•ИЛИМ КАБАРЧЫ ➤✉️📚


Channel's geo and language: Kyrgyzstan, Kyrgyz
Category: Quotes


•ТЕСТ📋
•𝐗𝐀ДИ𝐂𝐓𝐄𝐏•𝐀Я𝐓𝐓𝐀𝐏📚
•𝐓𝐀𝐂И𝐏ДҮҮ ВИД𝐄𝐎 Б𝐀Я𝐇Д𝐀𝐏.⚖️

Related channels  |  Similar channels

Channel's geo and language
Kyrgyzstan, Kyrgyz
Category
Quotes
Statistics
Posts filter


⚜️Адам табиятына туура келбеген жооруктарды,күнөөлөрдү көзүбүзгө жакшы көрүнүш катары көргөзүп, шайтан акырындык менен азгырып отуруп,биздин айлана чөйрөбүзгө, коомубузга ,керек болсо үйүбүзгө чейин тамырлаган.

Ошол себептен азыр, шарият жолунда,ислам,ыйман,адеп ахлак менен жашоо аң сезимибизге татаал , аябай эле оор сыяктуу болуп көрүнөт.Чындыгында кыйынчылыксыз жеңил,жакшы жашоо динде.

"ЭРКИН ОЙ ЖҮГҮРТҮҮ" китебимден үзүндү.

𝓘𝓵𝓲𝓶 𝓚𝓪𝓫𝓪𝓻𝓬𝓱𝔂
•┈┈┈┈•❈••✾••❈•┈┈┈┈•


Video is unavailable for watching
Show in Telegram


Forward from: Солиха кыз)
БАКЫТКА БАГЫТ БЕРГЕН 4 САНЫ

Төрт адамды эч качан таштап койбо :ата-эненди, аялыңды, балдарынды, досторунду

Төрт нерсе менен сулуулан: сабыр, жумшактык, илим, берешендик

Төрт нерсеге кыянаттык кылба: Пайгамбарыңа, диниңе, мекениңе , Аллага

Төрт нерседен алыс бол: арактан, кумардан, сүткор- дуктан, зынадан

Төрт нерседен сактан: шайтандан, напсинин азгы- рыгынан, шахваттан, жаман достон

Төрт адамга таш боордук кылба: жетимге, мусапыр- га, кедейге, ооруп жаткан адамга

Төрт адамга суук маиле кылба: атаңа, апаңа, ага- иниңе, эже-карындашыңа

Төрт адамдын ачуусуна тийбе: аалымдын, муга- лимдин, такыба адамдын, карыянын

Төрт нерсени аткарба: бой көтөрбө, текеберденбе, көрө албастык кылба, кек сактаба

Төрт адам менен дос болбо: жалганчы, ууру, көрө албас, менменсинген адам

Төрт нерсени такыр үзбөй аткар: намазды, Куран окууну, зикр кылууну, туугандар менен карым-катнашты

✍🏻:@sa1iha_kg


Суроолорум кыйын эмес бекен?


Forward from: Солиха кыз)
Ислам тарыхындагы эң алгачкы курулган мечит?
Poll
  •   Сарахси мечити
  •   Надежда мечити
  •   Куба мечити
  •   Акса мечити
284 votes


Forward from: Солиха кыз)
Пайгамбарыбыз Мухаммад с.а.в Меккеден Мадинага сапарында, орто жолдо же Мединага 10 чакырым узактык жайда, эмне деген мечит курган?
Poll
  •   Кааба мечити
  •   Аль Масжид мечити
  •   Куба мечити
  •   Харам мечити
259 votes


Forward from: Солиха кыз)
Пайгамбарыбыз с.а.в Меккеден Мадинага хижра кылып жатканда, кайсы бактылуу сахаба жолдош болгон?
Poll
  •   Умар р.а
  •   Али р.а
  •   Абу Бакр р.а
  •   Усман р.а
247 votes


Forward from: Солиха кыз)
Пайгамбарыбыз с.а.в Жабрайил периште аркылуу вахий алып турган. Кайсыл вахийди түздөн - түз Аллах Тааладан алган эле?
Poll
  •   Жихады
  •   Орозону
  •   Хижратты
  •   5 убак намазды
241 votes


Forward from: Солиха кыз)
Пайгамбарыбыз с.а.в Сидротул Мунтахадан өткөн соң, тагдырлар жазылган тактай барактарына көчүрүп жаткан периштелердин калеминин үнүн угат, ал жер эмне деп аталат?
Poll
  •   Тубо
  •   Лавхул Махфуз
  •   Байтул Маьмуур
222 votes


Forward from: Солиха кыз)
Пайгамбарыбыз с.а.в асманда периштелер айланып таваф кылып жаткан жерди көрүп: «Бул эмне»- деп сурайт Жабрайилден ! Жабрайил эмне жооп берет?
Poll
  •   Бул « Сидротул мунтаха»
  •   Бул « Каусар»
  •   Бул «Тубо»
  •   Бул «Байтул Маьмуур »
243 votes


Forward from: Солиха кыз)
Пайгамбарыбыз с.а.в асманга көтөрүлгөндө , асмандын 7чи кабатында кайсыл Пайгамбарды жолуктурган?
Poll
  •   Муса а.с
  •   Иса жана Яхя а.с
  •   Ибрахим а.с
  •   Идрис а.с
259 votes


