Бир адам көп учурда Куран окуйт эле. Бирок андан эч нерсе жаттай албайт болчу.
Ошол адамдын кичинекей уулу атасынан сурады:
– Ата, сиз Куран окуйсуз, бирок эч нерсе жаттай албайсыз, анда анын сизге эмне пайдасы бар?
Атасы уулуна мындай деди:
– Балам, мен сага түшүндүрөм, бирок алгач, бул камыш себетти алып, андан сууну толтуруп кел.
Камыш себет адатта көмүрдү ташуу үчүн колдонулчу.
Уулу:
– Ата, бул мүмкүн эмес да!
Атасы:
– Сен аракет кылып көр, эмне болоорун байкайбыз.
Уулу бул сөздөн кийин себетти алып, сууга барып толтуруп келүүгө аракет кылды. Бирок жарым жолго жетпей эле суу бүт агып кетти.
Уулу атасына карап айтты:
– Ата, көрүп жатпайсызбы, бул мүмкүн эмес нерсе!
Атасы:
– Мейли, дагы бир жолу аракет кыл. – деди.
Уулу дагы аракет кылды. Бир жолу, эки жолу... бешинчи жолу болгондо, аябай чарчап, атасына мындай деди:
– Ата, сиз өзүңүз да билесиз, бул мүмкүн эмес. Эмне үчүн кайра-кайра аракет кылууга мажбурлап жатасыз?
Анда атасы уулунан сурады:
– Балам, себеттен бир нерсе байкадыңбы?
Уулу карап, түшүндү да мындай деди:
– Ооба, ата, себет таптаза болуптур.
Атасы мындай деп жооп берди:
– Ошентип, балам, бул себет сууну кармап кала албаса да, аны кайра-кайра жууп таптаза кылды. Ошол сыяктуу эле, адамдын жүрөгү да дүйнө иштеринен булганат, бирок Куран окуу менен жүрөгүбүз аны жаттабаса да, бул себетти суу тазалагандай тазаланат.
– Балам, Куран – жүрөгүңдү жана жаныңды тазалаган, азыктандырган, шыпаа берген нерсе. Шайтандын "жаттабаган нерсенин эмне пайдасы бар?" деген оюнунан сактан! – деп айтыптыр