чоң шаар мамлекет катары да таанымал.

Монголияда 1 чарчы километр аянтта 3 эле киши жашайт. Ал эми Гонгконгдо ушундай эле аянтка 340 000 адам туура келет.

#Пайдалуумаалымат


Алыскы-алыскы Африка деген жерде, кулак угуп көз көрбөгөн чөлдө, бир абдан тентек коделек жашады. Бир күнү ал оюн салып бара жатып, акырага жолукту. Анын асман тиреген узун моюнуна таңыркап, минтип сурады:

-Акыра, акыра! Сага мынчалык куркуйган узун моюндун эмне кереги бар?
Акырага коделектин суроосу жакпай калды:

-Аны билгиң келсе жүр, артымдан ээрчи! – деди ал кыжырданып. Коделек акыраны ээрчиди, акыра алдыга түштү. Экөө кайдадыр бир белгисиз тарапка жөнөштү. Көп өтпөй какыраган чөлгө да жетишти. Анан алар чөл аралап жүрүп отурушту. Өздөрү абдан чарчап, карындары ачты.

Бир кезде жашыл десе жашыл, бийик десе бийик өскөн жалгыз даракка туш болушту. Акыра моюнун созуп жалбырак үзүп жеди.

-Бах! Абдан даамдуу жалбырак тура! – деди ал коделектин шилекейин агызып. Аны көргөн коделектин оттогусу келди. Бирок, какыраган чөлдө кайдагы от. Шыгыраган кумдан башка серейген куурай да жок эле. Айласы кеткен коделек: -Акыра, акыра жалбырактан мага да үзүп берчи? – деп сурады. –Өзүң эле үзүп жечи – деди, акыра моюнун толгоп. Коделек дарактын башына моюнун канчалык созсо да жете албады. Ыйламсырап акырага минтти:

-Акыра, акыра! Кардым аябай ачты куркуйган моюнуңду берип турчу, жалбырак үзүп жейин?

-Жок коделек! Ал куркуйса да менин моюнум! Мен сага өз моюнумду бере албаймын! – деди акыра.

Коделек ойлонуп калды. Акырага орунсуз суроо берип, аны капа кылып койгонун сезди. Ал эми кетирген каталыгын оңдогусу келди:

-Акыра, акыра! Мени кечирип койчу? Мындан ары орунсуз суроо берип, сени капа кылбаймын, – деди. Аны укканда акыра жибип кетти: -Ии, макоо коделек! Ар кимдин өзүнө жараша моюну да болорун түшүндүңбү акыры?! – деди ага жалбырак үзүп берип жатып.

Ошондон кийин коделек бирөөгө жөнү жок суроо бергенин койду. Ал ошентип акыра менен дос болуп алды.

#окуялар

БИЛИМ МЕДИА


Video is unavailable for watching
Show in Telegram
БИЛИМ МЕДИА


ӨНҮГҮҮГӨ ЖЕТЕЛЕГЕН ТОСКООЛЧУЛУК

1997 жылы колледжде окуган достор интернеттен каалаган маалыматты таап бере турган алгоритм жазып чыгышат. Ал убакта интернет жаңыдан жайылып баштап азыркыдай кулачын кенен жая элек мезгил эле. Бул жигиттер мыкты билим алууга аракетин жумшап, колледжди татыктуу бүтүрүү максатын көздөшкөндүктөн ал ишине убакыт табылбай калат. Ошол себептен, алгоритмди ал кездеги интернеттеги ири деп эсептелген Yahoo компаниясына 1 млн долларга сатууну чечишет. Yahoo компаниясы ары сүйлөшүп, бери сүйлөшүп баасын 500 миң долларга түшүргөнү менен акырында сатып алуудан баш тартып койгон. Соодасы болбой калган достор ал ишин улантууга аргасыз болушкан.
Андан бери эчен жылдар өтүп, эки студенттен турган чакан компания дүйнөгө таанылган Google аттуу корпорацияга айланды жана азыркы мезгилде 250 миллиард долларга бааланууда.

Эгер ишиңиз оңунан чыкпай жатса тагдырыңызга таарынгандын ордуна, «Жараткандын планы меникинен миң эсе мыкты» деп билип, баштаган ишиңизди таштабастан уланта бериңиз. Кийин ушундай бир мезгил келет – аркага кылчайып, өткөнгө назар салуу менен анализ кылган учурда, ишиңиздеги же жашооңуздагы болгон сыноолор Сизди көп нерсеге үйрөтүп, акырында чоң жетишкендикке түрткү болгонун, эгер ал сыноо болбогондо азыркы абалга жетпей калмак экениңизди байкайсыз.

БИЛИМ МЕДИА



20 last posts shown.

216

subscribers
Channel statistics