АПА
Айыл таңы агарып, күн тийгенде,
Анда студент сапар алды.
Шаарга барып жаңы күрмө кийгенге,
Энекеси чамынып, күйпөлөңдөйт,
"Эсен-аман жетсе экен күчүгүм", - дейт.
Бар тапканын түйүнчөккө түйүп берди,
"Балам ачка калбасын", - деп сүйүп берди.
А жигиттин жалгыз ою - үйдөн кетүү,
Айылдан кетүү үчүн туруп берди.
Энекеси жолго чыкты узатууга,
Эссиз уулу: "Кире бер", - дейт уялууда.
Жалгыз уулун узатты шаарды көздөй,
Жалгыз тамга кирип кетти жалгыз эне.
Көкүрөгүн зыр эттирип, ачуусуна жетпейт уу да,
Андан ары эне байкуштун күндөрү уланууда.
Жалгыз уулун күндө эстейт, өңү да кубарууда,
"Балам окуйт, мени багат" - деген гана
Сөздөр аны жубатууда.
Бала жетти эңсеген шаарга дагы,
Барып конду достору менен анда дагы.
Бир бөлмөдө алты бала батып жашайт,
Шаар четинде бир үйдө, далдаадагы.
Шаан-шөкөт, оюн-зоокту күндө кылат,
Күндө алтоо отурушуп карта чабат.
Он күн өттү - чөнтөк бош, жок калды сокур тыйын,
Бала билди: шаарда болсо жашоо кыйын.
Жаңы гана окуу жайды көргөн эле,
Анда дагы араң зорго өткөн эле.
Окуунун контракты - отуз беш миң,
Ак уйду сатып берип, кырк беш миңге:
"Ананайын, контрактка төк", - деди эле,
"Артканын карап, иштеп жет", - деди эле.
Андан да бала эссиз короңдогон:
"Башкаларга берди, атасы көп эле,
Биртке гана берген өзүң сен эле",
Эне байкуш селт дей түштү жүрөгү,
Эмне демек жалгыз уулу - түнөгү.
"Балам, айлык тийсе эле салып турам,
Аз болсо да билесиң, он эки миң алып турам.
Эне деген баары бир эне экен да,
Мен жебейин, бирок сени багып турам".
Шаарга жеткен баласы ойлонууда:
Окуу жайга жыйырма миңди берген экен,
"Калганын шашпай деле берип коём,
Азырынча он беш миңге жашап турам", - деген экен.
Айтканындай, он күн өтпөй айыбы жок,
Эне берген акчалардын дайыны жок.
Бөлмөдөгү достору чатак чыгып,
Бар акчасын алтоосу жеди кырып.
Отурушат азыр эми ойлуу гана,
Койгонуна бар акчаны оозго тыгып.
Окуу жайга бала барды эртеси,
Куп-куу болуп кеткен эле кебетеси.
Ошол замат эске түштү энеси,
"Контракты кантип төлөйм?" -
Ошол эле жалгыз гана ойго салган бейнеси.
Айткандай, контракты толуктоону буюрду,
"Бир жумада төккүн", - деген буйругу.
Эми кантип, кайдан табам акчаны? -
Турган жерден муздай түштү куйругу.
Эске алгач келген эле энеси.
Келгенине он-он беш күн калаага,
Эми гана акыл бүттү балага.
Ойлогон жок: "Энем байкуш кантти?"- деп,
Ойлору бүт акча менен талаада.
"Апам айлык алган го", - деп ойлоду,
Алса, сурап контрактка болжоду.
"Апама “эмне жеп койдум?” деп айта албайм,
Алдап коём: кийинки айга үй кожойке төлөгүн», - деп доолоду.
Эне үйдө жалгыз гана отурган,
Көңүлү суз, көөдөнүн муң толтурган.
Шыңгыратып уулу чалды энеге,
Эне жүздөн тарай түштү боз туман.
— Уулум, кандай? Амансыңбы сен деги?
Чалбай койдуң, чалган болсом келбедиң.
Курсак кандай? Кийимдериң бүтүнбү? -
Эне жалгыз баласынын үнүн гана дегдеди.
— Жакшы, апа, жашап эле атабыз,
Бир бөлмөдө достор менен жатабыз.
Окуума да көнүп эле баштадым,
Эптеп-септеп маршруткага да батабыз.
Дегенде эле бала көздөн жаш акты,
Ыйлап жатат, карап алып арт жакты.
Бала болсо жаңы гана сезди окшойт
Апакесин кыйнап өткөн жаш чакты.
— Эмне болду, кулунум? - деп энеке,
— Эсен-соо жүрөсүңбү, берекем?
Жашый түштүң, айтчы, балам, чоо-жайын,
Жаман нерсе болгон окшойт демек э?
Деп атканда апа көздөн жаш кетти,
Бала болсо эне үнүн угар замат,
Апакесин сагыныптыр бала да,
Эми гана балага бир баш жетти.
— Энеке, кечирчи кургур уулуңду,
Салыптырмын убайымды, муңуңду.
Эссиз балаң эми гана түшүндү,
Жеп койгондон кийин берген аздап пулуңду.
Апа калды сөз талашпай уулунан:
— Балам, мени кечире көр сен дагы,
Башкалардай бага албадым жыргатып,
Чай асайын, ичип кетчи, кел дагы.
— Апа, шашылыш... - деп телефонду өчүрдү.
"Ээ, Кудайым, алчы менден өчүңдү..."
Эми бала түшүндү окшойт энени,
Акыл бүтүп, зыркыратты денени.
"Жолго чыгам, үйгө барам, апаке,
Алдыңа мен, энекемдин, барайын.
Бек кучактап:
“Апа, мени кечирип кой”, -дегени".