🌸 АЯЛ СЕН АСЫЛСЫН🌸


Channel's geo and language: Kyrgyzstan, Kyrgyz
Category: Religion


Ассаламу алейкум
Айымдар үчүн гана✅
Мырзалар кирүүгө ❌
Бирин бири колдоп
Билим алуусуна
Чоогу өсүү үчүн ачылган канал✔️

Related channels  |  Similar channels

Channel's geo and language
Kyrgyzstan, Kyrgyz
Category
Religion
Statistics
Posts filter


Video is unavailable for watching
Show in Telegram
Такыбалык өскөн сайын, текеберлик кичиреет.
Илим көбөйгөн сайын, ибаадат кылуу жакшырат.
Ыйман өскөн сайын,ыкластуулук көбөйөт.
Зикир көбөйгөн сайын, жүрөк тазарат.
Дааватка чыккан сайын диндин таттуу даамы сезилет.
Пайгамбарыбыздын өмүр баянын окуган сайын ага болгон сүйүү ойгонот, сүннөттүн баркы билинет.
Куран окуган сайын Аллахка болгон сүйүү көбөйөт.

Аяна Абдраева 🌸


11. Мазлумдун ( зулум чеккен адамдын ) дуасынан жана укугу тепселген адамдын көз жашынан сактан!

12. Китеп, гезит же журнал окуудан мурда Куран оку!

13. Өлкөбүздүн өнүгүүсүнө өз салымыңды кош!

14. Нафсиңе каршы күрөш, анткени нафс жамандыка үндөйт.

15. Ата-энеңдин колун өөп кызматын кыл, Алланын ыраазылыгына жетесин.

16. Сен эски деп кийбей койгон кийимиң колунда жок адамга жаңы болуп көрүнөт, кийбей турган кийимдериңди муктаж адамдарга бер.

17. Болбогон нерселерге ачууланба, өмүр сен ойлогондон кыска. Ачууга алдырсан жашооңдо көп жакшылыктардан куру каласын.

18. Күчтүүлөргө күч берип күчтөндүргөн, байларга байлык берген кудурети чексиз Алла Таала дайыма сени көзөмөлдөп тураарын унутпа.

19. Күнөө дубанын кабыл болбоосуна себеб болот. Дуанын кабыл болуу эшигин күнөө кылып жаап койбо!

20. Кыйынчылыктан чыгууга жана балээден кутулууга эң жакшы жардамчы намаз. Намаз окуп Жаратканга жалбарып дуа кыл, кыйынчылыктан кутулуунун жолун көрсөтөт.

21. Алланын буйруктарын аткарбай таштап коюу бактысыздыктын башаты жана түйшүкө кабылуунун негизги себеби. Алланын буйруктарына баш ийип ибадат кыл, тыйган арам иштеринен алыс бол!

22. Парз намаздарынан сырткары нафил намаздарды көп оку, кабырда жалгыз калганыңда жолдошуң болот.

23. Эгер сени кимдир бирөө гыйбат кылып жаткан болсо ага: "Алладан корк"-деп айт.

24. Табарак сүрөсүн дайыма окуп жүр, кабыр азабынан кутулууңа себеб болот.

25. Намазын Алла Таала көрүп турат деп окубаган адам жана тозокту бейишти эстеп көзүнөн жаш чыкпаган адам - бардык жакшылыктардан куру калган адам.

26. Алланы унутуп капылетте жүргөн адам менен жолдош болбо.

27. Эң оболу Алланы сүй, андан кийин Анын пайгамбарын сүй. Чыныгы сүйүү Аллага жана пайгамбарга болот. Алланы сүйүү - Алланын буйруктарын аткаруу менен болот, ал эми пайгамбарды сүйүү-сүннөтүнө ээрчүү менен болот.

Чыныгы сүйүү Жаратканга жанашуу, калгандары уруш, жаңжал талашуу...

