⚡️Аскер прокуратурасынын Баткен гарнизону тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө, Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине караштуу Баткен гарнизонунда жайгашкан аскер бөлүгүнүн жооптуу кызмат адамдары, 2024-жылдын июнь айынан тартып 2025-жылдын февраль айына чейинки аралыкта, аскер бөлүктүн өздүк курамы үчүн багытталган эт азыктары толук көлөмдө алып келбестен, бир бөлүгүн акчалай түрдө системдүү түрдө алып жүрүшкөндүгү аныкталып, мамлекеттик бюджетке 2 млн 500 миң сом материалдык зыян келтирилген.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренеси (“Ишенип берилген мүлктү кызматтык милдеттерин аткарууга байланыштуу кызмат адам тарабынан өзгөчө ири өлчөмдө ыйгарып алуу же коротуу”) менен кылмыш иши козголуп, учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
@kgmilitarist | Байланыш/Связь