Исламда аял – дүйнөнүн кутусундагы баалуу бермет.
Аллах Таала аялзатын эң чоң акылмандык жана сүйүү менен жараткан. Аял – жөн гана эне, жубай же эже эмес. Ал – баалуулуктардын сактоочусу, келечек муундарды тарбиялоочу, мээримдүүлүктүн жана жарыктын булагы.
Сенин баалуулугуң башкалардын көз карашына же заманбап моданын талаптарына көз каранды эмес. Ал сенин табиятыңда бар. Сенин ыймандуулугуң, чыдамкайлыгың жана жүрөгүңдүн күчү сени кымбат кылат. Жабыксыңбы же ачык, сенин негизги кооздугуң – бул такыбалыгың жана жүрөгүңдүн тазалыгы.🫀✨
Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллаху алейхи ва саллам): «Силердин эң жакшыларыңар – өз аялдарыңарга эң жакшы мамиле кылгандарыңар»,– деп айткан. Бул сенин урмат-сыйга жана камкордукка татыктуу экениңди эскертип турат. Ошондой эле сенин маанилүүлүгүңдү, миссияңды да эскертет.
Сенин хижабың жөн гана кездеме эмес. Ал сенин намысыңды коргоочу «калкан» .Бирок сен али жабык эмес болсоң, билип кой, Аллах сенин аракеттериңди көрөт. Аллахтын ыраазычылыгына жакындаган ар бир кадамыңды кабыл кылат, анткени Ал – Эң Боорукер, Эң Кечиримдүү.
Жан дүйнөң ыйман жарыгы менен толсун, жүрөгүң тынчтыкка бөлөнсүн. Сенин иш-аракеттериң ички дүйнөңдү кооздосун, ошондой эле сенин сырткы көрүнүшүң да сенин тазалыгыңды чагылдырып турсун.🕊️
Сен – бул дүйнө үчүн чоң белексиң. Өзүңдү таза сакта, билимге умтул, жакшы сапаттарды өнүктүр жана унутпа:
“Аллах Таала өзүнүн ыраазылыгын издегендер менен дайыма бирге”.✨