Ислам дини


Channel's geo and language: Kyrgyzstan, Russian
Category: Religion


Жакшылыкка багыт көрсөтүүчү - аны аткаргандай эле соопко ээ болот!(Хадис)

Related channels  |  Similar channels

Channel's geo and language
Kyrgyzstan, Russian
Category
Religion
Statistics
Posts filter


Сиздер үчүн 24-саат пайдалуу каналдардын тизмеги. Катталып пайда алыңыз ✨!.


Forward from: Жүрөктөрдүн ачкычы
😅🤭🐣🥰

Намаз кабыл болуусунун белгиси барбы?

Ооба бар! Ал — адамдын жүрүм-турумунун оңолушу.
Эгер намаз окуган адам күнөөлөрдөн алыс боло баштаса, жаман сөздөн, жаман иштен качса — бул анын намазы натыйжа берип жатканын көрсөтөт.

Куранда айтылат:
“Намаз — ыймансыздык менен жаман иштерден тыйат”
(Анкабут сүрөсү, 45-аят)

Эгер намаз окуп жүрүп дагы жүрөгүбүз өзгөрбөсө — демек, биз денебиз менен эмес, жүрөгүбүз менен намаз окушуубуз керек.

Намаз — жүк эмес, жүрөк үчүн жыргал!
https://www.instagram.com/reel/DIg7MKJo1JY/?igsh=MXVlOTM1ZWNwcGpnaw==


قُلْ مَا يَعْبَأُ بِكُمْ رَبِّي لَوْلَا دُعَاؤُكُمْ

«Дубанар болбосо, Жараткандын алдында кандай баркынар болмок эле!». (25:77)


Адамга керектүү нерселердин баарын камтыган эң күчтүү жана эң баалуу дуалардын бири:

Түбөлүк дүйнөдө жакшы, бул дүйнөдө жакшы⤵️

رَبَّنَا آتِنَا فِي الدُّنْيَا حَسَنَةً وَفِي الْآخِرَةِ حَسَنَة ً وَقِنَا عَذالَاب

[Робба-на!  Аати-наа фи-д-дуня хясанатан ва фи-л-ахирати хясанатан ва ки-наа 1заба н-нар]

Раббибиз!  Бизге бул дүйнөдө жакшылык, түбөлүк дүйнөдө жакшылык бер жана бизди тозок азабынан сакта.
https://www.instagram.com/reel/DIdILl2IV56/?igsh=NXRzcWZ6bDI1a2R5


Кайсы аял бейишке кирет?

Пайгамбарыбыз Мухаммад (ﷺ) айтты:
"Эгерде бир аял беш убак намазын окуса, орозосун кармаса, абийирин сактаса жана күйөөсүнө моюн сунса, анда ага: 'Бейиштин каалаган эшигинен кир!' — деп айтылат."
(Хадис – Ибн Хиббан)

Бул – аялзаты үчүн эң чоң сүйүнчүлүү кабар. Күйөөсүнүн ыраазычылыгын алуу — бейишке жол ачат.

Бүгүн күйөөңүз сизге ыраазы болдубу?..
https://www.instagram.com/reel/DIaSUAio8Er/?igsh=MWhxNWdlMmo4cnlhbg==


*Адептүү кийимдин шарттары* (Ханафий мазхабы боюнча):

1. Бүт денени жаап турушу керек.
Жүзү жана колунан башка

2. Калың болуусу керек, дене көрүнбөшү шарт.

3. Денеге жабышпаган болушу керек, дененин формасын билдирбеши керек.

4. Жылтырак, көңүл бурдурган болбошу керек.

5. Аялдардын кооздонуусу (зина) көрүнбөй тургандай болушу керек.

Курандагы далилдер:

а) Сура ан-Нур, 31-аят:

Түшүндүрмө:
Бул аят аялдын жоолугун жөн гана башына салуу жетишсиз экенин, аны көкүрөккө чейин түшүрүп, чыныгы жаап турушу керектигин билдирет.

Жана
b) Сура ал-Ахзаб, 59-аят:

.

.

.ЭМИ СИЗГЕ СУРОО : НИКАБКА ( ПАРАНЖАГА) БОЛГОН , КӨЗ КАРАШЫНЫЗ КАНДАЙ ?
ЖООБУН ⤵️ КОМЕНТАРИЙДЕ КУТОБУЗ .
https://www.instagram.com/reel/DITxmQMIgHY/?igsh=MXRydXRibHBpaGx6dA==


Ас-салааму ъалайкум ва рахматиллохи ва боракатух кандайсыздар Амансыздарбы Урматтууларым


Бул жерде суроо :?

