Чоң эне
91 ден кийин турмуш начарлап
Тоолор кулап биз ишенген катарлап
Шаар байкуш жели чыккан шар болуп
Шаабайы суз узап кеттик сапарлап
Ай балилеп алаканын чапкандай
Айланага чачыласын чачкандай
Аалам тарып жаткан кезде бир гана
Айылыбыз кенен болду тасмалдай
Балдарынын балбылдаган чырагы
Балдар аны бар кезинде туябы?
Эстеп көрсөм чоң энемдин курагы
Энекемдин азыркыдай убагы
“Кара кыз” деп, кадырлашып эл айтат
Кара жармаң укмуш! дешип, эл алкап
Ал чоң энем неберенин баарына
Айланайын! Кагылайын деп айтат.
Аялзаттын баары сүйкүм, жакшы эне
Анда пейил азыркыдан жакшы эле
Үч бир тууган бир айылга батпадык…
Үч бөлмөгө анда баары батчы эле
Көп кайгырып, а бирок аз күлдүңүз
Өзүңдү эмес өзгөлөрдү сүйдүңүз
Кайда жүрөт гиннес деген сокурлар?
Канча байпак, канча мээлей түйдүңүз?
Аба ырайын айтып берген үлгүбүз,
Алыстарды көрө билген дүрбүбүз.
Кайран токоч, айран, жарма, тамагың,
Канча жуулду колуңуздан киймибиз?
Келбейт тура биз аларды билгибиз
Келесообуз неге мынча жиндибиз?
Жиндилерди адам кылам деп жүрүп,
Канча тоңуп, канча ысыкка күйдүңүз?
Ак батаңыз аруу эле мол эле,
Айтканыңыз ашуу эле жол эле.
Азыр деле жинди бойдон жүрөмүн,
Адам боло албай койдум чоң эне.
Окуп-чокуп турмуш мени өңөрдү
Ошол бойдон сизди күндө көрөмбү?
Келип кетем учурашып сиз менен,
Келбетиңде бырышыңыз көбөйдү.
Азайгандай кубануу да кайгыңыз,
Аз ичип жеп, жоош болуп калдыңыз
Миң азапка түшсөң дагы биз үчүн
Милдет кылбай улгайууга бардыңыз.
Батар күндөй баарын карап турдуңуз
Балдарыңдан бакыт шаарын курдуңуз
Абышкам деп айтып жүрүп акыры,
Ана ошентип акка мойун сундуңуз.
Ыры даяр таңдайында төгүлгөн
Нуру даяр маңдайында көрүнгөн
Баласаак болуп жашап өмүрдө
Баласаак бойдон өттүң өмүрдөн.
Көрүстөнүң көрдүм эне көмүлгөн
Көркүң кетпейт жылмайыңкы көңүлдөн.
Неге жазбайм сиз жөнүндө эскерип?
Небереңмин чоң энеге өбүлгөн!!!
Б.Акматов 2025 25-март.13:50
91 ден кийин турмуш начарлап
Тоолор кулап биз ишенген катарлап
Шаар байкуш жели чыккан шар болуп
Шаабайы суз узап кеттик сапарлап
Ай балилеп алаканын чапкандай
Айланага чачыласын чачкандай
Аалам тарып жаткан кезде бир гана
Айылыбыз кенен болду тасмалдай
Балдарынын балбылдаган чырагы
Балдар аны бар кезинде туябы?
Эстеп көрсөм чоң энемдин курагы
Энекемдин азыркыдай убагы
“Кара кыз” деп, кадырлашып эл айтат
Кара жармаң укмуш! дешип, эл алкап
Ал чоң энем неберенин баарына
Айланайын! Кагылайын деп айтат.
Аялзаттын баары сүйкүм, жакшы эне
Анда пейил азыркыдан жакшы эле
Үч бир тууган бир айылга батпадык…
Үч бөлмөгө анда баары батчы эле
Көп кайгырып, а бирок аз күлдүңүз
Өзүңдү эмес өзгөлөрдү сүйдүңүз
Кайда жүрөт гиннес деген сокурлар?
Канча байпак, канча мээлей түйдүңүз?
Аба ырайын айтып берген үлгүбүз,
Алыстарды көрө билген дүрбүбүз.
Кайран токоч, айран, жарма, тамагың,
Канча жуулду колуңуздан киймибиз?
Келбейт тура биз аларды билгибиз
Келесообуз неге мынча жиндибиз?
Жиндилерди адам кылам деп жүрүп,
Канча тоңуп, канча ысыкка күйдүңүз?
Ак батаңыз аруу эле мол эле,
Айтканыңыз ашуу эле жол эле.
Азыр деле жинди бойдон жүрөмүн,
Адам боло албай койдум чоң эне.
Окуп-чокуп турмуш мени өңөрдү
Ошол бойдон сизди күндө көрөмбү?
Келип кетем учурашып сиз менен,
Келбетиңде бырышыңыз көбөйдү.
Азайгандай кубануу да кайгыңыз,
Аз ичип жеп, жоош болуп калдыңыз
Миң азапка түшсөң дагы биз үчүн
Милдет кылбай улгайууга бардыңыз.
Батар күндөй баарын карап турдуңуз
Балдарыңдан бакыт шаарын курдуңуз
Абышкам деп айтып жүрүп акыры,
Ана ошентип акка мойун сундуңуз.
Ыры даяр таңдайында төгүлгөн
Нуру даяр маңдайында көрүнгөн
Баласаак болуп жашап өмүрдө
Баласаак бойдон өттүң өмүрдөн.
Көрүстөнүң көрдүм эне көмүлгөн
Көркүң кетпейт жылмайыңкы көңүлдөн.
Неге жазбайм сиз жөнүндө эскерип?
Небереңмин чоң энеге өбүлгөн!!!
Б.Акматов 2025 25-март.13:50