28. Сени гыйбат кылган адамды кечир, анткени ал сени гыйбат кылып, сага өзүнүн сообун берип, сенин күнөөңдү алат.

29. Намаз, Куран жана зикр сенин көкүрөгүңдөгү жаркыраган мончогуң.

30. Тозок отун эстеген адам күнөө ишке алып баруучу жолдон сактана алат.

31. Күн батып, кайра таң атып, өмүр уланып турса, адам баласы азаптан кутулат. Кризистик абал өтөт, кыйынчылыктар кетет.

32. Айтты же айтылды деген сөздөрдөн алыс бол, анткени сенин андан сырткары кыла турган тоодой милдеттериң көп.

33. Иштерим калып кетет деп намазды шашып окуба, анткени намаз башка нерселерден жогору турат.

34. Куранды дайыма өзүң менен кошо ала жүр, Курандан бир аят окуганың дүйнө жана дүйнөдөгү бардык нерселерден жакшыраак.

35. Жашоо керемет, дүйнө кооз, бирок сенин ыйманың сени андан да кооз кылып көрсөтөт.

" О, Алла! Күнөөлөрүбүздү кечир, жүрөгүбүзгө күнөөнүн себебинен түшкөн кара тактарды кетир. Өзүңдүн буйруктарыңа жана пайгамбардын сүннөттөрүнө амал кылбай өткөргөн күндөрүбүздү, намазсыз, Курансыз, зикрсиз, аттырган түндөрүбүздү кечир". Амин


"БАКТЫЛУУ ЖАШООНУН ЖОЛУН КОРСОТКОН 35 НАСААТ"

1. Таң эрте багымдат намазын окуп таңкы зикрлерди калтырба, күнүң ийгиликтүү, тапканың берекелүү болот.

2. Шайтандын азгырыгына кабылып калбоон үчүн көп истигфар айт.

3. Дуа кылууну токтотпо анткени дуа ийгилике жетүүнүн эң оңой жолу.

4. Ар-бир айткан сөзүңдү периштелер жазып тураарын унутпа!

5. Кыйынчылыка кабылып, оор күн көрүп жатсаң башыңа түшкөн балээни жакшылыка жооруп, ар-бир кыйынчылыктын артында жеңилдик бар экенин эсиңден чыгарба!

6. Манжалардын кооздугу тасбих айтып биригип жаткан учуру. Дайыма таспих айтууну өзүңө адат кылып ал!

7. Кайгы-капа түйшүкө кабылган болсоң, " лаа илаха иллаллох " .- келмесин көп айт!.

8. Кедей-кембагалдардын, мискиндердин дуасын садака берип сатып ал.

9. Нафил намаздарда сажданы узун кыл, узун сажда кылуу жаркыраган сарайлардан абзел.

10. Ойноп сүйлөсөңда ойлоп сүйлө! Балким сен айткан сөз кимдир бирөөнүн көңүлүн оорутуп коюусу толук ыктымал.


4️⃣ ИМАМ ГАЗАЛИНИН АЙТКАН КЕРЕМЕТТҮҮ СӨЗДӨРҮНӨН.

✅️Аллах таала берген нематты Ал жактырган жерге жумшоо бул - шүгүр, жактырбаган жерге колдонуу болсо - нематты четке кагуу

✅️Аллах таала сенин жакшылыгыңды сенден жакшы билет.

✅️Бир сөз айта турган кезиңде ойлон! Эгер ошол сөздү айтпаганда жоопкерчиликтүү боло турган болсоң, аны айт. Болбосо унчукпа!

✅️Сабыр адамга таандык. Жаныбарларда сабыр жок. Периштелер болсо, сабырга муктаж эмес.

✅️Аллах таала биздин ар бир кылганыбызды жана ойлогонубузду билип турганын унутпашыбыз керек.

✅️Адамдар бири-биринин сыртын көрүшөт. Аллах таала болсо сыртты да, ичин да көрөт. Муну билген бир адамдын кылган иштери жана ойлору адептүү болот.


