Posts filter


СИЗДЕЙ АПА БОЛОМ

Бир күнү апамды аябай таарынтып алдым. Капа болгон абалда жүзүмө карап:

-Апа болгондо, мени түшүнөрсүң, деди. Балалыктын оттой жанып турган шок учурлары эле да ал кезде. Капа болгонуна маани деле берген эмесмин:

Мен эч качан сиздей апа болбоймун! деп кыйкырыпмын ошондо. Апам унчукпай ашканага кирип кетти. Чынын айтсам, сөзүмдү айтып бүтө электе эле өкүнүп калдым. Апамдын жанына барып, кечирим суроого абийи рим жол бербеди. Бир маалда кечээ сатып келген китепке көзүм түштү. Китеп кичинекей столдун үстүндө жаткан. Мүмкүн китеп окусам, көңүлү көтөрүлүп калат чыгар деп китепти алып, бөлмөмө кирип кеттим. Ошентип китеп окуп олтуруп уктап калыптырмын. Арадан канча убакыт өткөнүн билбейм, атамдын коңур үнүн угуп ойгонуп кеттим. Жумуштан келип, апам менен бир нерселерди сүйлөшүп отуруптур. Ордуман турмакчы болуп, үстүмө жууркан жабылып калганын байкадым. Колумдагы баягы китеп жок, үстүмдө кымтылап жылуу жууркан жабылып турга-нына таң калдым. Ордуман туруп, чыракты күйгүздүм. Керебетимдин жанында бир кесим торт, сүт жана кичи-некей кат туруптур. Катта: «Кызым, сен мендей апа бол-бойсуң, инша Аллах менден да жакшы апа болосуң!» - деп жазылган экен. Башыман ылдый кайнак суу куюлгандай эле болду. Кантип апама ушул сөздү айттым экен? Ошондо деле апамдын жанына барып кечирим суроого ичимдеги кандайдыр бир күч тоскоол болуп туруп алды. Негизи,урушуп калганыбыздын себеби да керебетимдин жанында турган торт эле. Мен апама эртеңки акыркы конгуроо үчүн торт бышырып берүүсүн сурангам. Апам болсо: «Жумушум көп, бышырып бере албаймын», деди. Эгер апам ошол тортту даярдап бербесе, мен классташтарымдын жанында уят болмокмун да. Тортту го деги бышырыптыр. Мени капа кылбай башында эле айтып койсо эмне болмок деп, өзүмчө мурчуңдап алдым.

Ушул маалда атам жаныма келип калыптыр. Ыйлап олтурган элем. Көз жашымды сүртүп:

- Эмне болгонун билемин, азыр сага бир сырды ачам, бирок аны апаңа айтпайсың, макулбу? - деди.

- Макул, айта бериңиз, апама айтпаймын.

Эртең менин маяна ала турган күнүм. Үйдө ун менен май түгөнүп калган экен. Апаңа тамакты бир күн эптеп бир нерсе кыла тур деп айткам. Сен торт бышырып бериңиз дегенинде, сени капа болуп калбасын деп: «Үйдө ун жок», - деп айта албаптыр. Кошуналардан суроодон да уялыптыр. Бирок аябай капа болгонуңду көрүп, дүкөнгө барып, карызга жаздырып алып келиптир.

Атамдын айткан сөздөрүн угуп, абалкыдан да көбүрөөк кайгырып, апамдын жанына бардым. Бир да сөз айтпай, кучактап алып ыйлай бердим. Эптеп өзүмдү токтотуп, болгону, бул сөздөрдү гана айта алдым:

Мен сизге окшош эле апа боломун! Өзүм капа болсом да, аны перзенттериме билдирбеймин. Алар үчүн бардык нерсеге даяр боломун. Анан да сиз мени жакшы көргөн дөй, мен да аларды жакшы көрөм, - дедим.


Ойно, жаша, күлгүн, сүйлөш, кайгыңды айт,
Байкадыңбы өмүр учуп жай жылбайт.
Ар мүнөттү жаркырата жашагын,
Кеткен жандар кайра кайтып, кайрылбайт...


Ким адамдардан тиленүүдөн сактанса , Аллах аны сактап коёт, ким өз күчү менен абалдан чыгууга аракет кылса, Аллах аны адамдарга муктаж болуудан куткарат, ал эми ким сабыр кылса, Аллах ага сабыр берет жана сабырдан ашкан айкөл белекти эч ким эч качан алган эмес.


