17-ноябрь күнү Кызыл-Кыя шаарындагы Султанов көчөсүндө жайгашкан №5 көп кабаттуу үйдүн батиринде эшик бекилип калып, ичинде 5 жаштагы наристе калып калган. Окуя болгон жерге 62-ӨККБнүн капитаны баштаган үч куткаруучу тартылып, 3 муундуу шатыны колдонуп, батирдин 3-кабатына чыгышты. Ыкчам аракеттердин натыйжасында наристе аман-эсен куткарылып, ата-энесине тапшырылды.