🤲Кечирим тиле, күнөөӊ кечирилет, ырыскыӊ көбөйөт...
⠀
Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Айша энебизге:
⠀
«Айша, эгер күнөө кылганыӊды сезсеӊ, Аллахтан кечирим тилеп, Ага тообо кыл. Адам күнөөсүн моюндап, анысына тообо кылса, Аллах тообосун кабыл кылып, күнөөсүн кечирет» деп насаат айкан.
⠀
Көпчүлүк адамдар өзүнүн күнөө кылганын билбейт. Анткени, шайтан адамдарга алар кылган күнөө туура иштей көрсөтөт. Шайтандын айлаамалы ушунчалык күчтүү, кээде өтө чоӊ күнөө кылып жаткан адам кылган ишин өтө сооптуу иштей санап алат.
⠀
Адам өзү сезбестен жасап алган күнөөнү ошол күнөөнүн кесепетинен байкаса болот. Мисалы, кээде жөндөн жөн эле жүрөк кысылат, көӊүл чөгөт, үйдөн береке качат, б.а.киреше канчалык көп болсо деле башка тарсаӊ бутка, бутка тарсаӊ башка жетпеген жашоо болот ж.б .у.с. көйгөйлөр көбөйөт. Мына ушундай учурда мунун себебин изилдөө зарыл.Эгер тыкыр изилдесеӊ, буга сенин кайсы бир күнөөӊ себеп болуп жатканын байкайсыӊ.
⠀
Демек, бул көйгөйлөрдү чечүүнүн жолу ага себеп болуп жаткан күнөөнү жоюу. А, күнөөнүн жоюнун жолу истигфар айтып кечирим тилөөдө.
⠀
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бир сөзүндө: «…мен күн сайын жүз, кээде андан да көбүрөөк кечирим тилеп, тообо кылам» деген. Эч күнөөсү жок,өткөн жана келечек каталары кечирилген пайгамбар күнүнө жүз жолу истигфар айтса, биз, күнөөсү эки атка жүк болгон көр пенделер эмне үчүн истигфар айтпашыбыз керек?!
⠀
☝🏻Сүйүктүү эжем, сүйүктүү карындашым! Жыйырма төрт саат убактыӊдан он мүнөт бөлүп ал. Эч ким жолтоо болбогон, эч кимдин үнү угулбаган, эч ким көрбөй турган жерге отур. Көзүӊдү жум. Жашап жаткан дүйнөӊдөн сыртка чык. Көр тирилик, көйгөй, мүшкүл, кайгы, кубанычтын баарын эсиӊден чыгар. Өзүӊ жалгыз өзүнчө бир мейкин ааламга калкып чык. Анан колуӊдагы теспеӊди шашпай тизмектеп:
⠀
📍 «Астагфируллоох алАзиим, ва атуубу илайхи» деп чын ыкласыӊ менен жүз жолу айт. Жүз болмоюнча көзүӊдү ачпа. Толук айтып бүткөндөн кийин көзүӊдү ач. Эгер ыйманыӊ бекем болуп, тозоктун азабынан корккон жүрөгүӊ болсо жана көр оокат менен күнөө каталар жүрөгүӊдү катыра элек болсо, бул учурда көзүӊдөн жаш сыгылат. А, эгер жүрөгүӊ кату болсо көзүӊдөн жаш чыкпайт. Жаш чыкпаса да кадимкидей жеӊилдеп калганыӊды сезесиӊ. Бүгүн чыкпаган жаш эртеӊ чыгат. Көзүндү ачып турганыӊдан кийин, жашооӊ жарык болуп, жашоого көз карашыӊ өзгөрүп калганын байка йсыӊ. Буга бөркүӊдөй ишен. ...
⠀
🤗Анан сага ушундай багыт көрсөткөн мага да алакан жайып дуба кылууну унутпа… Жума маарек болсун жакшылар!
⠀
👤Автор: Алайчы Сеитбеков.
⠀
📔"Аял сен асылсың" китебинен.
https://t.me/ilimnurusabaktar