ИКАЯ
Бир киши икая кылат:
Колу желкесинен кесилген бир кишини көрдүм. Ал мени көргөндө: “Инсан бир дагы адамга эч бир зулум кылбасын” деп сөз кылар эле. Ага жакындашып:
- Эй бурадар, кандай окуя себеп болду? - деп сурадым. Ал, таасирүү окуя деп сөз кылып берди:
- Мен заалымдардын жардамчыларынан элем. Бир күнү кыйла чоң балык туткан балыкчыны көрүп калдым да, анын алдына келип балыгын беришин сурадым. Ал болсо бул балыктын акчасына үй-бүлөсүнө тамак-аш алып бара тургандыгын айтып, жөн бекер бере албастыгын түшүндүрдү. Мен болсо ага карата күч иштетип, балыкты тартып алдым. Балыкты көтөрүп үйгө кетип баратканымда, али жаны үзүлбөгөн жаныбар колумду тиштеп алды. Үйгө келип балыкты ылдый койгон сон, бармагым зыркырап ооруй баштады. Оорунун катуулугунан уктай албадым. Колум шишип да кетти. Таң атып, табыпка оорумду арызданып бардым. Ал бармагымды көрүп:
- Бул сөөк чирүү кеселинин башталышы, бармагыңды кесип ташташ керек, болбосо колуңдан айрыласың, - деди.
Бармагымды кесип таштадым. Сол колум ооруп, оорунун зордугунан көзүмө уйку келбеди. «Билегиңден кесип ташта» дешкенинен, билекти да кесип таштоого мажбур болдум. Кийин бул дарт чыканакка өттү. Карап турганыңдай чыканактан да айрылдым. Ошентип, бүтүндөй колду кесип таштаган соң, кээ бирлери мунун себебин сурай башташты. Балык окуясын икая кылып берген соң, алар «балыкчыга эртерээк барып, өз үзүруңдү айтканыңда, колуң мынчалык кесилбеши мүмкүн эле. Али да кеч эмес, барып кечирим сура, болбосо беделине өтүп кетпесин» деп кеңеш беришти. Мен балыкчыны издей-издей араң таптым. Буттарына жыгылып, ыйлай-ыйлай, «саидим Аллах акы мени кечириңиз» - деп жалбара баштадым. Ал:
- Сиз кимсиз?- деп сурады.
- Мен балыгыңызды тартып алган кишимин,- деп болгон окуяны баштан аяк сөз кылып бердим. Колумду көрүп ыйлап жиберди:
- Башыңызга ушундай балээ түшүптүр, миңден миң ыраазымын, -деди.
- Айтыңызчы, мен балыгыңызды алып койгондо, мага каргыш дуба кылган белеңиз?
- Ооба, "эй Аллахым, бул пендең күчтүүлүгү себептүү, мага ырыскы кылып берген нерсеңди зордук менен тартып алды. Болду мага ушул пендең үстүндө өз кудуретиңди көрсөт" - деп дуба, бата кылган элем, -деди.
- Саидим, мына Аллах менин үстүмдө өз кудуретин көрсөттү, мен эми заалымдарга кызматчы болгонумдан Аллах Таалага тообо кылдым! Ин ша Аллах тирүү экенмин, заалымдардын эшигине кадам баспаймын жана алардын жардамчыларынан болбоймун! Тауфик Аллахтан дедим.
" Сабак алуучу таасирдүү кыссалар жана окуялар " китебинен.