Шейх Муаз Хава.


Гео и язык канала: Киргизия, Киргизский
Категория: Религия


Тасаввуф хикматтары.

Связанные каналы

Гео и язык канала
Киргизия, Киргизский
Категория
Религия
Статистика
Фильтр публикаций


РАМАЗАНДА КӨП ДУА КЫЛЫҢЫЗ!

Кээ бир бата-дубалардын кыргызча айтылуусу:
         Баардык мактоолор ааламдардын Эгесине Алла Таалага  болсун! Канчалык шүгүр-мактоолор келтирсек да аздык кылат!  Өтө мээримдүү, боорукер зат! 
Сүйүктүү жолдоочубузга анын  үй- бүлөсүнө жана жолдошторуна алкыш-саламдар болсун!
      Алла Таала бул дүйнөнүн жана акыреттин жакшылыгын берсин!                   
Кылган сыйыныч-ибадаттарыбызды кабыл кылсын!  
     Алла Таала баардыгыбызга ыйман, туура жол, такыбалык,  насип кылсын!  Пайгамбарлар, шейиттер жана такыбалар менен бирге тирилткен болсун!                                                                                                                                Жакшыларга жанаштырып, жамандардан адаштырсын!
       Күн чыгыштан, күн батышка чейин бүткүл үммөттүн ыйманга келүүсүнө  баардыгыбызды себебчи кылсын! 
         Ооруп жаткандарга  жеңил, тез, толук сакайык берсин!
Ооруп өткөргөн күндөрүн билип-билбей кылган жазыктарына өтөм (каппарат) кылсын!
      Бизден алдын кеткен маркум, маркумаларга ырайым кылсын!
Тирүүлөргө  ынсап, топук, жардам берсин!
Оо, Аллахым! Пайдасыз илимден, айыкпаган жүрөктөн, тойбогон напсиден  жана кабыл болбогон дубадан сактай көр! 
           Оо, Алла Таалам сен асман менен жердин нурусуң. Биз күбөлүк беребиз сенден башка кудай жок!  
       Сен жалгызсың, сенин сөзүң акыйкат, сенин убадаң акыйкат, сени көрүүбүз акыйкат,  кыямат күн акыйкат,  жаннат менен тозок акыйкат,  пайгамбарларың жана акыркы пайгамбарың акыйкат.
       Оо Алла Таалам бизди туура жолго баштай көр, туура жолдон адаштыра көрбө!
Акыйкатта сен пенделериңе өтө ырайымдуусуң!              
         Оо, Алла Таалам кайсы максатта пенделериңди жаратсаң ошол максатта жашашка насип кыл!                                                                                                               
            Кайсы иштен ыраазы болсоң, ошол ишти аткарганга мүмкүнчүлүк бере көр!                                                                                                               
            Тозоктун отунан, кабыр азабынан, дажжалдын азгырыктарынан бизди сактай көр!                                                                    
        Өзүң бизди мусулман кылып жараттың, мусулман абалда  жашап өтүшкө насип кыл!  Акыркы сөзүбүздү "Лаа илаха иллаллох, мухаммадур росулуллах" кыл!
Оо Ааламдардын Эгеси!

Дуабыз кабыл болуу ниетинде "Фатиха" сүрөөсүн жана Сүйкүмдүү жолдоочубузга алкыш-саламдарды айтасыз.
https://t.me/Muazhawwa




Пайгамбарыбыздын صلى الله عليه وسلم жүрөгүнө сүйүнүч тартуулагысы келген адам, үммөтүнө жакшылык кылсын.

Пайгамбарыбыз صلى الله عليه وسلم дын үммөтү сүйүнсө, сүйүнөт. Капа болсо, капа болот.

Ар бир мусулман колдон келишинче бири бирине жардамдашсын. Кайдыгерлик жаман сыпат. Муктаж адамга кол сунган пайгамбарыбыздын صلى الله عليه وسلم  сүннөтү.
Ислам дининен бөлөк эч ким мындайды үйрөткөн эмес.
Ислам диниңер менен сыймыктангыла, кичипейил болгула.
https://t.me/Muazhawwa

Катталып, бөлүшүп коюңуздар


Бу жарыктагы Жараткан жаадырган жакшылыктардын бири.
Аллахтын жакындарын(олуяларын) көрүп,
сөздөрүн угуп,
жазган битиктерин окуп
жана аларга (Пайгамбар мураскорлоруна) ээрчүү жакшылыгы.

Ким мындан куржалак калса, анда анын көкүрөгү өлүк.
https://t.me/Muazhawwa


Жетпей турган максат болбойт.
Жете албаган адам болот.

Күлүк болгуң келсе, өзүңдү өзүң камчыла.
Солих адам болуу, өзүңүздөн...

Эң курч бычак болуу үчүн, миңдеген сокку жеш керек!

