TGStat
TGStat
Введите текст для поиска
Расширенный поиск каналов
  • Язык сайта
    flag Russian flag English flag Uzbek
  • Вход на сайт
  • Каталог
    Каталог каналов и чатов Поиск каналов
    Добавить канал/чат
  • Рейтинги
    Рейтинг каналов Рейтинг чатов Рейтинг публикаций
    Рейтинги брендов и персон
  • Аналитика
  • Поиск по публикациям
  • Мониторинг Telegram
ᝯᜥ𐌋ᝪ᠘ ẞᝪ𐍃ᝨᝪᜬ

1 Dec, 18:19

Открыть в Telegram Поделиться Пожаловаться

💬 💬 💬 💬

Окууга жана билим алууга болгон кызыгууну арттырса болобу?

Көпчүлүгүбүз, жаңы нерселерди үйрөнүүгө болгон кызыгууну жоготуп алгандай сезилет. Муну өзүмдөн билем, башка адамдар дагы дал ушундай сезет деп ойлойм.

Азыр бизде, маалыматка толгон дүйнөдө жашап, күн сайын билимге умтулган адамдардын кичинекей гана бөлүгүн көрүү мүмкүнчүлүгү бар.
А бизчи?

Эгерде биз ошолордун катарына кирбесек, бул макала аркылуу, окууга болгон кызыгууну арттыра турган жөнөкөй, түшүнүктүү кадамдарды үйрөнө алабыз.


🧠 Окуунун мааниси эмнеде?

Ал — кызыгуу жана муктаждыкта!
Кызыгуу — бул "дофамин", ал эми муктаждык — бизди аракетке түрткөн шарт.
Мотивация — бул дагы, дофамин.

Окууну, жөн эле дофамин менен чектеп койгон туура эмес.


Билим алуу жана үйрөнүүгө болгон каалоо — бул, биздин мээбиздеги нейрохимиялык процесстердин татаал айкашы. Биз, ошол процесстерди көзөмөлгө ала алабыз.
Дофамин системасын жакшыртуу үчүн негизги кадамдар:

🪩Таң эрте ойгонгондо, контрасттуу же муздак душ алуу.

🪩Күнүмдүк физикалык активдүүлүк.

🪩Рациондон рафинаддалган шекерди, таттууну азайтуу же токтотуу.

🪩Музыка угуу убактысын кыскартуу (классика же эмбиент жанрларынан башка).

🪩Порнографиядан жана мастурбациядан баш тартуу.


Бул эрежелерди аткарсак, мээбиздин иштеши көп эсе жакшырат.

5-6 күндөн кийин эле жаңы нерселерге кызыгуу пайда болот.

" Мындай өзгөрүү, окуу менен гана чектелбестен, жашообуздун бардык аспектилерине таасир этет."

Мисалы:

🌟Жаңы жолдор менен сейилдөө, шаардын картасын изилдөө.

🌟Тамак жасоодо жаңы рецепт ойлоп табуу.

🌟Үйүбүздө жайгашууну өзгөртүү (перестановка) же гардеробду жаңыртуу.


Бул, кызыктуу жашоону изилдөө каалоосу менен мээ дагы билимге умтула баштайт. Жадакалса, мугалим кызыксыз сабак өткөндө деле билим алуу процесси кызыктуу көрүнөт. Ошондо, билим алуу кызыгуусу ойгонуп, калганын мээ өзү бүтүрөт (жаңы маалыматты бекемдейт).

Бул үчүн - "ацетилхолин" деген зат жооп берет.

Ал, мээде холинден (В4 витамининен) синтезделет.
Эгер рациондо бул витамин жетиштүү болсо, маалыматты үйрөнүү жана эс тутумга сактоо кыйла жеңилдейт.


Холин көп болгон азыктар:

1️⃣Жумуртканын сарысы (100 гда суткалык норманын 480%).

2️⃣Уйдун бөйрөгү (100 гда 102%).

3️⃣Уйдун боору (100 гда 67%).

4️⃣Кызыл жана кара икра (100 гда 67%).

5️⃣Тооктун боору (100 гда 58%).

Бул азыктар күнүмдүк рациондо болушу керек.

Эгер жетишсиз болсо, кошумча капсулаларды колдонсоңуз болот. NOW брендин "Холин жана инозитол" кошулмасын сунуштаймын. Анын курамында В4 жана В8 витаминдери бар.

Бир капсуланы түшкү жана кечки тамактануу учурунда ичүү жетиштүү. Курстун узактыгы — 25-30 күн, андан кийин 10-15 күн тыныгуу кылып, андан соң кайра кайталасаңыз болот.


Эгерде "Өзүңүздүн эң мыкты версияңыз" болууга жардам берүүчү ыкмалар жана кошулмалар жөнүндө толугураак маалымат алгыңыз келсе, жеке консультация алып, жабык каналга катталыңыз.


p.s.: Сапаттуу БАД, кошулмаларды биздин партнерлордон жакшы баада алсаңыз болот: +996 555 380 101


p.p.s.: Маалыматты жакындарыңыз менен бөлүшүүнү унутпаңыз.

1.2k 0 1
Каталог
Каталог каналов и чатов Подборки каналов Поиск каналов Добавить канал/чат
Рейтинги
Рейтинг каналов Telegram Рейтинг чатов Telegram Рейтинг публикаций Рейтинги брендов и персон
API
API статистики API поиска публикаций API Callback
Наши каналы
@TGStat @TGStat_Chat @telepulse @TGStatAPI
Почитать
Наш блог Исследование Telegram 2019 Исследование Telegram 2021 Исследование Telegram 2023
Контакты
Поддержка Почта Вакансии
Всякая всячина
Пользовательское соглашение Политика конфиденциальности Публичная оферта
Наши боты
@TGStat_Bot @SearcheeBot @TGAlertsBot @tg_analytics_bot @TGStatChatBot