https://islamqa.info/ar/49944 مقدار الفدية التي في آية الصيام
💭💭💭💭💭💭💭💭💭
🌴
ОРОЗО ЖӨНҮНДӨГҮ АЯТТА АЙТЫЛГАН ФИДЬЯНЫН ӨЛЧӨМҮ
💭
СУРОО: 49944Орозо тууралуу аятта айтылган фидьянын (каффарат садакасынын) өлчөмү кандай?
💭
ЖООП:Аллахка алкыш-мактоолор болсун!
💭 Мазмуну:
1. Кимге орозонун фидьясы парз?
2. Орозо тууралуу айтылган аяттагы фидьянын өлчөмү.
💭 Биринчиден:
Эгерде Рамазан айы келип, карыгандыгына байланыштуу улгайган адам же айыгууга үмүтү жок оорулуу адам орозо кармай албаса, анда алар орозо тутууга милдеттүү эмес, анткени алардын орозо кармоого кудурети жок. Ошондуктан, алар оозун ачып, ар бир орозо күнү үчүн бир жакырга тамак беришет.
Аллах Таала айтты:
۞ أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا كُتِبَ عَلَيْكُمُ الصِّيَامُ كَمَا كُتِبَ عَلَى الَّذِينَ مِنْ قَبْلِكُمْ لَعَلَّكُمْ تَتَّقُونَ * أَيَّاماً مَعْدُودَاتٍ فَمَنْ كَانَ مِنْكُمْ مَرِيضاً أَوْ عَلَى سَفَرٍ فَعِدَّةٌ مِنْ أَيَّامٍ أُخَرَ وَعَلَى الَّذِينَ يُطِيقُونَهُ فِدْيَةٌ طَعَامُ مِسْكِينٍ فَمَنْ تَطَوَّعَ خَيْراً فَهُوَ خَيْرٌ لَهُ وَأَنْ تَصُومُوا خَيْرٌ لَكُمْ إِنْ كُنْتُمْ تَعْلَمُونَ ۞
«Оо ыйман келтиргендер! Силерден мурунку элдерге парз кылынган сыяктуу, силерге да орозо кармоо парз кылынды. Такыба болушуңар үчүн. Орозо кармаганга чыдаган (бирок кыйналганы себептүү кармабаган) адамдарга ар бир күн эсебине) бир жакыр адамды тойгузуу - фидья».
💭(Аль-Бакара сүрөсү, 183-184).
Имам аль-Бухари Ибн Аббастан (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылат: "Бул өкүмү өчүрүлгөн аят эмес. (Жана бул аятта) орозо кармай албаган улгайган эркек жана аял ар бир орозо күнү үчүн бир муктаж адамга тамак берээри жөнүндө баяндалат".
💭 (Сахих аль-Бухари, 4505).
Ибн Кудама айтты: "Эгерде улгайган карыя менен улгайган кемпир орозо кармаганынан алсыз болушса жана аларга кыйынчылык жаратса, анда алар оозун ачып, ар бир орозо күнүнө бир жакыр адамга тамак беришет.... Эгерде муктаждарга тамак да бере албаса, анда ага эч нерсе жүктөлбөйт, анткени "Аллах эч бир жанды кудурети жетпеген нерсеге буюрбайт".... Оорусунан айыгууга үмүтү болбогон оорулуу адам да орозосун ачып, ар бир күнүнө бир муктажды тойгузат, анткени ал карыган адам менен бирдей абалда".
💭 (Ибн Кудама, аль-Мугни, 4/396).
"Аль-Маусу‘ату-ль-фикхийада" айтылат: «Ханафилер, Шафиилер жана Ханбалилер орозо кармоонун ордуна фидьяга карылыктын айынан орозосун кийин да толтуруп берүүгө үмүтү жок болгондо гана барууга мүмкүн экенине бир добуштан макулдукка келишкен. Буларга: орозо кармай албаган улгайган адам же оорусунан айыгууга үмүтү жок оорулуу адам кирет. Анткени Аллах Таала айтты:
۞ وَعَلَى الَّذِينَ يُطِيقُونَهُ فِدْيَةٌ طَعَامُ مِسْكِينٍ ۞
«
Орозо кармаганга чыдаган (бирок кыйналганы себептүү кармабаган) адамдарга ар бир күн эсебине) бир жакыр адамды тойгузуу - фидья».
Бул орозо кармоо оорчулук жараткандарга тийиштүү".
💭 (Аль-Маусу‘ату-ль-фикхийа, 5/117).
Шейх ибн Усаймин, (Аллах аны ырайымына алсын) айтты:
"Оорулуу адамдар эки түрдүү болоорун билүүбүз зарыл:
💭Биринчи түрүнө айыгууга үмүтү бар болгон, мисалы, күтүлбөгөн жерден ооруп калган, а бирок дарыланган оорулар кирет. Бул учурда Аллах Таала айткандай:
۞ فَمَن كَانَ مِنكُم مَّرِيضًا أَوْ عَلَىٰ سَفَرٍ فَعِدَّةٌ مِّنْ أَيَّامٍ أُخَرَ ۞
«
Силерден кимиңер оорулуу же сапарда болсо, башка күндөрдүн эсебинен (кармап берет)».
💭(Аль-Бакара сүрөсү, 184).
(Бул учурда) ал адам айыгуусун күтүп, андан кийин орозосун кармап бериши керек. Эгер Аллахтын каалоосу менен ал адам ооруп, айыга электе каза болуп калса, анда ага эч нерсе милдет жүктөлбөйт жана ордун толтурбайт. Анткени Аллах Таала ал адамды башка күнү орозо кармоону милдет кылгандыктан, а бирок оорулуу ал күнгө чейин көз жумуп калды. Ал Рамазанга чейин эле Шаабан айында каза болгон адамга окшош, ал адам үчүн орозосунун ордун эч ким кармабайт.
💭Экинчи түрүнө өнөкөт, айыкпас оорулар кирет, мисалы, рак, Аллахтан андан сактоосун сурайбыз, өнөкөт бөйрөк оорусу, кант диабети жана айыгууга үмүттөнбөгөн башка оорулар. Мындай оорулуулар Рамазан айында орозо кармабайт, бирок ар бир орозо күнү үчүн бир жакыр адамга тамак беришет.