📚И𐌡И𐌑𐌲Е АШЫ𐌺 ЖҮРӨ𐌺ТӨР📚


Channel's geo and language: Kyrgyzstan, Kyrgyz


Ассаламу алайкум уа рохматуллохи уа баракатуху🌹
🔴Биздин каналдан сиздер төмөнкү пайдалуу маалыматтарды аласыздар
🔸 Диний суроо-жооптор
🔸Баяндар жана таалимдер
🔸Дуалар жана хадистер
🔸Аудио видео Курандар

Related channels  |  Similar channels

Channel's geo and language
Kyrgyzstan, Kyrgyz
Statistics
Posts filter




Video is unavailable for watching
Show in Telegram
ЭМНЕ ҮЧҮН РАМАЗАНДА ТОЛУК ТАКЫБАЛЫК КЫЛА АЛБАЙ КАЛАБЫЗ?


✨Рамазанда күнүмдүк амалдар✨

🌅 Кечки убакыт

🍲.Ифтар – сооптуу сыйлык.

🕌.Шам намазы – шүгүр кылуу.

🕌.Таравих – күнөөлөрдүн кечирилишине себеп.

🤲🏻.Дуба – Момундун куралы.

📖.Куран – Момундун азыгы .

🛏️.Уктоо – ибадатка даярдык.

⚜️SIRAT_AL_MUSTAKIM⚜️

https://whatsapp.com/channel/0029VaXDsh490x2nBfXKbj44


✨Рамазанда күнүмдүк амалдар✨

☀️.Күндүзү

📿.Зикр – жүрөктүн тынчтыгы.

📖.Куран угуу – ыймандын азыгы.

💰.Садака берүү – кырсык балээден сактайт.

🕌.Бешим намазы – Аллахка жакындык.

📚.Илим алуу – нур үстүнө нур.

🕌.Аср намазы – убакыттын баалуулугу.


⚜️SIRAT_AL_MUSTAKIM⚜️

https://whatsapp.com/channel/0029VaXDsh490x2nBfXKbj44


✨Рамазанда күнүмдүк амалдар✨

🌙 Саарлык


🍲.Саарлык ичүү – береке.

🕌.Тахажжуд намазы – жакшылыктын ачкычы.

📖.Куран окуу – нур.

🤲🏻.Дуба кылуу – кабыл боло турган учур.

🕌.Багымдат намазы – күндүн эң жакшы башталышы.


⚜️SIRAT_AL_MUSTAKIM⚜️

https://whatsapp.com/channel/0029VaXDsh490x2nBfXKbj44


✨️30 күндө Куранды хатым кылуунун планы✨️

Куранды 30 күндө хатм кылуу үчүн күнүнө 1 пара (жүз) окуу жетиштүү. Ар бир пара орточо 20 беттен турат. Аны 5 убакытка бөлүп окусаңыз, жеңил болот.

Күндүк тартип:

1. Таң намазынан кийин – 4 бет.


2. Бешим намазынан кийин – 4 бет.


3. Аср намазынан кийин – 4 бет.


4. Ифтардан кийин (Магриб) – 4 бет.


5. Таравих же Куптан намазынан кийин – 4 бет.



Жыйынтыгы:

Бир күндө: 5 × 4 бет = 20 бет = 1 пара (жүз).

30 күндө: 30 пара = Куранды толук хатым кылуу.


✨️Кеңештер:

Ар бир окуу убактыңызды так белгилеңиз.

Ниетти чыңдап, туруктуулукту сактаңыз.

Ар бир окуудан кийин дуба кылууну унутпаңыз.


Аллах мээнетиңизди кабыл кылсын!✨️

⚜️SIRAT_AL_MUSTAKIM⚜️

https://whatsapp.com/channel/0029VaXDsh490x2nBfXKbj44


✨️Рамазандагы күнүмдүк амалдар✨️

_1. Саарлык кылуу._


_2. Таң намазын окуу._


_3. Куран хатм кылуу._


_4. Зикир жана дуа кылуу._


_5. Беш убак намазды так окуу._


_6. Садака берүү._


_7. Ооз ачуу (ифтар)._


_8. Таравих жана тахажуд намазын окуу._



✨️Күндөрүңүздү ибадат менен кооздоңуз!✨️

⚜️SIRAT_AL_MUSTAKIM⚜️

https://whatsapp.com/channel/0029VaXDsh490x2nBfXKbj44


Рамазан айыңыздар кут болсун! 🌙

Рамазан – бул сабырдуулуктун, кечиримдүүлүктүн жана руханий тазалануунун айы. Аллах Таала бул айда кармаган орозоңуздарды, кылган дуба-тилектериңизди жана жасаган сооп иштериңизди кабыл кылсын. 🤲

Бул куттуу күндөрдө жүрөгүбүз мээримге толуп, жан дүйнөбүз бейпилдикке чулгансын. Жакшылык кылууда, ырайым көрсөтүүдө жана кайрымдуулукта жарышалы. Ар бирибиздин жашообузга тынчтык, ден соолук жана береке тартуулансын!

