🔔 Маанилүү! 2025-жылдын 1-январынан тарта Статистикалык бирдиктердин бирдиктүү мамлекеттик регистри (СББМР) боюнча маалымат берүүнүн маанилүү өзгөртүүлөрү күчүнө кирди.
Улутстатком төмөнкү маалыматтарды суранычтар боюнча берүүнү токтотот:
🔹 Жеке ишкердин фамилиясы, аты, атасынын аты (бар болсо) же юридикалык жактын толук/кыска аталышы.
🔹 Ишканалардын, уюмдардын жана жеке ишкерлердин жалпы идентификациялык коду (ОКПО).
🔹 Юридикалык дарек (жайгашкан жери).
🔹 Телефон, факс номери жана электрондук дареги.
Бул колдонуучуларга кандай таасир этет?
2025-жылдан тарта жеке маалыматтарды берүү суранычтары аткарылбайт, жана мындай маалыматтарды алуу үчүн тиешелүү органдарга кайрылуу зарыл болот.
Толук маалымат биздин сайтта:
https://stat.gov.kg