Дүйнөлүк жоолук күнү 2013-жылы Америкада жашаган Назма Хан аттуу мусулман айымы тарабынан негизделген. Ал бул күндү баштоонун себеби – жоолукчан аялдарга карата түшүнбөстүктү жоюу жана хижабды тандаган айымдардын укугун коргоо болгон.

Бул күндүн негизги максаттары:

Жоолук тууралуу туура маалымат таратуу

Жоолукчан аялдарга карата дискриминацияны азайтуу

Хижабды тандоо – мажбурлоо эмес, аялдардын өз эрки менен кабыл алган чечими экенин түшүндүрүү

Мусулман эмес аялдарды бир күн жоолук кийип көрүүгө чакыруу, аларга ислам маданиятын жакындан түшүнүүгө жардам берүү


Азыр дүйнөнүн 150дөн ашуун өлкөсүндө бул күн белгиленип, жоолук темасына арналган иш-чаралар, социалдык флешмобдор жана маалыматтык кампаниялар өткөрүлөт.

Исламда жоолук аял үчүн ибадат жана ибадаттын бир бөлүгү катары каралат. Куранда жоолук тууралуу аяттар бар, анын ичинде "Нур" сүрөсү, 31-аят жана "Ахзаб" сүрөсү, 59-аят аялдарга жоолукту сактоо боюнча көрсөтмө берет. Бирок 1-февраль бул датага байланыштуу исламдын негизги булактарында (Куран жана хадистерде) көрсөтүлгөн эмес, ал заманбап демилге катары чыккан.
https://chat.whatsapp.com/DQrxkus8xFJF6Jr49jCdDd


🕊Адамды бактылуу кылган сапаттар...!)

- Бекем ыйман жана ишеним.
- Кооз амалдар, сооптуу иштер.
- Чынчылдык, ыхластуулук.
- Адилеттүлүк.
- Калыстык, ынсаптуулук
- Илим жана агартуулук.
- Адеп-ахлак.
- Мээрим, мамиле.
- Боорукердик.
- Аруулуу жана тазалык.
- Сабыр, чыдамдуулук.
- Берешендик, аракет.
- Момундук, кичипейилдик.
- Адамгерчиликтүү.
- Кайраттуулук, эрдик.
- Чынчылдык, тууралык.
- Меймандостук, сыйлуу.
- Шүгүрдүк, ыраазычылыктуу.
- Тилди тыйуу, сыр сактоо.
- Убадага туруу.


"Акыл бир кой, напси бир карышкыр, ыйман болсо койчу. Ыйман күчтүү болбосо напси акылды жеп коёт." -Аз.Мевляна

"Жакшылыкка жакшылык бардык кишинин иши. Жамандыкка жакшылык эр кишинин иши. Жакшылыкка жамандык бузуку кишинин иши."
Шейх Эдебалы хазретлери

"Бир мүнөттүк ачуулукка бир мүнөт сабыр кылып коюу миң мүнөттүк өкүнүчтүн алдын алат."
Аз. Али (ра)

Болсоң деңиз сыяктуу киши бол. Сыртың сулуу, ичиң андан да сулуу.

Ичиңде бир кайгың бар болсо, анда Аллага айт. "Дагы сенби?!" дебейт.

Напсиңден кутулгандан кийин жүрөгүң сени менен сүйлөшөт.
- Абдулкадир Гейлани хазретлери-

Жер астында Аллага тооба кылууну каалаган миллиондогон жандар бар болсо дагы сен тообо кылууга мүмкүнчүлүк берилген бактылуулардын ичинде экениңди эсиңден чыгарба. Бул мүмкүнчүлүктү колдон чыгарба.






Бир айылда сүрөттү укмуш тарткан сүрөтчү жашачу. Бир күнү алдына бечара киши келип "Сенин колуңда бар, эмнеге эч кимге жардам бербейсиң? Мына карачы, набайчы бекер нан берет, касап кээде бекер эт таратат, сен болсо ушунча көп акча табасың, эмнеге жардам бербейсиң?" дегенде сүрөтчү үн чыкпайт. Бечара айылга барып, сүрөтчүнү ач көз деп ушактай баштайт. Күндөрдүн биринде сүрөтчү ооруп калат, эч ким көргөнү келбейт. Акыры бир күн акка моюн сунат. Сүрөтчү чыныгы ааламга көчкөндөн кийин набайчы нан бербей коёт, касапчы эт таратпай коёт. Таң калган эл барып "Эмнеге нан, эт таратпай койдуңар?" дегенде набайчы менен касапчы "Раматылык сүрөтчү барго, көзү тирүүсүндө ай сайын бизге акча берип, бекер нан, эт тараткыла дечү. Ал каза болгондон кийин эч ким акча бербей койду, биз дагы бекер нан, эт тарата албай калдык." деп жооп берет.

