Биздин «Аль-Умма» фонду дагы деле Палестинага жардам үчүн каражат чогултууну улантууда. Биздин расмий өнөктөшүбүз–Газа тилкесине 2014-жылдан бери гуманитардык жардам көрсөтүп келе жаткан аккредитациядан өткөн, ишенимдүү түрк фонду экенин эске салабыз.
Бул кайрымдуулукка өлкөбүздүн бир топ атактуулары жана бизнесмендери да четте турбай кол сунуп жатышат. Алардын ичинде, борбор калаабызда жайгашкан Хани Нурдин тарабынан ачылган “Саванна” рестораны келген кирешелердин 10%ын согуштун очугунда калган Палестина элине жардам кылып, биздин фондго которду. Муну менен катар, алар, Израилде өндүрүлгөн Coco Cola менен болгон келишимин да жокко чыгарышканын билдиришти.
Ал эми өзүнүн сапаттуу жана мыкты кызматтары менен кардарларын кубантып келген косметикалык
newme.kg салону дагы бардык Израилдик косметикалык каражаттарга бойкот жарыялашып, ишемби жана жекшемби күнкү түшкөн каражаттардын 10%ын аталаган аймакка жардам катары которушту.
Жалал-Абадда жайгашкан “3722” аталышындагы адал кафесинин ээси, ишкер Эдил Камалов дагы кафеге Coca cola, pepsi өңдүү суусундуктарга тыюу салынганын айткан видео менен бөлүштү. Мындан сырткары, бир канча дүкөндөр да израил товарларына бойкот жарыялап жатышат. Жүрөгү мээримге толгон жарандар да өз көмөктөрүн көрсөтүүдө.