🌐Osh_Tv


Channel's geo and language: Kyrgyzstan, Kyrgyz


📣Шаарыбыздагы акыркы окуялар
🌍 Дүйнө, искусство жана спорт жаңылыктары
📑Кызыктуу фактылар, долбоорлор
📽Окуяга жана Окуяга күбө болдуңуз беле бизге жөнөт 👀 @eldik_bloger

Related channels  |  Similar channels

Channel's geo and language
Kyrgyzstan, Kyrgyz
Statistics
Posts filter


Video is unavailable for watching
Show in Telegram
📌Бишкекте жол ортосуна унаасын токтотуп кеткен айдоочуга айып пул салынды. Бул туурасында ЖКККББнын басма сөз кызматы билдирди.


Video is unavailable for watching
Show in Telegram
Бишкекте автобустун айдоочусу аялдамадагы адамды урган деп кармалды

16-февралда Октябрь райондук милициясына арыз түшкөн. Жабырлануучунун айтымында, коомдук транспорттун айдоочусу 7-апрель — Анкара көчөлөрүнүн кесилишинде денесине эч себепсиз залал келтирген.

"Бейбаштык" менен иш козголуп, 40 жаштагы киши кармалды. Анын ушул сыяктуу бир нече кылмыш жасагандыгы аныкталгандыгы айтылат.


Video is unavailable for watching
Show in Telegram
‼️ Кыргызстанда масштабдуу “Рульда” рейди башталды, ал айдын аягына чейин уланат.

✔️ 14-февралдан бери буга чейин жол эрежесин одоно бузган 6802 айдоочу аныкталган. Алардын 186сы мас абалында унаа айдаса, 1072си катуу ылдамдыкта айдаган. Миңден ашык унаа айып жайга киргизилген.

✔️Патрулдук милиция кызматкерлери башка айдоочуларга жолтоо болуп, жол кырсыгына себепкер болгон, жарыш уюштуруп, автобейбаштык кылгандарды издеп жатышат.

✔️ Эгерде мыйзам бузууларга күбө болсоңуз, анда Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча мамлекеттик инспекцияга WhatsApp аркылуу билдирсеңиз болот: (0777) 10-21-02.


Азыркы техникалар эскирип, колдонууга такыр мүмкүн болбой калыптыр. Мэр Ош шаардык кызматтарына 150дөй атайын техника сатып алынарын айтты

Калаа башчы "Кабар" агенттигине шаарды өнүктүрүү боюнча маек берип, анда Турукташтыруу фондунан бөлүнгөн 500 млн сомго атайын техникалар алынарын белгилеген.

"Учурдагы техникалардын 90 пайызы эскирип, колдонууга такыр мүмкүн болбой калыптыр. 500 млн сомго 150дөн ашык жаңы техника сатып алуу пландалууда. Алар “Ош көрктөндүрүү жана жашыл чарба комбинаты” муниципалдык ишканасына, Муниципалдык менчик департаментине, Капиталдык курулуш башкармалыгына жана “Ош шаардык жолдору” башкармалыгына берилет", — деген Жеңишбек Токторбаев.

Мэр шаардагы 9 муниципалдык аймактык башкармалыктын ар бирине өз аймагындагы инфраструктураны жакшыртуу (жолдорду, тротуарларды, балдар аянтчаларын оңдоо жана куруу) үчүн 30 млн сом бөлүнөрүн кошумчалаган.


‼️ Лазат Нуркожоева спортчу Амантур Исмаиловго турмушка чыкканы коомчулукта тарап жатат.

✔️ Президенттин карындашы Лазат Нуркожоева Азия оюндарынын коло байге ээси, грек-рим күрөшү боюнча балбан Амантур Исмаиловго турмушка чыкканын ММКлар жазып чыгышты.

✔️ Маалым болгондой, бир күн мурун Бишкектеги ресторандардын биринде “кыз узатуу” болгон. Тойдун өзү 21-февралында болорун ММКлар жазышкан.


Video is unavailable for watching
Show in Telegram
ОШ СИТИ ШААРЧАСЫНЫН КУРУЛУШУ БАШТАЛДЫ


Video is unavailable for watching
Show in Telegram
Картошканын баасына эмне таасир этти?


Video is unavailable for watching
Show in Telegram
Ош шаарына Өзбекстандан келген газ кескин азайды

Булак: Азаттык


Video is unavailable for watching
Show in Telegram
🇨🇳Коңшу Кытайда өтүп жаткан кышкы Азия оюндарында хоккей боюнча Түркмөнстандын курамасы Гонконгго жеңилип калгандан кийин атаандаштарына кол салышты.


❗❗Оштогу окуучунун өлүмүнөн кийин мектеп директору жана мугалимдер иштен алынды

✔️Кара-Суудагы 9-класстын окуучусу мектепте сабалып каза болгон каргашалуу окуядан кийин Кара-Суу райондук билим берүү башкармалыгынын башчысы менен Каратай айылындагы No39 Адылбек Султанов атындагы орто мектептин директору кызматтан алынды

✔️Ошондой эле директордун окуу, тарбия иштери боюнча орун басары, окуу-тарбия иштери боюнча класстан тышкаркы иштердин уюштуруучусу, соцпедагог жана 11 жана 9 «А» класстарынын класс жетекчилери кызматынан бошотулду.


Депутат өлкөдө дайынсыз жоголгондордун саны көбөйгөнүнө байлыныштуу өкмөттөн “Издейм сени” телеберүүсүн жандандыруу суранды

“2024-жылдын ноябрында Бишкектин Ленин районунда 1981-жылы туулган Тилек Аманбаев деген киши дайынсыз жоголгон экен. Азыр 80ге чыккан апасы шаарда издеп жүрөт. Ошого жакшылап жардам берип койсок... Мурун УТРКда “Издейм сени” деген телеберүү бар эмес беле, ушуну кайра жандандырсак. Бүгүнкү күндө жоголгондор көп болуп жатат”, — деди Таалайбек Сарыбашев.