Жакшылык кылуунун 5 шарты бар:
Бат болушу керек, жашыруун эч ким билбеши керек, эл көрсүндүк үчүн жакшылык апыртылып берилбеши керек, жакшылык бир күн бар, экинчи жок эмес, дайыма болуусу керек жана чыныгы муктаж болгон адамдарга, жерлерге кылынуусу керек.
*Телеграмм каналыбыз:*
https://t.me/ulanbekovnam
https://t.me/yiman_nuruum
*Ватсап группа:*
https://chat.whatsapp.com/DQrxkus8xFJF6Jr49jCdDd
*Инстаграм баракчабыз*
https://www.instagram.com/yiman_nuruum/profilecard/?igsh=MXJyMHByajNpajM5cg==


Жашоо бул бешиктен бейишке чейинки жол. Жолубузда өзүбүздү кандай алып жүргөнүбүз биздин кийинки аялдамабызды анык- тайт. Бул дүйнөдө да, аркы дүйнөдө да бактылуу болууга аракет кыл.


Өзүңдө адеп-ахлак жок болсо, анда алган илимиңден береке болбойт. Эшек китеп ташыса эле илим-билимдүү болуп калбайт.

Эшек отун-суу ташыса эле сопу болуп калбайт,
Төө Меккеге барып-келсе эле ажы болуп калбайт.


Көп күлбөгөнгө айбат берилет.
Оңго-солго карабаганга адеп берилет.
Көп сүйбөгөнгө сабыр берилет.
(Абдулкадир Гейлани хазретлери)


Үммөт качан оңолот качан жумага келген жамаат багымдатка келгенде, орозо/курман айтка жаңы жылга даярдангандай даярданганда.


"Уккандарыңа жана көргөндөрүңө дароо ишенбе.

Себеби укканыңдын артында башка үн, көргөнүңдүн артында башка көрүнүш болот. “Уккан нерсенин баарына дароо ишенип, аны башкаларга ошол замат айтуу күнөө экенин" Пайгамбарыбыз (с.а.в) айтат".


КАШЫК ТУЗ

Күндөрдүн биринде акылманга бир жаш жигит өз арманын айтып келет:

- Мен шордуумун. Кошунам өз жашоосуна ар дайым ыраазы, ал эми менин көйгөйлөрүм эч бүтпөйт, көр тириликтен башым чыкпай койду, - дейт.

Акылман бир чыныга суу куюп келип ага бир чоң кашык туз салып:

- Даамын татып көрчү деп жигитке сунат. Жигит сууну даамдап көрүп, аябай шордуу экен деп уртаган суусун бүркүп жиберет. Акылман туз баштыгын алып жигитти ээрчитип чоң көлдүн жээгине барып, көлгө бир кашык туз салып жигитке сууну даамдап көрүүсүн суранат. Жигит даамдап көрүп:

- Суунун даамы эч өзгөргөн жок, - десе, акылман ага жылмайып:

- Көрдүңбү, бул жашоодо көйгөйлөр ушул кашык туздай. Пейилиң кенен, жан дүйнөң көлдөй болсо, ал сенин жашооңду өзгөртө албайт деген экен.
-
- *Телеграмм каналыбыз:*
https://t.me/ulanbekovnam
https://t.me/yiman_nuruum
*Ватсап группа:*
https://chat.whatsapp.com/DQrxkus8xFJF6Jr49jCdDd
*Инстаграм баракчабыз*
yiman_nuruum
https://www.instagram.com/yiman_nuruum/profilecard/?igsh=MXJyMHByajNpajM5cg==


🛑 ЖАҢЫ ЖЫЛ МУСУЛМАНДАРДЫН МАЙРАМЫ ЭМЕС!

Эскертип кетчү нерсе бул сөздөр мен мусулманмын Жаратуучум Аллах Пайгамбарым Мухаммад (ﷺ) диним Ислам деген мусулман бир туугандар үчүн.

Ислам дининде Аллах Таала мыйзамдаштырып берген 2 гана: Орозо айт жана Курман айт деген майрам бар, Жаны жыл деген майрам жок!!!