Рамазан айыңыздар соопко, жакшылыкка жана тынчтыкка бай болсун! ✨

Сиздерди терең урматтоо менен "SIRAT_AL_MUSTAKIM " каналынын жаамат


⚜️SIRAT_AL_MUSTAKIM⚜️

https://whatsapp.com/channel/0029VaXDsh490x2nBfXKbj44


❗️Сауд Арабиясында жаңы ай расмий түрдө көрүлдү, жана бул менен байланыштуу:

✅ 2025-жылдын 1-марты – Рамазан айынын биринчи күнү, ал эми бүгүн Таравих намазы окулат.


Сауд Араб Падышалыгынын Жогорку соту бүгүн 2025-жылдын 28-февраль Жума күнү кечинде ыйык Рамазан айынын качан башталуусун кабарлайт.

🔴 Бүгүн, мусулмандардын хижрий жыл санагы боюнча 1446-жыл 29-шаабан жума күнү кечинде Ислам дүйнөсүнүн көпчүлүк өлкөлөрүндө Рамазан айынын айы каралып, ыйык айдын башталуучу күнү белгилүү болот.


​​🤲ДУБА КЫЛГАН АДАМ УШУЛ ҮЧ НЕРСЕНИН БИРИНЕ ЖЕТЕТ🧎‍♀️
 
Кээде адам жакшы ой-тилектерин Аллахтан сурап көпкө чейин талыкпай дуба кылат, бирок эч кандай натыйжа чыкпаганын көрүп, дубам кабыл болбойт окшойт деген ойдо дуба кылууну такыр таштап коёт. Мындай кылган туура эмес! Дубаны таштап коюу өтө чоң жаңылыштык. Дуба – Аллахтын мусулманга берген эң чоң куралы. Ким ал куралды туура колдоно билген болсо, анда ал акыры көздөгөн ой-максатына сөзсүз жетет.

Билесизби, пайгамбарыбыз ﷺ хадисинде эмне деп айткан:
 
«Акыйкатта Аллах – Уялуучу жана Берешен. Эгерде пендеси колун сунуп Андан бир нерсе сураса, аны куру жалак кайтаргандан уялат». (Тирмизи, 3556)

Сиз дуба кылдыңызбы? Эгер кылсаңыз, анда эч кабатыр болбоңуз. Анткени кылынган дуба эч качан текке кетпейт. Нажыйжада ушул 3 нерсенин бирөөсүнө жетесиз:

➡️Аллах ал дубаңызды бул дүйнөдө кабыл кылат.

➡️ Же ал себептүү сизди кырсык-балээден сактайт.

➡️Же кыяматта ал дубаңыз үчүн көптөгөн сооп-сыйлыктарды берет.
 
Кээ бир диний булактарда ушундай деп айтылган сөздөр бар, адамдар кыяматка барганда бул дүйнөдө кабыл кылынбаган дубалары үчүн берилген соопторду көргөндө, алар дүйнөдө эч бир дубам кабыл болбой эле койсо болмок экен деп арман кылышат. Анткени Аллах адамдын кылган дубасын эч качан текке кетирбейт, Ал аны бул дүйнөдө кабыл кылбаса, анда ага акыретте эселеген соопторду берет.

ТИЛМЕЧ | Эрланбек Кушчубек уулу
 


Video is unavailable for watching
Show in Telegram
#3

"Дин билимиңизди күчөтө турган 1 мүнөттүк суроо-жооп!"

https://whatsapp.com/channel/0029VaXDsh490x2nBfXKbj44

Канча суроого туура жооп бердиңиз?😉


Video is unavailable for watching
Show in Telegram
Илим талап кылууда өтө маанилүү насыйкат.


Бисмиллаахир Рохмаанир Рохиим

📍Кыска - нуска насааттар!

1. Таң эрте багымдат намазын тургузуп, таңкы зикирлерди калтырба, күнүң ийгиликтүү, тапканың берекелүү болот.