✅Эртең өлө тургандай бүт мүчөлөрүңдү арамдан сакта.


Бир маектен үзүндү:

🔹-Бактылуулук эмнеде?

-Бактылуулук Исламда.✅

🔹-бирок мен Исламда элемин, бактылуу боло албай жатам.

-Бактылуулук деп ыраазы болгон абалды айтат, анын эч кандай деле сыры жок.
Аллах Таала кандай тагдыр берсе,ошого ыраазы болуу бул чыныгы эки дүйнө бактысы✅


САДАКА- БУЛ ДААРЫ, ШЫПАА БЕРУУЧУ ЖАНА ОМУРДУ УЗАРТУУЧУ.

1) Садака -
Бейиш эшиктеринин бири.

2) Садака - соолих амалдардын
абзели, ал эми
эн абзели кембагалдарды
тамактандыруу.

3) Садака - кыяматта оз ээсин
колоколойт
жана тозоктон сактоочу.

4) Садака - Аллахтын ачуусун
жана кабыр ысыгын очуруучу.

5) Садака - бул тазалоочу, нафсти
тарбиялоочу, жакшылыкты
кобойтуучу.

6) Садака - ээсин кубантуучу жана
кыямат
куну жузун нурдуу кылуучу.

7) Садака - эн коркунучтуу кундо
тынчтык беруучу.

8) Садага - куноолордун
кечирилишине
себепкер, жамандыкты тосуучу.

9) Садака - ээсине убадаланган эн
чон ажр
сооп беруучу.

10) Садака - маркумга берилуучу
эн чон белек жана ал учун ото
чон пайда беруучу.

11) Садака - ажалдын аягындагы
кубаныч,
жана периштелер ага дуа кылууга
себепкер
болуучу.

12) Садака - беруучу адамдардын
эн
жакшысы, садаканын сообу ага
себепкерлердин баарына тен
барабар.

13) Садака - беруу такыбаа
адамдын сыпаты,
садака Алланын кулдарынын
ортосундагы
махабатка себепкер.


Video is unavailable for watching
Show in Telegram
Сиздер үчүн Ар тараптуу пайдалуу каналдар топтому

Каналдарга кирүү үчүн 👇


Суроо :
Дайым ихласты жана бекем ыйманды сактаса болобу?

Жооп: 👇
Инсан туруксуз,унутчаак, напсини ээрчип жалганга бателе жармашып кызыгып турат.
Биз периште эмеспиз!

Ошон учун дуба-зикир мусулмандын куралы!
Кыяматка жакын ыйманды сактоо чок кармаган сыяктуу болуп калат .
Күнүгө мээнет жана аракет керек!
Илим алуу парз!
Напсини тыйуу шарт!
Жалган өзүнө тарткан дарт!
Күнүгө амал менен Аллага кайт!

Аяна Абдраева🌸


-Бул жоопту силер деле билесиңер, бул менин сөзүм эмес, Аллахтын сөзү. Куранда Аллах Таала: "Жараткандан кечирим сурагыла, анткени Ал баарын Кечирүүчү. Ал силерге асмандан мол жамгырды жаадырат, силердин мүлкүңөрдү жана балдарыңарды коргойт, силер үчүн бактарды өстүрөт жана силер үчүн дарыяларды агызат", - деген. Демек, истигфар айтып, Аллахтан кечирим тилесеңер Аллах Таала аятта айтылгандын баарын берет, - дейт.

~ "Эртең дебе" китебинен


Беш суроого бир жооп

Хасан Басриге бир киши келип:

-Кургакчылык болуп, каатчылык жанга батты, кеңешиңиз керек, — дейт.

-Истигфар айтып, Аллахтан кечирим сурагыла, - дейт Хасан Басри.

Аңгыча дагы бир киши келип:

-Канча аракет кылсам да колума тыйын бүтпөй, жакырчылыктан башым чыкпай жатат, кеңеш бериңизчи,- дейт.

