Басынып кусалыкка толгон денем,
Баратам барик учкан жолдор менен.
Акынга бир тынымдык кайгы да оор,
Дүйнөдө күндө майрам болгон менен.
Күн күлөт түбөлүктүү бийигинен,
Оордук колун тартпайт ийинимен.
Ыйлагым келип кетет эмнегедир,
Бирөөнүн салбыраган кийиминен.
Ойлоном, ойлой жүргөн өктөрүмдү,
Качанкы отко салган дептеримди.
Ачуудан ким бирөөнү ыза кылып,
Бирөөгө катуу айткан кептеримди.
Түйүлөт муштум таштай байкабастан,
Сээлдейт, дүйнө толкуп чайпалбастан.
Ич күйөт көп адамдан кордук тартып,
Көп сөздү калганыма айта албастан.
Жашоону туюп четтен көрүүчүдөй,
Мөлтүлдөйм, кызыгына эрүүчүдөй.
Кыжынып эртең деймин, эртең деймин,
Эртеңдер чексиз келе берүүчүдөй…
✍️Жолон Мамытов
Баратам барик учкан жолдор менен.
Акынга бир тынымдык кайгы да оор,
Дүйнөдө күндө майрам болгон менен.
Күн күлөт түбөлүктүү бийигинен,
Оордук колун тартпайт ийинимен.
Ыйлагым келип кетет эмнегедир,
Бирөөнүн салбыраган кийиминен.
Ойлоном, ойлой жүргөн өктөрүмдү,
Качанкы отко салган дептеримди.
Ачуудан ким бирөөнү ыза кылып,
Бирөөгө катуу айткан кептеримди.
Түйүлөт муштум таштай байкабастан,
Сээлдейт, дүйнө толкуп чайпалбастан.
Ич күйөт көп адамдан кордук тартып,
Көп сөздү калганыма айта албастан.
Жашоону туюп четтен көрүүчүдөй,
Мөлтүлдөйм, кызыгына эрүүчүдөй.
Кыжынып эртең деймин, эртең деймин,
Эртеңдер чексиз келе берүүчүдөй…
✍️Жолон Мамытов