Максат — жөн эле каалоо эмес, бул сенин жашоодогу купуя ийгилигиңдин коду!
Салам, достор! Карап көрөлү: кээ бир адамдар жеңишке жаралгандай сезилет, кээ бирөөлөр жылдап бир эле жерде айланып жүрө бергендей.
Себеп эмнеде?
Бул тукумда (ген) эмес, бакта (удача) эмес, бул -
туура коюлган максаттарда. Ооба, дал ошол "жайга чейин арыктайм" же "кыялымдагы жумушту табам" деген ишенимдүү ойлордо.
Бирок эмнеге кээ бирөөлөр үчүн алар GPS сыяктуу иштейт, а башкалар үчүн жөн гана дептердеги жазуу бойдон кала берет?
Келгиле, чечмелеп көрөлү.
Максат менен кыялдын айырмасы эмнеде жана эмне үчүн аны айырмалап билүү маанилүү?
Кыялдануу — бул жакшы. Бирок максатсыз кыял — багыты жок кеме сыяктуу: кооз сүзөт, бирок кайда бараарын билбейт?
Максат — бул, кайда баратканыңды так көрсөткөн дарек (пункт назначения).
Мисалы: "Күчтүү, энергичный, чыныгы эркек болгум келет"-деген, бул - кыял.
"Бүгүндөн баштап эрте жатып, эрте турамын, күнүнө эрте менен 30 минута катуу машыгамын, бад-витаминдерди ичемин, керектүү курстарды алып, дисциплинаны бекем карманып, күчтүү болууга талыкпай мээнет кыламын!"-деген, бул -максат!
Айырманы байкадыңбы?
А билесиңби, сен так максат койгондо мээңде эмне болот?
Ийгиликке жол салып жаткандай сенин нейрондоруң жаңы байланыштарды түзө баштайт.
Бул сыйкыр эмес — бул нейрондордун ийкемдүүлүгү (нейропластичность).
Максат так болсо, мээ да жолду так көрөт.
Мээ максатка тиешелүү маалыматты гана көрүп, керексиз маалыматтарды фильтрден өткөрбөгөнү аракет кылат.
Максат денени гана эмес, психиканы да машыктырабы?
Бул өтө олуттуу маселе.
Изилдөөлөр көрсөткөндөй, так максат койгон адамдар:
🧠42%га азыраак тынчсызданат (кайсынысын биринчи кылышты билбей калгандарга тааныш сезимби?)
🧠65%га тезирээк стресстен калыбына келет
🧠Өзүн баалоосу туруктуураак болот (себеби, өнүгүүнү көрөт!)
Кантип иштейт?
Тасаввур эт: сен аптасына үч жолу чуркайм деп чечтиң. Башында оор болот, бирок бир айдан кийин денең гана чыңдалып тим болбостон, тыгындарга (пробки), офис маселелерине да жеңил карай баштаганыңды байкайсың.
Ден-соолук менен психика "байланышкан идиштер" сыяктуу: бирин машыктырсаң, экинчиси да өзгөрөт.
А рух жөнүндө эмне айтууга болот?
Мында, андан да кызык.
Эгер, максат сенин ички баалуулуктарыңа төп келсе (ата-энең же инстаграм таңуулаган эмес), анда ал күйүүчү май сыяктуу иштейт.
Мисалы, сен саякаттоону сүрөткө түшүү үчүн эмес, эркиндик сезимин табуу үчүн кыялдансаң — бул руханий муктаждык.
Мындай максаттарч колуңан эч нерсе келбей жатканда да энергия берет.
Стив Джобсту уктуң беле?
Ал "сонун гаджеттерди жасоону"- гана каалаган эмес.
Анын максаты: — "технологиялар адамдын уландысы болушу керек"-деген.
Бул — миссия деңгээли.
Ушундай максаттардан чоң ачылыштар жаралат.
Эмнеге адамдардын 90% максатын бир айдан кийин таштап коёт?
Себеби көп учурда, бул үч катадан улам болот:
1️⃣ Өтө чоң ойлор.
"Миллион тапкым келет" деп жакшы угулат, бирок мээ кайсы жактан баштоону түшүнбөйт. Андан көрө, майда кадамдарга бөл: курс өт, ментор тап, кардар базасын кеңейт.
2️⃣ Жеткиликтүү ийкемдүүлүк жок.
Жашоо өзгөрөт өзгөрүп турат — максаттар да өзгөрүшү керек.
Бүгүн сага кроссфит эмес, йога жакыныраак экенин түшүнсөң — өзүңдү жемелебе. Планды оңдоп кой!
3️⃣ Жалгыз натыйжа үчүн гана.
Процесстен ырахат алуу — бул жөн эле сөз эмес. Эгер арыкташ үчүн чуркоо азап болсо, балким бийлеген же сүзгөн жагат?
Максаттарды туура коюунун лайфхактары:1️⃣ "Эмне үчүн?" эрежеси.
Максат коюудан мурун: "Бул мага эмне үчүн керек?" деп өзүңдөн сура. Эгер жооп мурунду тик тургузса — туура жолдосуң.
2️⃣ Мини-нускасы.
Китеп жазгың келеби?
Күнүнө 200 сөз жаз.
Бул тиш жуугандай: байкалбайт, бирок таасирдүү.
3️⃣ Дос-ишенимдештер.
Сага окшош максаттары бар адамды тап.
Хотя бы Telegram'дагы бир топ (группа) болсун — колдоо кереметтерди жаратат.
"Эгер максатым жок болсо эмне кылам?"-дейсиңби?
Тынчтан!... Айрым учурда жөн эле кыймыл башташ керек.
Багыт - жолдон билинет...