Улуу даражага жетүү үчүн, улуу сыноолорду басып өтүү керек.
https://t.me/Muazhawwa

Катталып, бөлүшүп коюңуздар


Жазып жаткан макалаларыбызды билип коюу жетишсиз.
Ийгиликке жетем десек, амал кылышыбыз керек.

Эреже:
Шейхим قدس الله سره айтты:
"Амалдардын эң жакшысы, аз болсо да, уланып турганы. Көп болуп, орто жолдо таштап койгондон көрө"...

Зикир, салаваттарыңарды таштабагыла...
Бири бирибизге эскертип туралы.
https://t.me/Muazhawwa

Катталып, бөлүшүп коюңуздар


Пайгамбарыбыз صلى الله عليه وسلم га салават айтуунун маанилеринин бири:

Оо, Жараткан биз эч качан пайгамбарыбыздын акысын бере албайбыз, бирок сен бере аласын.

Азирети Мухаммад  صلى الله عليه وسلم га салам салаваттарың  болсун.
https://t.me/Muazhawwa

Катталып, бөлүшүп коюңуздар


Имам Ибн Жаузиден адамдар сурашты:

"Зикир кылам деп чечим чыгарган адам,  Алла Тааланы улуктап зикирлерди айтканы жакшыбы же тообо- истигфарларды биринчи айтканы туурабы?

Суроого суроо менен имам  жооп кайтарды:

Денеси жана кийим кечеси нажас киир болуп турса, ага атыр сүйкөй берген жакшыбы же кийим менен денени таза жууп, анан ага атыр сүйкөгөн жакшыбы?".

Албетте, ар бир зикир баштарда 100 ирет истигфар келтирип, кийин салават жана бөлөк зикирлерге өткөн жакшыраак.

Бул окуяда нажас дене, нажас кийим -  күнөөгө далалат. Атыр болсо- зикир салаваттар каймана мааниде айтылынды.
https://t.me/Muazhawwa

Катталып, бөлүшүп коюңуздар


Шейхибиз Шейх Муаз Хава (Аллах өмүрлүү кылсын) айтты:
"Изги, такыба кишилердин дубалары дайыма эле Куран менен Сүннөттөн боло бербейт, бирок ал дубаларда Куран менен Сүннөттүн маңызы бар.
Анткени алар Жаратканга толук мойун сунуп, кулчулукка берилгендер,
Анткени алар Жаратканды чындап тааныгандар".
https://t.me/Muazhawwa

Катталып, бөлүшүп коюңуздар


Шейхим قدس الله سره айтты:

"Зикирди талап кыл!". (Б.а. көп зикир айт. Ар бир абалда зикир кылганга аракет кыл. Кээде оор сезилсе дагы).

"Бара бара зикир сени талап кылып калат". (Б.а. зикирге көнүп калгандан кийин, аны таштай албай каласың. Дүйнө азгырыгы алаксытайын десе да, зикир Жаратканды эскерүүгө эскертип турат).

Албетте, бул нерсе сабыр жана Алла Таалага чынчыл мамиле жасоо менен келет. Ниетибиз бир гана Алла Таала үчүн  болсун.
https://t.me/Muazhawwa

Катталып, бөлүшүп коюңуздар


Балага ат  коюу кандай болот? Акыйка шарият боюнча кандай өткөрүлөт?

Жооп: Бала жаңы төрөлгөндө атасы же аалым, такыба адам наристенин оң кулагына уккудай кылып  азан айтып, сол кулагына коомат айтат. Дуа- тилек айткан жакшы.
             Дуада: Роббиң Аллах, пайгамбарың Мухаммад (саллаллаху алейхи васаллам), диниң Ислам, китебиң Куран, кыбылаң Кааба, атың (Баланча), өмүрүң узуун, ырыскың кенен болсун деп тилек  дуа кылынат.
         Сүннөттөрдүн бири аалымга  же фазилеттүү адамга курма чайнаттырып наристеге даамдатуу. Муну табаррук деп коет.
      Акыйка сүннөт менен мустахабтын ортосундагы амал.  Уул- кыздуу болсо курбандык чалып, Жаратканга шүкүр келтирет.  Союулган малдын этинен үй-бүлөсү, жакын туугандары, жоро-жолдоштору, кошуна колоңдору менен жентек той кылып элден бата алуусу мустахаб. Тойго бир гана байларды чакыруу макрүх.  Эттин кээ бир бөлүктөрүн  кедей кембагалдарга садака кылып берген жакшы.
https://t.me/Muazhawwa

Катталып, бөлүшүп коюңуздар


"Мурид" - өзүнүн каалоосун Жараткандын каалоосуна таштаган адам.
https://t.me/Muazhawwa

Катталып, бөлүшүп коюңуздар


1. Олуялар менен биздин айырмабыз:

Олуялар маьсум эмес б.а. күнөөдөн сакталынган эмес. Ошондой болсо да, күнөөдөн оолак болуу мүмкүн дегенди бизге дадилдеп беришти. Эгер күнөө кылып алышса, дароо чын дилден тообо- истигфарларды айтышат.