Forward from: Солиха кыз)
Жабрайил периште Пайгамбарыбыз с.а.вды алып кетүү үчүн, асмандан: качырдан кичинерээк, эшиктен чоңураак ак түстөгү жаныбарды алып келет , ал жаныбардын аты....
Poll
  •   Нурсил
  •   Бурак
  •   Визирь
  •   Сахара
238 votes


Forward from: Солиха кыз)
Пайгамбарыбыз с.а.в "Миражга" же Түнкү Сапарына" кайсыл айда көтөрүлгөн?
Poll
  •   Ражаб айынын 27 күнүндө
  •   Шаваль айынын 27 күнүндө
  •   Зуль Хиджа айынын 27 күнүндө
  •   Мухаррам айынын 27 күнүндө
248 votes


Аллах Тала сүйгөн 6 сыпат...

• Тообаны көп кылган адамды.
Чындыгында, Аллах төлөөлөрдү кабыл алуучу мээримдүү.
{ат-тавба}

• Тобокел кылган адамды.
Аллахка тобокел кыл! Аллах озуно тобокел кылгандарды сүйөт.
{Ал - Имрон }

• Ихсан кылган адамды Аллахка - жакшылык кылуучуларды сүйөт .
{Ал - имрон }

• Такыбаа болгон адамды.
Чындыгында Аллах - такыбаларды жакшы көрөт. {Ат - тавба}

• Сабырдуу болгон адамды.
Аллах сабырдууларды сүйөт. {Ал-имран 146}

• Адилеттүүлүк кылган адамды.
Акыйкатта , Аллах - адилеттүүлөрбу сүйөт
{Ал - маида}


Аллах кимди туура жолго салууну кааласа, анын көкүрөгүн исламга кенен кылып койот.

(Анъам сүрөсү : 125 аят )

Ушул аятты Расулуллах с.а.в тилават кылып мындай дейт:

Пайгамбарыбыз:
- Акыйкат, эгерде нур жүрөккө кетсе, жүрөк кеңейет.

Сахабалар кызыгып Пайгамбарыбызга суроо узатышты:
- Мунун билгиси кандай болот ?

Ошондо Пайгамбарыбыз:
- Жалганчы дүйнөдөн алыстоо, түбөлүктүү дүйнөгө кайтуу, өлүмдөн мурда ага даярдык көрүү . - деп жооп берди)


Төрт нерсени төрт нерсе менен жууп туруңуздар:

-Жүзүңүздү көз жаш менен
-Тилиңизди зикир менен
-Жүрөгүңүздү такыбалык менен
-Күнөөлөрүңүздү тооба менен.


Forward from: Солиха кыз)
ЖҮРӨКТҮ АЛТЫ НЕРСЕ ӨЛТҮРӨТ

Хасан Басри, рахимахуллах, айтты:

– Адамдын жүрөгүнүн бузулушу алты нерседен пайда болот:

➀ Тообо кылам деген үмүттө күнөө кыла беришет.

➁ Илим алышат, бирок ага амал кылышпайт.

➂ Эгерде илимине амал кылышса, анда чын ыкластан кылышпайт.

➃ Аллахтын берген ырыскысын жешет, бирок Ага шүгүр кылышпайт.

➄ Аллахтын ага берген ырыскысына эч качан ыраазы болушпайт.

➅ Өлгөндөрүн көмүшөт, бирок өлүмдөн сабак алышпайт.

📖 {“Аль-Калим ат-Тайиб”, 234}


Forward from: Солиха кыз)
Аллахты зикир кылуу сөздөрү •
Жана алардын мааниси•

• Истигфар (استغفار), АстагфирулЛах (أستغفر الله) - "Аллахым мени кечир"

• Истиаза (استعاذة), Аъузу билЛах (أعوذ بالله) - "Аллахка кайрылам"

• Такбир (تكبير), Аллаху Акбар (ﷲ اكبر) - "Аллах Улук"

• Тасбих (تسبيح), СубханалЛах (سبحان الله) - "Ыйык Аллах".

• Тахлил (تهليل), Ла Ильяха иллалЛах (لا إله إلا الله) - "Лаа илааха иллаллох".

• Тахмид (تحميد), Аль-Хамду лилЛах (الحمد لله) - "Аллахка мактоолор болсун."

Билип жүрөлү!🫀)


⚜️ "Балдарыбыз өзүбүз каалаган эмес,үйрөнгөн тарбиябызды алат."

⚜️"Өзүбүздү өзгөртпөй,өзгөнүн өзгөрүүсүнө себеп боло албайбыз."

✍🏻 китебинен.


Video is unavailable for watching
Show in Telegram
Амансыздарбы урматтууларым ?

Аллах Таала пенделерин кабардар көрүүчү!

Жашообузда болуп жаткан адилетсиздик,фитналарга көз жумуп жашай албай, дин душмандарынын адам заттын табиятына туура келбеген, иш аракеттерине ,саясатына каршы жооп катары, китеп жазууну Аллах Тааланын каалосу менен баштадым.

Китеп толук жазылып жарык көрүүсү үчүн ,Жараткан Аллах Таалага дуба кылып турушуңуздарды суранам.


⚜️Урматым менен Илим Кабарчы диний баракчасынын админи Сейитбек Абдуразак уулу.

20 last posts shown.