Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги алдамчылык аракеттер жөнүндө эскертет жана жарандарды коргоо боюнча чараларды жигердүү жүргүзүп келет
Урматтуу жарандар!
Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги сизден сак болууну суранат. Акыркы убакта жасалма сурамжылоолорду жүргүзүү жана жеке маалыматтарды чогултуу үчүн Министрликтин атын колдонуп телефон чалгандар көбөйдү.
Билүү маанилүү:
Санариптик өнүктүрүү министрлиги телефон же мессенджер аркылуу сурамжылоо жүргүзбөйт.
Шылуундар көбүнчө мамлекеттик органдардын же байланыш операторлорунун кызматкерлеринин атынан сизди адаштыруу жана купуя маалымат алуу үчүн байланышат.
Министрлик жарандарга карата алдамчылык аракеттердин алдын алуу үчүн байланыш операторлору жана укук коргоо органдары менен тыгыз иш алып барат.
Өзүңүздү кантип коргосоңуз болот: телефон же мессенджер аркылуу бейтааныш адамдарга жеке маалыматтарды бербеңиз.
Биз сиздин санариптик коргоону камсыз кылуу боюнча ишти улантып жатабыз жана сизди сак болууга чакырабыз.
Эсиңизде болсун: сиздин сактыгыңыз коопсуздуктун ачкычы!