Кыргыз Волейболу! 🇰🇬


Channel's geo and language: Kyrgyzstan, Kyrgyz
Category: Sport


🏐 Бул волейбол боюнча Кыргызстандагы биринчи телеграмм канал.
🏐Инстаграм каналы: @kgzvolley
🏐 Это первый волейбольный канал в Кыргызстане.
🏐Канал в Instagram: @kgzvolley
Админ: @almanbekkg

Related channels  |  Similar channels

Channel's geo and language
Kyrgyzstan, Kyrgyz
Category
Sport
Statistics
Posts filter






Кум үстүндөгү волейбол боюнча кыздарыбыз оюн талаасына чыгышат




КЛУБДУК ОЮНДАН СЫРТКАРКЫ БЕЙ РАСМИЙ ТУРНИРЛЕР РАСМИЙ МАКАМ АЛАТ

Кыргыз Республикасынын волейбол федерациясы райондор аралык оюнду уюштуруу боюнча атайын чечим кабыл алгандыгын федерациянын вице-президенти Алымжан Коузбаев билдирди.
Ал үчүн атайын уюштуруу штабы түзүлүп, бирдиктүү жобо кабыл алынат.
Райондор аралык оюнду мындан ары айына бир жолудан, же квартал сайын уюштуруу сунушу берилген.
Мында коопсуздук, көрүүчүлөргө жана оюнчуларга каралган шарт-жагдай, түз алып берүү мамелеси ортого коюлду.

Жыйынтыгында федерация вице-президент Алымжан Козубаевди клубдук оюндардан сырткаркы (райондук, облустук, муундар аралык ж.б.) оюндарды уюштурууга да жооптуу кылып бекиткени кабарланды.

Эми 35 жашка чейинки жана андан жогорку жаштагылардын райондук же ышкыбоз клубдук оюндары федерациянын күн тизмесине (календарлык планына) киргизилет. Жеке демилгечилердин турнирлерин да уюштурууга жардам берет жана көзөмөлгө алат.
Бул чечим кээ бир райондук оюндардагы баш аламандыктардан, улам келип чыкканы айтылды.


Оңолбек Каныбек уулунун командасы Блат командасына каршы ойнойт.


ВОЛЕЙБОЛ БОЮНЧА ЭРКЕКТЕРДИН КЛУБДУК КОМАНДАЛАРЫНЫН АРАСЫНДАГЫ ЖОГОРКУ “А”, “В” ЛИГАЛАРЫНЫН КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН XVII ЧЕМПИОНАТЫНЫН
II ТУРУ




Борбордук Азия Волейбол Ассоциациясы 2025 -жылкы сезонго карата календардык планын жарыялады. Кыргызстан бул жылы Борбор Азия чемпионатын кабыл албайт.


Кыргызстандын волейбол боюнча курама командабыздын мүчөсү (капитан) жаңы волейбол клуб менен келишим түздү.

Оңолбек Каныбек уулу Ливан мамлекетинин HBOUB волейбол кулубу менен жаңы келишим түздү. Жаңы сезонду Ливанда өткөрөт. Волейболчу өткөн сезондо Монголиянын SG HAWKS клубунда оюндарын өткөргөн.

Оңолбек Каныбек уулуна ийгилик каалайбыз!


Жогорку лига


Волейбол боюнча Кыргыз Республикасынын эркектер клубдар арасындагы Улуттук лигасынын XVII Чемпионатынын I турунун жадыбалы


Волейбол боюнча Кыргызстандын кыз-келиндер арасындагы клубтук командаларынын арасындагы Улуттук лиганын турнирдик жадыбалы


Волейбол боюнча Кыргызстандын кыз-келиндер арасындагы клубтук командаларынын арасындагы Жогорку лиганын турнирдик жадыбалы


Азирет кайсыл клубта ойноп жатат?


Кыргызстандын волейбол боюнча 2025- жыл чемпионаты башталды.
Сиз кайсыл клубка күйөрмандык кыласыз?


Video is unavailable for watching
Show in Telegram


Волейбол боюнча улуттук курама командабыздын капитаны Монголия чемпионатынын коло медаль ээси болду.

Оңолбек Каныбек уулу Монголиянын SC HWAKS волейбол клубунда 2024-жылдан бери ойноп келет. Монголиянын белгилүү волейболчусу Бацури Баттур менен бир клубта ойноп жатат.

Оңолбек Каныбек уулуна ийгилик каалайбыз!


Кум үстүндөгү волейбол боюнча борбор Азия чемпионатында курамабыз бир жолу утуп эки жолу утулуп калышты



20 last posts shown.