-Истигфар айтып, Аллахтан кечирим сурагыла, - дейт Хасан Басри.

Дагы бирөө келип:

-Көп жылдан бери балалуу боло албай жүрөм, эмне кылайын? - дейт.

-Истигфар айтып, Аллахтан кечирим сурагыла, - дейт Хасан Басри.

Андан кийин дагы бир киши келип:

-Багым түшүм бербей жатат, эмне кеңеш бересиз? - дейт.

-Истигфар айтып, Аллахтан кечирим сурагыла, - дейт Хасан Басри ага дагы.

Ар кандай суроого бир эле жоопту айта берген Хасанга таң калып жанында отургандардан бирөө:

-Ар түрдүү суроого бир эле жоопту берип жатасыз, биз буга жакшы түшүнбөй калдык..? - дейт.


Күндүн кеңеши 💯🎯

Бирөө үчүн өзүңдү өзгөртпө!Эч ким ага татыктуу эмес.
Аллах Таала раазычылыгы үчүн өзүңдү өзгөрт!
Бардык амал Алла үчүн гана!


Video is unavailable for watching
Show in Telegram
Эми адам денесин суу менен тазалайт.
Дайым таза жүргөнү гусул ,даарат менен жүргөнү.
Адептүүлүктү сактаганы.
Ойлорун зикир жана шүгүрчүлүк менен тазалайт.
Организмди уулуу заттардан токсиндерден тазалоо табигый чөп дарылар менен болот.
Рецепттер бар.
Ар дайым орозо кармоо бул напсини тарбиялоо жана ден соолукка кам көрүү.
Куран угуу , Аны окуу менен адам ички ,сырткы оорулардан айыгат .
Жашоо образ таза болуш үчүн бул пайгамбарыбыздын жолуна түшүү.
Таза жол Исламда гана.
Дин менен жашоо.Шарият өкүмдөрүнө баш ийүү.
Жан дүйнө таза болуш үчүн адамдарды түшүнө билүү,аларга дуба кылуу,салам жайылтуу,капаланбай туура кабыл алуу .

Кылган ишин таза болуш үчүн адал ,арамды ажыратып ар дайым аалымдардан сурап иш кылуу.


Күндүн кеңеши💯🎯

🎙Ушул сыпаттарды сактаныз:
Чынчылдык,
Жоопкерчилик
Аллага таянуу

Ушул сыпаттарды таштаңыз:
жасалмалуулук (фальшивость)
Элди тууроо (подражание )
Жаман ой.

📌Ушул нерсени алып келиңиз:
Чырайлуу ибаадат
Китеп окуу
Тазалык.

Бул нерсеге такыр маани бербеңиз:
Адамдардын жакшы жана жаман сөзүнө,себеби:
Жакшы сөз текеберлик алып келет
Жаман сөз таарынычка түртөт.

Аллах Таала раазычылыгы үчүн жашаганды , иш кылганды,дем алганды, ибаадат кылганды,илим алганды максат кылыңыз!


Video is unavailable for watching
Show in Telegram
💌 Күндүн кеңеши :

Ыраазычылык күндөлүгүн жүргүзүүгө аракет кылыңыз. Күн сайын бир нече убакыт бөлүп, сиз ыраазы болгон үч нерсени жазыңыз.
М: Бугун билим алдым,белек алдым, зикир кылдым.Альхамдулилла деп.Үзгүлтүксүз ыраазычылык практикасы жашоонун жаркын тарабына көңүл бурууга жардам берет, маанайыңызды жакшыртат.
Шүгүр кылуучу адамдардын катарында болууга түртөт.

Аяна Абдраева 🌸


Forward from: Жакшы ойлор....📚 ✍️
Адам өзүн тынч сезген жерге кайра кайра баргысы келе берет...