Сиздин Никабга болгон көз карашыңыз кандай?

Жообун ⤵️ Коментарийге калтырыңыз 🤗 сөзүңүз катталып лайк басканды нутпаныздар 😍




*"Астагфируллох ва атуубу илайхи" (أستغفر الله وأتوب إليه)* деп айтуу, "Аллахтан кечирим сурайм жана Ага тооба кылам" деген маанини билдирет. Бул дубаны жатаарда айтуу көп пайдалары бар:

*1. Күнөөлөрдүн кечирилиши* – Куранда жана хадистерде истигфар (кечирим суроо) күнөөлөрдү тазалап, адамдын жүрөгүн тынчтандырары айтылган.


*2. Жүрөк тынчтыгы* – Күнүмдүк иштерден чарчаган адам Аллахтан кечирим сурап, тооба кылуу менен тынч уйкуга кетет.


*3. Шайтанга каршы коргонуу* – Пайгамбарыбыз (ﷺ) ар бир иште Аллахты эске алууну үйрөткөн. Жатаарда истигфар айтуу шайтандын азгырыгынан сактайт.


*4. Капыстан өлүмгө даяр болуу* – Пайгамбарыбыз (ﷺ) "Кимде-ким кечинде тооба кылса, ал эртең менен өлсө да, тооба кылган абалда болот" деп айткан.


*5. Береке жана жакшылыктын эшигин ачуу* – Куранда (Нух сүрөсү, 10-12-аяттар) Аллах истигфар кылгандарга молчулук, балдар жана жамгыр түрүндө жакшылык берерин убада кылган.



Уктоодон мурун бул дубаны айтуу жакшы адат болуп, руханий жана психологиялык тынчтыкка жеткирери шексиз.


*📌 ОРОЗО АЙТ ТАКБИРИ.*

*"Аллооху Акбар, Аллооху Акбар,
Ля иляяха иллАллооху,
вАллооху Акбар, Аллооху Акбар,
ва лиЛляяхиль-хамд!"*

*Аллах Таала айтты:*
"*... (Рамазан) айын аягына чейин кармооңор үчүн жана силерди Туура Жолго* *салганы үчүн Аллахты улуктооңор үчүн (такбир айтуу менен).."*
*{Бакара сүрөсү 185}*

*Суроо:*
Бул такбирлер качан жана кайсы убакка чейин айтылат?

*Жооп:*
Бул такбирлерди айтуу орозо айынын акыркы күнү бүтүп, Шаввал айы жаңырган кечеден тарта тээ айт намазы окулганга чейин улана берет.

*Суроо:*
Бул такбирлерди кимдер жана кандай сыпатта айтышат?

*Жооп:*
Ар бир мусулман адам жамаат менен биргеликте эмес өзүнчө айтат жана эркек киши үнүн чыгарып айтат, ал эми аялдар болсо үнүн чыгарбай купуя айтат.

Бул такбирлер кандайдыр бир белгилүү орундарда гана эмес, балким мечиттерде, базарларда, үйлөрдө да айтыла берет.

*Суроо:*
Бул такбирлерди айтуунун өкүмү кандай?

*Жооп:*
Бул такбирлерди жогоруда айтылган убактарда айтуу көпчүлүк аалымдарынын көз карашында мустахаб.


https://whatsapp.com/channel/0029VaS5uU79cDDgkxNPjH2e
𝐀𝐤𝐲𝐫𝐞𝐭𝐤𝐞_𝐀𝐦𝐚𝐥
Орозо айтыңыздар маарек болсун!

Аллах Таала бизден жана сиздерден кабыл кылсын!

تقبل الله منا ومنكم!!

Такбалаллаху минна ва минкум!


*Рамазан бүттү, жүрөгүбүз өзгөрдүбү? 🌙💔*

Бир жыл бою орозого чыдабайм деп жүргөн бир тууганым, быйыл 30 күн толук кармап чыкты. Алгачкы күндөрү кыйналып, баш ооруп, суусап, тамакты сагынганын айтып жүрдү. Бирок акыркы он күндүктө көздөрү башкача нурланып, жүрөгү жумшарып, дубалары узарып калды.

Рамазан бүткөн күнү таң атпай телефон чалды:
— Билесиңби, жүрөгүмдө боштук пайда болду... Күндөрүмдө бир керемет бар эле, эми ал сезимден айрылгым келбейт, – деди.

