❗️
Террордук топтун 30 мүчөсү кармалды
Террорчулукка каршы операциянын алкагында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагында жашыруун террористтик уюмдун 30 жактоочусу 27-февралда кармалган. Алардын иш-аракети чет өлкөлүк эл аралык террордук уюм (ЭТУ) борборлору тарабынан координацияланган.
Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы билдирди.
Аталган уюмдун мүчөлөрү системалуу түрдө жашыруун жыйындарды өткөрүшүп, анда радикалдык идеологияны үгүттөп, террористтик ишти каржылоо үчүн акча каражаттарын чогултуп турушкан. Аталган радикалдык топтун негизги максаты КР конституциялык түзүлүшүнө каршы «жихад» жасоо, ошондой эле КР аткаминерлерине, атайын кызматтардын жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерине карата теракцияларды пландаштыруу экендиги аныкталып, топтун мүчөлөрүнүн биринен колго жасалган жардыргыч затты жасоо боюнча видео нускама алынды
” деп айтылат маалыматта.
Тергөө иштери жүрүп жаткандыгы айтылды.