Куранда Аллах Таала айтат:

“Эй, момундар! Ислам динине толук киргиле. Шайтандын жолдоруна ээрчибегиле. Чындыгында ал силер үчүн ачык душман” (Бакара сүрөсү 208-аят)

Аллах Таала бизди толук дин менен жашап, андагы өкүмдөрдү аткарып, динде жок нерседен алыс болууга, шайтандын ар кандай азгырыктарына алданбоого буюруп жатат.

Жаңы жыл майрамы динибизде жок. Бул токой кудайына, Күн кудайына сыйынган бутпарастардын, андан кийин өздөрүнө майрам кылып алышкан христиандардын майрамы.

Алланын каргышында болгон спирт ичимдиктери эң көп ичилген майрам. Ар түрдүү оюн-зооктор, түнкү клубдарда,ресторан-кафелерде, корпоративдерде, кечелерде, эркекеги менен аялы аралашкан масчылык, бирөөнүн аялын бирөө кармалап ойноштукка чакырган майрам.

Эң көп ысырапкорлучук боло турган түн. Бир эле мисал: жарым саатта асманга атылган Кытайдын фейрверктерин алууга канча деген акчаны коротуп абага учуруп атабыз.

Кереметтүү Куранда Аллах Таала: “Жегиле, ичкиле, бирок ысырап кылбагыла. Анткени Аллах ысырап кылуучуларды жакшы  көрбөйт” (Ароф сүрөсү 31-аят) - деп бизге ачык түрдө буюруп жатат. Курандагы ачык түрдө айтылган  аятттарды милдеттүү түрдө аткаруу зарыл.
Ошондуктан биз ысырап кылууга жол бербей жакындарыбызга да эскертели, жаңы жыл биздин майрам эмес, динде жок майрамды майрам деп майрамдоо күнөө экенин, айтып жеткирели.

Куранда Аллах Таала айтат: “Бирок эскерте бергин. Анткени, эскертүү ыймандууларга пайда берет” (Заарият сүрөсү 55-аят)

Аллах Таала бир шаарга азап жиберип, периштелерди жөнөтөт...  Периштелер келип карашса, шаардын ичинде намаз окуган, орозо кармаган бир мусулман дагы бар экен. Периштелер бул тууралуу кабар бергенде, Аллах Таалам айтат: “Азапты, ошол мусулмандын үйүнөн баштагыла! (эмнеге?) Себеби ал, өзү акыйкатты билет эле, бирок башкаларга жеткирбейт эле!

Пайгамбарыбыз (ﷺ) айткан: “Эгерде Кимде-Ким жаман ишке күбөө болсо аны колу менен токтотсун!  Анда да болбосо тили менен токтотсун! Анда да болбосо ошол иштин канчалык денгээлде ыплас экенин жүрөгү менен жек корсун! Мындан төмөнкү ыйман болбойт. Жүрөк менен жек көрүү Ыймандын эң төмөнкү даражасы” -деген.

А эгер, Жаңы жыл христиандардын ширк майрамы экенин толук сезип билип туруп, текеберленип: “Биз светский, демократиялык өлкөдө жашайбыз” майрамдаймын эле, эч нерсе болбойт, Жаңы жыл үй-бүлөлүк майрам, "Чын жүрөктөн баары бир" - деп майрамдаган болсо ал адамдын ыйманында чоң күмөн бар! Жана Алланын буйругуна каршы чыгып, аны жокко чыгарган абалда болот. Ким Алланын бир буйругун толук билип сезип туруп текеберленип жокко чыгарса ал Ислам динен чыгат, Ислам динине капыр болот
https://chat.whatsapp.com/DQrxkus8xFJF6Jr49jCdDd


Жакшы өмүр
Жакшы ойлордон турат...


"Эгер адамдын кандай экенин билгиң келсе башкалардын ал жөнүндө айтканын укпай, Ошол адамдын башкалар таралуу айтканын ук!"


Чындыкты сүйлөгөн Адамдын көп досу болбойт.
Себеби,ал Адам жагынууну билбейт...


https://t.me/ulanbekovnam
https://t.me/yiman_nuruum

Ассаламу алейкум уа рахматуллохи уа баракатуху 😊
Ушул эки каналга активдүү админ(ка) керек😊
Кайрылуу үчүн 👇
@ulanbekovna_07

20 last posts shown.