❗️Бишкекте бир катар айып пулдар көтөрүлүшү мүмкүн

Мэрия коомдук талкууга койгон мыйзам долбоорунда төмөнкүдөй нормалар көрсөтүлгөн:

▪️айлананы көрктөндүрүү эрежелерин бузгандарга — 5,5 миң сом, юридикалык жактарга 17 миң сом (мурда 3 миң/13 миң болчу)

▪️белгиленбеген жерлерге таштанды таштагандарга — 7,5 миң сом, юридикалык жактарга 23 миң сом (5,5 миң/ 17 миң)

▪️өндүрүш, өнөр жай жана медициналык калдыктарды белгиленбеген жерге таштагандарга — 10 миң сом, юридикалык жактарга 28 миң сом (7,5 миң/23 миң)

▪️таштанды өрттөгөндөргө — 12,5 миң сом, юридикалык жактарга 35 миң сом (7,5 миң/23 миң)

▪️жолду, темир жол өтмөгүн же жол белгилерин бузгандарга — 10 миң сом, юридикалык жактарга 28 миң сом (5,5 миң/17 миң)

▪️жол эрежесине коркунуч жараткандай жолдун булганышына себеп болгондорго —12,5 миң сом, юридикалык жактарга 35 миң сом (7,5 миң/23 миң)

▪️жолдо уруксатсыз оңдоо иштерин жүргүзгөндөргө —15 миң сом, юридикалык жактарга 45 миң сом (12,5 миң/35 миң)

▪️жол жээктеринде соода түйүн, тамактануучу жай, жол белги сыяктуу мыйзамсыз объектилерди орноткондорго — 5,5 миң сом, юридикалык жактарга 17 миң сом (3 миң/13 миң)

▪️жолго караштуу жерди айдоо, көк майсанга унаа койгон, тигилген бак-дарактарды зыянга учураткан, саркынды сууларын арыктарга агызгандарга — 10 миң сом, юридикалык жактарга 28 миң сом (5,5 миң/17 миң)

▪️белгиленбеген жерде соода кылгандарга — 5,5 миң сом, юридикалык жактарга 17 миң сом (3 миң/13 миң)


☃️Бүгүн, 13-февралда Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында кар жаашы күтүлөт. Бул туурасында Кыргызгидрометтин маалыматында көрсөтүлөт.

Ага ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө күндүз +1 ... +6;

Талас жергесинде күндүз 0 ... +5;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында күндүз +1 ... +6;

Ысык-Көлдө күндүз -1 ... +4;

Нарын дубанында күндүз 0 ... -5;

Бишкекте күндүз +2 ... +4 градус болот.


Video is unavailable for watching
Show in Telegram
Орусияда карталары бөгөттөлгөн мигранттардын саны көбөйдү. Мамлекет алардын көйгөйлөрүн чечүү үчүн кандай жардам көрсөтө алат?


Video is unavailable for watching
Show in Telegram
Ош шаарында экологиялык мейманкана пайда болот


Video is unavailable for watching
Show in Telegram
🔸Оштогу Достук жана Ак-Тилек райондорундагы бир катар мыйзамсыз курулуштар менен тосулган көчөлөр тазаланып, ачылууда. Бул туурасында мэриянын маалымат кызматы билдирди.


Video is unavailable for watching
Show in Telegram
🔹Ош облусунун Кара-Суу районунда алдамчылыкка шектелип издөөдө жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, ал бир нече адамдын мүлкүн жана акчасын алдап кеткен. Факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) менен бир нече кылмыш иш козголгон. Тергөө иштеринин жүрүшүндө шектүү тарабынан келтирилген зыяндын көлөмү 2,5 миллион сомдон ашык экени аныкталып, ага издөө жарыяланган.


Video is unavailable for watching
Show in Telegram
📌Сигма деген каймана ат менен таанымал кыргызстандык блогер Арген Керимов унаасы менен жарышка түшкөндүгү үчүн айыпка жыгылды.

Анын унаасы менен жарышка түшкөн видеосу социалдык тармактарга тараган. Өз кезегинде Милициянын кайгуул кызматы жарышка түшкөн унаалардын бирине "Автоээнбаштык" боюнча айып салынып, унаа айып короого киргенин билдирди.


Video is unavailable for watching
Show in Telegram
🇰🇬 Кыргызстандын футзал боюнча кыз-келиндер командасы Тажикстан курамасын жеңди

Душанбеде өтүп жаткан мелдеш Борбор Азия футбол ассоциациясынын (CAFA) чемпионатынын алкагында болуп, 3:0 менен эсебинде жыйынтыкталды.

Биринчи турда Кыргызстан курамасы түркмөн кыздары менен тең чыккан. Натыйжада кыргыз спортчулары турнирдик таблицада 4 упай менен 1-орунга чыкты.


Video is unavailable for watching
Show in Telegram
Ош шаарынын мэриясы тарабынан Ош Улуттук драма театрынын алдында арзан баада эт сатуу жарманкеси уюштурулду.

Мэрия билдиргендей, жарманкеде базар баасынан 80 сомго арзан баада (600 сом) жалпы 1500 тонна буканын жана тайдын эти сатылууда.

Белгилей кетсек, мекеме мындай жарманкелерди ар аптанын ишемби, жекшемби күндөрү өткөрүүнү мерчемдеп жатат.

20 last posts shown.