Ала качуу жөнүндө айтып өткүм келет.
Ала качуу бизде салт болгон эмес, эч убакта! Сөйкө салуу салтыбыз бар, бирок ала качуу салты жок. Ушул жаман адаттан канча кыздын тагдыры сынды. Канча кыз өзүнө кол салды. Канча кыздын күйөөсү кызыл камчы чыгып, азап-тозокту көрүштү. Ушуга болбой бул уланып келе жатат. Ушунун баарына ким күнөөлүү? Эмнеге биздин апалар: "Биз деле ушинтип келгенбиз" деп отургузуп коюшат? "Чала" молдолор никесин кыйып коёт. Күчкө салып колдонуп, "Эми кетерге жериң барбы?" деп калтырып коёт. Ал жерден чыгып кетсең элдин сөзүнө каласың. Бул эмне деген жапайчылык? Кайран элим, качан оңолобуз?
Кыздарга айтаарым. Кемпир эмес абышка жатсын, атмактан тепсеп туруп чыгып кете бериңиздер. Бактысыз болосуң дейт, ошол жерден бактылуу болорууңар бир Кудайга белгилүү😊