2. Шайтандын азгырыгына кабылып калбооң үчүн көп истигфар айт.

3. Дуба кылууну токтотпо, анткени, дуба ийгиликке жетүүнүн эң оңой жолу.

4. Ар-бир айткан сөзүңдү периштелер жазып турарын унутпа!

5. Кыйынчылыкка кабылып, оор күн көрүп жатсаң башыңа түшкөн балээни жакшылыка жоруп, ар-бир кыйынчылыктын артында жеңилдик бар экенин эсиңден чыгарба!

6. Манжалардын кооздугу тасбих айтып биригип жаткан учуру. Дайыма таспих айтууну өзүңө адат кылып ал!

7. Кайгы-капа түйшүккө кабылган болсоң, "Лаа илаха иллаллох" - келмесин көп айт!

8.Кедей-кембагал-дардын, мискиндердин дубасын садага берип сатып ал.

9. Напил намаздарда сажданы узун кыл, узун сажда кылуу жаркыраган сарайлардан абзел.

10. Ойноп сүйлөсөң да ойлоп сүйлө! Балким сен айткан сөз кимдир бирөөнүн көңүлүн оорутуп коюусу толук ыктымал.

11. Зулум чеккен адамдын дубасынан жана укугу тепселген адамдын көз жашынан сактан!

12. Китеп, гезит же журнал окуудан мурда Куран оку!

13. Өлкөбүздүн өнүгүүсүнө өз салымыңды кош!

14. Напсиңе каршы күрөш, анткени, напси жамандыкка үндөйт.

15. Ата-энеңдин колун өөп кызматын кыл, Алланын ыраазылыгына жетесин.

16. Сен эски деп кийбей койгон кийимиң колунда жок адамга жаңы болуп көрүнөт, кийбей турган кийимдериңди муктаж адамдарга бер.

17. Болбогон нерселерге ачууланба, өмүр сен ойлогондон кыска. Ачууга алдырсаң жашооңдо көп жакшылыктардан куру каласың.

18. Күчтүүлөргө күч берип күчтөндүргөн, байларга байлык берген кудурети чексиз Алла Таала дайыма сени көзөмөлдөп турарын унутпа.

19. Күнөө дубанын кабыл болбоосуна себеб болот. Дубанын кабыл болуу эшигин күнөө кылып жаап койбо!

20Кыйынчылыктан чыгууга жана балээден кутулууга эң жакшы жардамчы намаз. Намаз тургузуп Жаратканга жалбарып дуба кыл, кыйынчылыктан кутулуунун жолун көрсөтөт.

21. Алланын буйруктарын аткарбай таштап коюу бактысыздыктын башаты жана түйшүккө кабылуунун негизги себеби. Алланын буйруктарына баш ийип ибадат кыл, тыйган арам иштеринен алыс бол!

22. Парз намаздарынан сырткары напил намаздарды көп оку, кабырда жалгыз калганыңда жолдошуң болот. Жараткан жакшылыктарынан эч-кимибизди куру калтырбасын, азыркы окугандарыбызга амал кылып башкаларга да жеткирүүчүлөрдөн кылган болсун. Жакшылыктын жолун көрсөтүүчү, сооптуу амалдарды үйрөтүүчүлөр ошол жакшы ишти жана сооп амалдарды аткарганга барабар.

Шейх Абдишүкүр ажы Нарматов

https://t.me/islam_media_kg


Video is unavailable for watching
Show in Telegram
"Дин билимиңизди күчөтө турган 1 мүнөттүк суроо-жооп!"

https://whatsapp.com/channel/0029VaXDsh490x2nBfXKbj44


☪️ КУРАН ЖАНА СҮННӨТТКӨ АМАЛ КЫЛУУНУН ПАЗИЛЕТТЕРИ

1. ТУУРА ЖОЛГО БАШТАЙТ

Аллах Таала айтты:
«Чындыгында бул Куран эң туура жолго баштайт жана жакшы иштерди кылган момундар үчүн чоң сыйлыктар бар экени жөнүндө куш кабар берет». (Исра сүрөөсү, 9-аят)

Башка бир аятта Аллах Таала мындай деген:
«Бул китепте (Куранда) эч күмөн жок. (Ал) такыба адамдар үчүн туура жол». (Бакара сүрөөсү, 2-аят)

2. КУРАН БУЛ ШЫПАА

Аллах Таала айтты:
«Биз ыймандуулар үчүн шыпаа жана ырайым болгон Куранды түшүрөбүз. Ал эми (Куран) залымдардын зыяндарын гана көбөйтөт». (Исра сүрөөсү, 82-аят)