Ал эми биз, күнөөдөн алыс болууга аракетибиз кайдыгерликте. Чоң- кичине күнөө кылып алсак тообо деле кылбайбыз же бир эки тообо астагфирулло деп ырымдап гана коебуз.

Демек, айырма ачык айкын!
https://t.me/Muazhawwa

Катталып, бөлүшүп коюңуздар


Жарамазан:

Жарамазан сөзү арап тилинен "جاء رمضان - жа'а рамадан" сүйлөмүнөн келип чыккан.
Бизче сөзмө-сөз: "Рамазан (айы) келди!" - деген маңызда которулат.
Желе(интернет), соц. тармактар, сыналгы, үналгы жок кезде, Рамазан айы кирип келгенде жарыя катарында "жарамазан" айтылчу.
Орозо айы кирип келгендигине сүйүнгөн мусулмандар бири бирине сүйүнчүлөп үй кыдырышчу. Сүйүнчүлөгөндүгү үчүн кур кайтарбай, таттуу берип, чай ичишип бири-бирин куттукташчу.

Бара-бара "жарамазан" - деген сөздүн түпкү мааниси унутулуп Рамазандын ортосунда деле, жадагалса аягында деле "жарамазан" айтылып калган.
https://t.me/Muazhawwa

Катталып, бөлүшүп коюңуздар


Ассаламу алайкум
Мына мынтип Шаьбан айы да соңуна чыгып отурат. Босогобузга Рамазан айы да кирип келе жатат. Кечирим, куран окуу берекелуу Рамазан айы..
Мечитке каттоо, таравих намазын жамаат менен окуу ошондой эле куран зикирлерге өзгөчө көңүл буруу бул айдын өзгөчөлүктөрүнөн.
Бул айды болушунча жигердүү өткөрүү зарыл.
Себеби, бул ай жан дүйнөнү тазалап, аруулуктун бийик баскычтарына жетүү мектеби болуп саналат.
Демек урматтуу бир туугандар даярдык бизден силерден...
https://t.me/Muazhawwa




Өлжүрөктүк менен жалкоолук үйлөнгөндө ортодо кедейлик туулду.

Тың жүрүү текеберлик болбойт. Башын шылкыйтып, жүдөп алуу такыбалык эмес.
Такыбалык жүрөктө! Баардык амал ниетке жараша.
https://t.me/Muazhawwa

Катталып, бөлүшүп коюңуздар


Пайгамбарыбызды  صلى الله عليه وسلم түштө  көрүү:

Хадисте Пайгамбарыбыз  صلى الله عليه وسلم айтат: «Ким мени түшүндө көрсө, ал мени көрүптүр, анткени шайтан менин келбетимде кире албайт".
Пайгамбарыбызды көрүү үчүн  аалымдар тажрибанын негизинде бир нече  талаптарды айтышат:

1. Көп салават айтуу. Кээ бир аалымдардын пикиринде, эң аз дегенде бир күндө 300-1000  чейин салават айтуу. Максат тезден бүтүрүп коюш эмес, салаватты чын жүрөктөн, урматтап,  сүйүп айтуу.
2. Пайгамбарыбыздын сүннөттөрүн тирилтип тим болбостон,  аны урматтап аткаруу. Алланын элчиси  оң кол менен тамактангандан баштап, кулк мүнөз жүрүш турушуна  чейин (иттибаъ) эрчүү.
3. Аллах Тааладан Пайгамбарыбызды  түштө көрүүгө  сурануу, жалбаруу. «Пайгамбарым түшкө кир»  деп тим болбостон Алланын Элчисин көрүүгө  жан дил менен ынтызаар, куса болуу.
4. Пайгамбарыбыздын өмүр баянын көп окуу.
       Ким ушул нерселерди бекем карманса Аллах Таала пайгамбарын көрүүгө насип этет!   Ин ша Аллах!
https://t.me/Muazhawwa

Катталып, бөлүшүп коюңуздар


🙏  ушул белгини кээ бири ширк, арам деп айтканы тарады.

Бир нерсени адал, арам деп айтуу аалымдардын гана иши.
Бир эки жыл окуп, илимдин даамын сезбей туруп шарият өкүмдөрүнө киришүү арам.

🙏 Бул белгини жибергенде эмне максат???
🙏 Сага сыйынам, сен менин кудайымсын деген белгиби???
Албетте андай эмес.
🙏бул белги сураныч, өтүнүч деген мааниде гана.

https://t.me/Muazhawwa

Катталып, бөлүшүп коюңуздар


Жөнөкөйлүк адамдын жылдызы...
Текебер инсанды эч ким жакшы көрбөйт...
https://t.me/Muazhawwa

Катталып, бөлүшүп коюңуздар

Показано 20 последних публикаций.