‼️ Камчыбек Ташиев: Ата - Журт партиясы шайлоолорго катышпайт.
✔️ УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев “Ата-Журт” партиясы эми жергиликтүү жана парламенттик шайлоолорго катышпастыгын билдирди.
- деп билдирди ал фейсбук бараксчасына.
✔️ УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев “Ата-Журт” партиясы эми жергиликтүү жана парламенттик шайлоолорго катышпастыгын билдирди.
✔️ “Урматтуу мекендештер!
“Ата-Журт” партиясын түптөгөндөрдүн сап башында турган адам катары айтам:
“Ата-Журт” партиясы 17-ноябрдагы жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого катышпайт.
Эмне үчүн мындай чечимге келдим?
“Ата-Журт” партиясы аталганда эле менин ысымым менен байланыштырышат.
Ошондуктан мен мамлекеттик кызматта олтуруп алып партияны бул шайлоого катыштырсам туура эмес болуп калат.
Керек болсо 2026-жылкы парламенттик шайлоого дагы катыштырбаймын.
Албетте сиздер тараптан:
“Анда эмне үчүн 2021-жылы парламенттик шайлоого катыштырдыңыз?”,- деген суроо болот.
Чынымды айтсам ал убакта чырм эткенге убакыт жок иш менен алек болуп жүрүп, шайлоого деле көңүл бурган эмес экенмин.
Эми мындан ары “Ата-Журт” партиясы шайлоолорго катышпайт”,
- деп билдирди ал фейсбук бараксчасына.