3. КЫЯМАТ КҮНҮ ШАПААТ КЫЛАТ

Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты:
«Куранды окугула! Анткени ал Кыямат күнү Куран окуган адамдарга келип шапаат кылат». (Муслим)

4. ДАРАЖАНЫ КӨТӨРӨТ*

Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты:
«Аллах Таала бул китеп (Куран) менен кээ бир адамдардын даражасын көтөрөт. Ал эми аны менен кээ бир адамдардын даражасын түшүрөт».(Муслим)

5. АДАМДАРДЫН ЭҢ ЖАКШЫЛАРЫНАН БОЛОТ

Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты:

«Силердин эң жакшыңар Куранды үйрөнүп жана аны башкаларга үйрөткөндөр». (Бухари)

6. СҮННӨТТҮ КАРМАНГАН АДАМДЫ АЛЛАХ ЖАКШЫ КӨРӨТ

Аллах Таала Куранда мындай деген:
«Айт: «Эгерде Аллахты чындап жакшы көрө турган болсоңор, анда мени ээрчигиле. (Ошондо гана) Аллах силерди жакшы көрөт жана күнөөңөрдү кечирет. Аллах Кечиримдүү, Мээримдүү». (Аалу Имраан сүрөөсү, 31-аят)

7. СҮННӨТТҮ КАРМАНГАН АДАМ АДАШПАЙТ

Пайгамбарыбыз, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты:
*«Менден кийин кимиңер жашай турган болсоңор, көп келишпестиктерди көрөсүңөр. Мына ошондо менин сүннөтүмдү жана менин туура жолдогу халифаларымдын сүннөтүн бекем кармагыла». (Абу Дауд, Тирмизи)

Урматтуу мусулман бир тууган! Сага Кыямат күнү Куран шапаат кылып бейишке киргизүүсүн каалайсыңбы? Анда Куранды көп окуп, анын ичиндеги өкүмдөргө амал кыл! Пайгамбарыбыз, саллаллаху алейхи уа салламдын, хадистерине амал кыл! Мына ошондо эч качан адашпайсың. Аллах Таала Куранда адамдарга кайрылып ушундай дейт:

«(Оо, адамдар!) Силерге Раббиңер тарабынан түшүрүлгөнгө (Куран менен сүннөткө) ээрчигиле! Андан башканы жол башчы тутуп, аны ээрчибегиле!» (Аараф сүрөөсү, 3-аят)

Бул аятта Аллах Таала Куран жана сүннөттөгү буйруктарга баш ийүунү жана тыюу салынган иштерден тыйылууну буйруп жатат. Бирок тилекке каршы бүгүнкү күндө Куран жана сүннөткө амал кылган адамдар өтө аз кездешет. Аллах Таала бизди жөн эле Куран жана сүннөткө амал кылгыла деп буйруп эле койбостон, Куран жана сүннөт менен жашаган адамдарга Кыямат күнү көптөгөн сооп-сыйлыктарды даярдап койгондугун да кошо айтты. Ошондуктан урматтуу мусулман бир тууган! Кел, Куран жана сүннөткө амал кылып жашайлы. Анткени Куран жана сүннөт бизди эки дүйнө бактылуулукка жеткирет.


@firdaus_media


Forward from: ну я же красовка
Video is unavailable for watching
Show in Telegram
🌷АЙЫМДАР ҮЧҮН КУРАН ҮЙРӨНҮҮ ЖАНА ТЕРЕҢДЕТИЛГЕН ТАЖВИД КУРСУНА ЖАҢЫ КАБЫЛ АЛУУ БАШТАЛДЫ....🌷

🔥Акция баасы 400с🔥

Өтүлүүчү сабактар:

1⃣Башталгыч деңгел (нөлдөн баштап):

✅ Куранды нөлдөн баштап үйрөнүү

✅ Тамгаларды сулуу жазганды үйрөнүү

✅ Махраждарды чыгарууну үйрөнүү

✅ Мини тажвид

2⃣Улантуучулар (Куран окууну билгендер үчүн):

✅ Тажвидти терең үйрөнүү

✅ Куранды туура жана тажвид менен окууну үйрөнүү

✅ Куран жаттоо


🎓Курсту толук 2 айда бүтөсүздөр ин шаа Аллах

📚Онлайн Ватсап жана телеграм аркылуу жумасына 3 жолу өтүлөт

✅СЕРТИФИКАТ БЕРИЛЕТ

Катталуу үчүн:

📲https://wa.me/996502020239


ЧЫНЫГЫ ХАНЫША БОЛОМ ДЕСЕҢИЗ...❤️

"Тең - теңи менен тезек кабы менен ". Бакытты бирөөнүн короосунан эмес, өзүңдүн үйүңдөн изде. Бакыттын даамы кайда дейсиңби? Бакыттын даамы, ырахаты сен самаган кабат - кабат үйдө, жол тандабас унаада, кымбат баалуу кийимдерди алып берип, "Мен айткандай болот" деп сен үчүн убактысын бөлбөгөн эмес, үңкүрдөй үйү болсо да, " Сен айткандай болот канышам " деп, дөңгөчтөй сүрү менен сени деп үйүнө шашкан. Жакының сенин китебиңдин автору болсун дейт, сенин көзүңдөн, жүзүңдөн, ички дүйнөңдү жүрөгүңдөн окуп, жаны менен сезип, оорусаң кошо оруп, ыйласаң колуң, жыгылсаң бутуң, күлсөң кошо күлүп, колдоп, коргоп , жакшы - жаман сөзүңө көз жумуп, жакшы сөзү менен мээрим кучагына кыскан, "Сүйүктүүм " деп түрган тамырана суу болуп берсең, дүйнөдө соолубас гүлгө айланасың. Бакыттын багбаны болгонду билсең, мөмөсү таттуу болот. ....☺️🤲❤️

©Насиба Абдуллаева

@firdaus_media


КУРАН ОКУУНУН ПАЗИЛЕТТЕРИ (КУРАНДЫН ПАЙДАСЫ, СООПТОРУ🌹)


Аллахка мактоолор болсун!
Аллах Таала улук пайгамбарыбызга, анын үй-бүлөсүнө жана сахаабаларына чексиз мээримин төксүн!


🌹Куран – бул Аллах Таалнаын Сөзү болгондуктан, анын башка сөздөрдөн улуулугу Аллах Тааланын башка макулуктардан улуулугу сыяктуу. Ал эми аны окуу тил сүйлөгөн сөздөрдүн эң жакшысы.


(КУРАН ОКУУНУН ПАЗИЛЕТИ, АРТЫКЧЫЛЫГЫ ТУУРАЛУУ ХАДИСТЕР🌹)


Пайгамбарыбыз ﷺайткан🌹
«силердин эң жакшыңар – Куранды окугандар жана окуткандар» (Бухарий)
Пайгамбарыбыз ﷺайтты🌹
«ким Аллахтын китебинен бир тамганы окуса, ага он эсе көп сооп болот🌹» (Термизий)


Пайгамбарыбыз ﷺайтты🌹

«Куранды толук бойдон жаттап, андан кийин окуган адамдын мисалы улуу-пакиза периштелердин жамааты менен болгон сыяктуу🌹
Ал эми, аны окууга өзүнө убада берип, ар канча кыйынчылык менен болсо да окуган адамга эки эсе сооп болот🌹»

(Бухари, Муслим)


https://t.me/firdaus_media


Video is unavailable for watching
Show in Telegram
Ассаламу алайкум, урматтуу мусулман бир туугандар!

Илимди жайылтып, соопко жетүүнү каалагандар үчүн өзгөчө мүмкүнчүлүк!

2025-жылдын 23-январынан 5-февралына чейин Египет өлкөсүндө Дүйнөлүк китеп жарманкеси өтүүдө. Бул чоң иш-чарага 25тен ашуун мусулман өлкөлөрдүн китеп басмаканалары катышууда.

Эгер сиз Египетте билим алып жаткан студенттерге жардам берүү менен садака жарая кылгыңыз келсе, бизге кайрылсаңыз болот. Сиздин белегиңиз илим издеп жүргөн жаштардын жолун жарык кылып, акыретиңиз үчүн чексиз сооп алып келет!

Жарманкеден алынуучу негизги китептер:

Куран тафсирлери

Хадистер топтому

Фикх жана башка шарият илимдерин камтыган китептер.


Илимди колдоо – бул эң улуу садака! Бул мүмкүнчүлүктү колдонуп, сиз да өз үлүшүңүздү кошуңуз. Аллах Таала сизден ыраазы болсун жана соопторуңузду арттырсын!

Реквизиттер:

Мбанк аркылуу :

706 98 63 63

Оптима аркылуу:

708 58 30 32

О! Деньги (Единица) аркылуу:

0508 42 24 24

Сурап билүү үчүн ватсап:

+201102863700

20 last posts shown.