{ ذكر صلى الله علبيه وسلم الرجل يطيل السفر أشعث أغبر يمد يديه إلى السماء يا رب يا رب ومطعمه حرام ومشربه حرام وملبسه حرام وغُذيَ بالحرام فأني يستجاب لذلك }
"Пайгамбар ﷺ үстүн чаң баскан, чачы саксайган, узак жол жүрүп: "О Роббим, о Роббим!" деп колун асманга көтөргөн адамды эскерди. Бирок анын тамагы арам, ичкени да арам, кийими да арам, арам менен багылган, анан кантип анын дубасына жооп берилсин?!"
📖(Муслим, 1015)
💭Ибн аль-Каййим, айтты: "Арам менен тамактануу - дубанын күчүн алсыратат".
💭Дуба кылууда чектен ашпоо керек. Анткени Аллах чектен ашкандарды, дуба кылууда ашкере кылгандарды сүйбөйт.
• ادْعُوا رَبَّكُمْ تَضَرُّعاً وَخُفْيَةً إِنَّهُ لا يُحِبُّ الْمُعْتَدِينَ •
"Раббиңерге жалбаруу менен, купуя түрдө дуба кылгыла! Чынында, Ал чектен чыгуучуларды сүйбөйт".
(Аль-Аьраф сүрөсү, 55).
💭 Кошумча маалымат алуу үчүн №41017 суроонун жообуна кайрылыңыз.
💭Дуба кылуу адамды мойнуна жүктөлгөн парздарынан алаксытпашы керек, мисалы, дуба парз кылынган намаздан же ата-эненин алдындагы милдеттенмелерди аткаруудан алаксытпашы керек. Балким, Журайждын окуясы шайкеш келет. Бир убакта ал (Журайж) энесинин чакырыгына жооп берүүнүн ордуна намаз менен алек болгондугу үчүн, энеси ага каршы дуба кылып, Аллах аны чоң сыноого кабыл кылган.
Ан-Науауи, {Аллах аны ырайымына алсын} айтты: "Аалымдар айтышты: "Ал нафил намаз окуп жаткандыктан энесине жооп берүүгө акысы бар жана жооп берүүсү туура эле. Себеби, намазды улантуу уажип эмес, өзүнүн каалоосу болгон. Энесинин чакырыгына жооп берүү, ага жакшы мамиле кылуу - уажиб, ага тоң моюндук кылуу - арам".
💭 Кошумча маалымат алуу үчүн Мухаммад ибн Ибрахим аль-Хамаддын "ад-Дуба" китебине караңыз.
____
ИСЛАМ: СУРОО-ЖООП
➤➤https://chat.whatsapp.com/FxhjPxUUS3XDd9AItDqRSc
➤➤https://t.me/Islam_SurooJoop
➤➤https://www.instagram.com/invites/contact/?i=1bi7415d1h6u2&utm_content=kmxuio7
➤➤https://www.facebook.com/islamsuroojoop.islamsuroojoop