Ооба, Рамазан кетти, бирок анын берген сезими жүрөктө кала берсин. Биз да ошол тазалыкты сактап, жакшы амалдарды уланта берели. Анткени, Рамазан эмес, биз кетебиз...


Сура - Аль-хиджр
Аят - 9

إِنَّا نَحْنُ نَزَّلْنَا الذِّكْرَ وَإِنَّا لَهُ لَحَافِظُونَ

*Ырасында эскертмени (Куранды) Биз түшүрдүк. Эми аны Өзүбүз сактайбыз*.

𝐀𝐤𝐲𝐫𝐞𝐭𝐤𝐞_𝐀𝐦𝐚𝐥
https://whatsapp.com/channel/0029VaS5uU79cDDgkxNPjH2e


Кыргызда жакшы сөз бар: " Үйүңдү таза туткун конок айттырбай келет , жүрөгүңдү таза туткун өлүм айттырбай келет ".

Ошондуктан жүрөгүбүз дайыма өлүмгө даяр турсун

https://t.me/sizjakhsyadamsyz


Forward from: Жүрөктөрдүн ачкычы
😍Акыйкатта, кыйынчылыктын артынан
жеңилдик (келет)🥹🫀

Куран:94:5
𝐀𝐤𝐲𝐫𝐞𝐭𝐤𝐞_𝐀𝐦𝐚𝐥




*Ас-салааму ъалайкум ва рахматуллохи ва баракатух, Урматтууларым!*

Кутман таң!
Рамазан айынын эң берекелүү акыркы 10 күндүгү да жетип келди. Убакыт учкан куштай өтүп жатат...

Кадыр түнүн бүгүндөн баштап тосууга кам көрөлү! Дуба кылып, ибадатта көбүрөөк болууга аракет кылалы. Балким, ушул түн биз үчүн күнөөлөрдүн кечирилишин, жамандыктан корголууну жана бейишке жакындашууну алып келээр...

*Аллахым, бизди Кадыр түнүнө жеткирип, анын сообун алгандардан кыл! 🤲✨*


https://www.instagram.com/reel/DHY9zU1toHt/?igsh=cjB5NHh1ZW85OWdl


Иста Баракчасына да күзөтүп койюнуздар .


Орозонун акыркы он күнүнө карата Баянды Видеодон көрө аласыздар 🌷🌷📌

https://chat.whatsapp.com/CJhzHuRZlTe4zcKVV8Yq4F

𝐀𝐤𝐲𝐫𝐞𝐭𝐤𝐞_𝐀𝐦𝐚𝐥


Кадыр намазы.

1-рекет. Фатихадан сон 3 жолу кадр суроосу.
2-рекет. Фатихадан сон 3 жолу ихлас суроосу.
3-рекет. Фатихадан сон 3 жолу кадр суроосу.
4-рекет. Фатихадан сон 3 жолу ихлас суроосу.

Саламдан кийин:11 жолу:
Аллооху Акбар Аллооху акбар Лаа илааха илла Аллооху уалоооху акбар. Аллооху акбар уа лиллаахил хамд .

Андан кийин:

100 жолу кадр суроосу окулат.
100 жолу инширох суроосу окулат.
https://whatsapp.com/channel/0029VaS5uU79cDDgkxNPjH2e


Пайгамбарыбыз (с.а.а) Айша (р а)га кадыр туну ушул амалдарды кылбастан туруп уктабоого буйрук берет.

1.3 жолу Ихлас суроосун окуу(Толук куран окугандын сообу берилет)
2. Пайгамбарыбызга салават айтуу ( канча болсо да боло берет, М:100)
3. Мусулман бир туугандарыбыз учун Аллахтан кечирим суроо (баарын ыраазы кылган болобуз)
4. СубханаЛлоохи уалхамду лиллаахи уа лаа илааха илла Аллооху уаллооху акбар. Уа лаа хавла уа лаа куввата илла биллаахил Ьалиййул ьазиим. (Хаж жана Умра кылгандын сообу берилет).
https://whatsapp.com/channel/0029VaS5uU79cDDgkxNPjH2e


Кадыр кечеси окулуучу дуба:

"Аллоохумма иннака ъафуввун Кариимун ,тухиббул ъафва, фаъфу ъаннии"

Мааниси: "Аллахым, Албетте Сен Кечируучусун, кечирууну жакшы коросун, мени кечиргин".
https://whatsapp.com/channel/0029VaS5uU79cDDgkxNPjH2e

20 last posts shown.