Адам баласы эң мыкты жаратылган жандык. Бирок анын мыктылыгы бекем үй-бүлө куруусу менен ортого чыгат. Ушул себептен улам, үй-бүлө адам баласын тарбиялап жашоого үйрөткөн, ахлак жана мүнөзүнө форма берген таалим борбору болушу керек. Ошондо гана адам баласынын ички дүйнөсү, руханияты өнүгүп, пайгамбарлардын жана олуялардын жашоосунан үлгү алат.
Ал эми үй-бүлөнүн тынчтыгы жана бекемдиги эки тараптын тең бири-бирине карата мамилесинен, ар кимдин укугуна урмат көрсөтүүдөн башталат.
Үй-бүлөдө тынчтыкты орнотууда аятта өткөн “ /Алладан корккула!” деген буйрукка ылайык такыба болуп жашоонун орду чоң. Чындыгында бул дүйнө аялдын укугун тепселөө менен тозоко, анын укугун коргоо менен бейишке айланат. Азирети Мухаммед Мустафа (саллаллаху алейхи ва
саллам) коштошуу кутбасында аялдын укуктары тууралуу мынтип айткан жери бар:
“Эй, адамдар! Аялдардын укугун коргогула! Аларга ырайымдуулук менен мамиле жасагыла! Аял маселесинде Алладан корккула! Силер, аялдарды Алладан аманат катары алдыңар. Алардын намысын, аруулугун коргоо үчүн Аллага сөз берип өзүңөргө адалдадыңар!” (Сахихи Бухари Мухтасары, 10-том, 398).
Аялдарды болочок муунду тарбиялоодон алыстатып, аларды табиятына ылайык келбеген жумушта иштетүү же багыт берүү акылга да ыйманга да жатпаган маселе. Анткени, ар ким табиятына жараша өз ишин аткарса гана үй-бүлөдө тынчтык, бактылуулук пайда болот.
Ушул максатта гана негизделген үй-бүлө Исламда идеалдуу үй-бүлө катары каралат. Үй-бүлө куруунун материалдык да моралдык да жагы бар. Эки жактуу болбосо, анда жөн гана бирге жашоону максат кылган болот. Бул максат менен курулган кайсыл үй-бүлө болбосун кээде көпкө узабай ыдыраса, кээде бактысыздыкка батып мажбур жашап келишет. Албетте, эч ким мындай жашоону каалабайт. Ошондуктан хадисте да айтылгандай эле үй-бүлөдөгү ажырашуулар Алла Тааланын “Аршын” титиретет. Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи ва саллам) мындай деген:
“Үйлөнгүлө, ажырашпагыла! Анткени ажырашуу (талак берүү) болгон кезде “Арш” титирейт...” (Али аль-Муттакий, IX, 1161/ 27874)