🇰🇬Санариптик өнүктүрүү министри III Элдик курултайдын делегаттары менен жолугушту 🤝
🇰🇬2024-жылдын 20–21-декабрында Бишкек шаарында III Элдик курултай өтүүдө — бул маанилүү коомдук иш-чара, ага Кыргызстандын бардык аймактарынан 700 делегаттар жана Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров катышууда. Курултайдын күн тартибинде Кыргызстанды социалдык, экономикалык жана инфраструктуралык жактан өнүктүрүү боюнча негизги маселелер каралууда.
🤝Санариптик өнүктүрүү министри Нурия Кутнаева ушул иш-чаранын алкагында делегаттар менен жолугуп, санариптик трансформациянын артыкчылыктарын, интернетке жетүүнү жакшыртууну жана мамлекеттик онлайн кызматтарды өнүктүрүүнү талкуулады.
🛜Министр баса белгилегендей, өлкө аймагы боюнча 3500 километрден ашык була-оптикалык байланыш линиялары тартылып, өлкө боюнча 1432 социалдык объектини туташтырууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. 📱📲Ошондой эле Tunduk мобилдик колдонмосундагы жаңы кызматтар боюнча да айтып берди, тиркеме аркылуу 2024-жылы 33 жаңы кызмат жана 10 санариптик документтердин арасына 4 жаңы документтер ишке киргизилди. Колдонмонун жалпы жүктөөлөрү 3 миллиондон ашкандыгы белгиленди.
Санариптештирүү Министрликтин ишмердүүлүгүндө негизги артыкчылыгы бойдон калууда жана Министрлик мамлекеттин экономикасын өнүктүрүү жана жарандардын жашоо сапатын жакшыртууга багытталган долбоорлорду ишке ашырууну улантууда.