🌹
*_ Жүрөктүн тынчтыгы жана иштин жеңилдиги үчүн окулуучу дуба*🌹

*رَبِّ اشْرَحْ لِي صَدْرِي(٢٥) وَ يَسِّرْ لِي اَمْرِي(٢٦)*

_ Окулушу._
*_“Роббиш рохлии содрии, ва яассирлии амрии”_* (Тоха 24-25)

*_ Мааниси:_*
_“Оо,Роббим! Менин дилимди кенен жана ишимди жеңил кыл”._

*وَاحْلُلْ عُقْدَۃً مِنْ لِسَانِي(٢٧) يَفْقَهُوا قَوْلِي(٢٨).*

_ Окулушу_
*_“Вахлул ъукдатам мил лисаании, яафкохуу коулии”._* (Тоха 27-28)

*_Мааниси._*
_“Оо, Роббим! Адамдар менин сөзүмдү түшүнүүсү үчүн тилимден түйүндү чечкин”._
🌾🌾🌾🌾🌾🌾🌾🌾🌾


Ассалааму алайкум 😍 Кутман таң баарыңыздарга🌞 СИЗДЕРГЕ КЕРЕКТҮҮ, ПАЙДАЛУУ ДУБА АЙТЫП КЕТЕЙИН`` 🌷

*Жаш балдардын оорудан сактыгы үчүн дуба*

أعوذ بكلمات اللّٰهِ التامة من شر كل شيطان و هامة و من كل عين لامة

Аъуузу бикалимаа тиллаахит тааммати миң шарри кулли шайтоонин уа хаамматин уа миң кулли ъайнин лаамматин.

*Мааниси:* Мен Аллах Тааланын толук сөздөрү аркылуу ар бир шайтандан жана ар бир заардуу нерселердин жамандыгынан жана жаман көздөрдөн сактанамын🤲🏻

Ушул дубаны окуп балага дем салынат🥰


Forward from: 🤍 •~ ХАДИС ОКУ ~• 🤍
Ассаламу алейкум Рахматуллоохи уа баракатуху кандайсыздар
Ажобуздун өзүнө түз коммент жазалы.Туура маалымат жетсин. Антпесе бийликтин башын айландырып, элди экиге бөлүп, дааваттагы кыдырууну жабабыз деген сөрөйлөр пайда болду. Таратыңыздар баары жазсын!
https://www.instagram.com/p/C_iIFnlIoqn/?igsh=MWI2eWcyZjU2ZDc0ag==


https://t.me/hadissskg


Бироо мени бактылуу кылат деп жүрсөн,ыйманын алсыз,тооба кыл.
Эркек наалыган аялды бактысыз кылат
Бактылуу аялды,бактылуу кылат.
Аяна Абдраева💐


Сонун окуя:бир үлгүлүү үй-бүлөдөн ведущий сурап атат,
Силер аябай бактылуу парасынар,эми айтыңызчы деп аялына суроо узатат:
-Сиз бактылуусузбу ?

-ооба ,аябай бактылуумун

-Сизди күйөөңүз ушундай бактылуу кылдыбы?

Күйөөсү карап жылмайып,сыймыктанып турду,азыр ооба деп айтат деп.Бирок аялдын жообу башкача болду:

-Жок, жолдошум мени бактылуу кыла албайт,мен өзүм бактылуумун дейт.

Ар жакта жолдошу чочуп кетип карап калды,бул эмне деп атат деп.Анан аял сөзүн улады:

-Эчким бир бирин бактылуу кыла албайт,ар бир адам бактылуу болушту өзү тандайт,Мен бактылуу болгонду тандадым.Эч качан мен сырткы нерселерге көз карынды болгон эмесмин.
Кандай гана кыйынчылык келбесин адам бактылуу болууну токтотпош керек!...

Баары суктанып карап угуп жатышты.
Чындыгында эч ким бактылуу кыла албайт.
Бир гана Аллах бактылуу кылат.
Бактылуулукту байлыктан, күйөөңөн,балдарынан,саякаттан, сырткы нерселерден издебе.
Бактылуулукту сен Аллахтын жолунан гана табасың.

20 last posts shown.