Намаздан кийин айтылуучу тасбихтердин түрлөрү
Биринчи сыпаты:
Субханаллах отуз үч жолу, АльхамдулиЛлах отуз үч жолу,
Аллаху акбар отуз үч жолу жана
жүзүнчүсү
"Лаа илааха иллаллоху уахдаху лаа шарийка лаху, лахул-мулку уа лахул-хамду, уа хууа 'алаа кулли шай-ин кодийр" деп айтуу
Буга далил:
Абу Хурайрадан риваят, "Аллахтын Элчиси ﷺ айтты: Кимде ким ар бир парыз намаздын артында отуз үч жолу субханаллах, отуз үч жолу АльхамдулиЛлах жана отуз үч жолу Аллаху акбар деп айтып жүзүнчүсүн Лаа илааха иллаллоху уахдаху лаа шарийка лаху, лахул-мулку уа лахул-хамду, уа хууа 'алаа кулли шай-ин кодийр деп айтса анын күнөөлөрү деңиздин көбүгүндөй болса дагы кечирилет".
📚Муслим 597
Экинчи сыпаты:
Субханаллах отуз үч жолу, АльхамдулиЛлах отуз үч жолу жана Аллаху акбарды отуз төрт жолу айтуу.
Буга далил:
Кааб ибн 'Ужродон риваят, Аллахтын Элчиси ﷺ айтты: "Бири биринин артынан айтылуучу зикирди айткан адам өкүнбөйт, ал зикир субханаллахты отуз үч жолу, алхамдулиллахты отуз үч жолу жана Аллаху акбарды отуз төрт жолу айтуу деди."
📚Муслим 596
Үчүнчүсү сыпаты:
Субханаллах жыйрма беш жолу, АльхамдуЛиллах жыйрма беш жолу, Аллаху акбар жыйрма беш жолу жана лаа илааха иллаллохту жыйырма беш жолу айтуу
Буга далил:
Зайд ибн Сабит (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: "Биз намаздан кийин отуз үч жолу Субханаллах отуз үч жолу Альхамдулиллах жана отуз төрт жолу Аллоху Акбар деп айтууга буйрулган элек, кийин сахабалардын биринин түшүндө ага бирөө силерге Аллахтын Элчиси Субханаллахты отуз үч жолу, Альхамдулиллахты отуз үч жолу жана Аллаху акбарды отуз төрт жолудан айтууга буйруган беле?,- деп сурайт. Ал:
- Ооба деп жооп берсе
Ал:
- Силер субханаллах, АльхамдулиЛлах, Аллах акбарды жана ага Лаа илааха иллаллохту кошуп ар бирин жыйрма бештен айткыла деп айтат, сахаба эртеси таң атканда Аллахтын Элчисине келип түшүндө болгон нерсени айтат. Ошондо Аллахтын Элчиси түшүндө айтылган зикирди тастыктап:
- Ооба ошондой кылгыла деп буйруйт"
📚Тирмизи 3413, Насаий 1350
Тирмизи , Албани сахих дешкен.
Түшүндүрмө
Негизи Ислам дининде түштөн эч кандай ибадаттар алынбайт. Себеби динибиз аятта айтылгандай толукталган, эч кимдин түшүнө муктаж эмес. Бирок динибизде Аллах Таала кээде бир кулун түш аркылуу жакшы кабар менен сүйүнчүлөп же жаман кабар менен эскертип койюсу бар нерсе. Буга ишенүүбүз керек. Бирок ибадаттар эч качан түш аркылуу берилбейт. Ошол үчүн мусулман түштөгү кабарлар менен ибадаттарды айрымалап бүлүүсү керек. Бул хадисте сахаба түшүндө көргөн зикирге амал кылбастан, Аллахтын Элчисине барып аны ал тастыктап, ошого амал кылууга буйругандан кийин ага ишенип амал кылышкан. Ал эми Аллахтын Элчиси өткөндөн кийин ар кандай адашкан тайпалардын шейхтери мен түшүмдө Пайгамбарды көрдүм же баланча периштени көрдүм ал мени бул намаз менен же түгүл орозо же баланча зикирге буйруду деп артынан ээрчиген карапайым адамдарды адаштырып келе жаткандары белгилүү. Себеби ал шейхтин түшүндө көргөн нерсени тастыктай турган Аллахтын Элчиси жок болгондон кийин ал Ислам дининде бидаат болуп эсептелет. Бул нерсени көп карапайым мусулмандар билбегендиги себептүү шейхтери тууралу жакшы күмөндө болуп, натыйжада ал бидааттарга амал кылышып бири бирине таратып олтуруп динибизде бидаат намаздар, орозолор, зикирлер көбөйүп кеткени илим ээлерине белгилүү.